«Солтон-Сары» кенинин калдыктар сакталуучу жайын “Ноунейм-компания” кайра иштетет. Factcheck анын чоо-жайын аныктады

Июндун аягында президенттин басма сөз кызматы “Кыргызалтын” ААКка таандык (мамлекеттин үлүшү 100%) «Солтон-Сары» кенинин калдыктар сакталуучу жайын алтын өндүрүү максатында Avelum Partner компаниясы кайра иштетерин билдирген. Компания болсо анчалык белгилүү эмес, ал тууралуу маалыматты камтыган же расмий сайты жок, же коомдук тармактарда баракчасы жок, ал эми ачылып иштеп жатканына 2 жыл гана болуптур.

Factcheck.kg бул компания тууралуу маалыматтарды тапканга аракет кылды.

Салыктык метаморфозалар

Osoo.kg маалыматтар базасынан Avelum Partner компаниясы 2020-жылдын июнь айында катталганын билдик. Мурда ал “дүң жана жалпы соода” менен алектенчи, азыр болсо “башка пайдалуу кендерди казып алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө” өтүптүр. Учурда Матросов көч. 51/7 дареги боюнча административдик имаратта жайгашат.

2021-жылы компания бюджетке 28 миң сом өлчөмүндөгү салыкты төлөгөн, ал эми ишмердүүлүгүнүн түрүн өзгөрткөндөн кийин төлөгөн салыгынын өлчөмү кескин көбөйгөн – жыл аяктай электе эле 20,6 млн сомду түздү.

Avelum Partner компаниясынын ээлери жана “ири” инвесторлору

Компаниянын негиздөөчүлөрү катары эки юридикалык жак жана эки жеке жак көрсөтүлгөн:

  • Хира Инфра-Тек Лимитед
  • МЕД ЭДУ КЕЙР МАРКЕТИНГ МЕНЕДЖМЕНТ
  • Акбергенов Искандер Абылкеримович
  • Акматова Аида Абасовна

HIRA INFRA-ТЕК LIMITED компаниясы Индияда жайгашкан, ал кыймылсыз мүлк, жеке же ижарага алынган мүлк менен алектенет. Кыргызстанда ал Avelum Partner компаниясында гана негиздөөчү болуп эсептелет, башка активдери жок.

Avelum Partner быйыл чет элдик инвестор болду. Бул тууралуу “Кыргызалтындын” басма сөз кызматы билдирген.

Анын маалыматы боюнча, компания Hira Group компаниялар тобунуну курамына кирет, акыркы болсо Борбордук Индиядагы эң ири өндүрүш конгломераттарынын бири болуп эсептелет.

“Hira Group компаниясында 6 миңден ашык адам иштейт. Индиянын бүт аймагында филиалдары бар, ишмердүүлүгүн дүйнөгө да жайылтууда. Hira Group компаниялар топтому болот, ферроэритмелер, энергетика, тоо-кен өндүрүшү, цемент, технологиялар жана кыймылсыз мүлк тармактарында иш алып барышат”, – деп билдирет “Кыргызалтындын” басма сөз кызматы.

Бирок Hira Groupтун сайтында анын курамына кирген компаниялардын арасынан HIRA INFRA-ТЕК LIMITED компаниясын таба албадык.

Негиздөөчүлөрдүн тизмегиндеги экинчи юридикалык жак – Med Edu Care Marketing Management. Бул Дубайда жайгашкан маркетинг компаниясы. Кыргызстанда ал Эл аралык жогорку медициналык мектептин медициналык клиникасынын дагы негиздөөчүсү болуп эсептелет.

Акбергенов Искандер АбылкеримовичОрусиянын жараны, Москвада ишкерлик кылат.

Акматова Аида Абасовна“Руден” ЖЧК, “Алтай Брус” ЖЧК, “Алтай Дом” ЖЧК сыяктуу бир катар кыргызстандык компаниялардын негиздөөчүсү.

Avelum Partner компаниясынын директору – Матеев Канатбек Курбангалиевич. Ал бир кезде Ысык-Көлдөн чыккан ишкер Матеев Курбангали Талиповичтин уулу.

«Кыргызалтын» ААК жана Avelum Partner көптөн бери кызматташып келишет

2021-жылдын декабрында «Солтон-Сары» кени» филиалынын иш алып баруусун узартуу максатында «Кыргызалтын» ААК менен Avelum Partner ЖЧК “Алтын-Тор” участкасын чогуу иштетүү тууралуу келишимге кол коюшкан.

Белгилей кетүүчү жагдай, келишимде «Кыргызалтын» ААКкынын үлүшү болгону 35%, ал эми Avelum Partner ЖЧКныкы — 65% деп көрсөтүлгөн.

Австралиялык компания башкаруу боюнча кеңеш берип турат

ЖМКлардын билдирүүлөрүнөн Australian Indian Resources Limited (AIR) австралиялык компаниясы кыргызстандык Avelum Partners компаниясы менен башкаруу маселелери боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимге кол койгону маалым болду. Бул келишим бир жылга түзүлүп, эки тараптын макулдугу менен дагы бир жылга узартылып турушу мүмкүн. Avelum компаниясы Кыргызстанда алтын кенин иштетери айтылат.

AIR кенди кеңейтүү/алтынды өндүрүүнү көбөйтүү, байытуучу заводдун кубаттуулугун жогорулатуу маселелери боюнча консультацияларды берип турмакчы. Бул долбоордун үстүндө геологдор менен инженер-технологдордун командасы иштейт.

Avelum Partner компаниясы тууралуу кошумча маалыматтарды алуу үчүн анын директору Канатбек Матеев менен байланышууга аракет кылдык, бирок ал телефонду албай койду, ал эми биздин билдирүүлөргө эч жооп бербеди.

Factcheck.kg сайтынын редакциясы Avelum Partner компаниясынын пикирлерин угууга дайым даяр экенин билдирет.

Эмне үчүн бул маанилүү?

Белгисиз компания мамлекеттик деңгээлдеги долбоорду алганы Кыргызстанда мурда да бир нече жолу байкалган. Мисалы, 2022-жылы Кыргызстандын министрлер кабинети ТЭЦти аутсорсингге берүүнү пландаштырып, Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзгөн болчу. Келишимге ылайык, компания КО (коксовый отощенный) маркасындагы көмүр менен камсыздап, Бишкек ТЭЦиндеги казан агрегаттарын тейлөөгө алмак.

Өз кезегинде Factcheck.kg сайтынын редакциясы Hampton Resources Limited компаниясынын сайтындагы маалыматтар чындыкка жатпай тургандыгын, ал, чындыгында, ар түрдүү товарларды сатуу менен алектенерин жана каржылык ортомчулук кылаарын аныктаган.

Кийин министрлер кабинети Hampton Resources Limited компаниясы менен кызматташуудан баш тарткан.

2017-жылы Кыргызстандын өкмөтү Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан гидроэлектростанцияларды куруу жана ишке киргизүү боюнча келишимге кол койгон.

Журналисттер келишимге кол койгон компания бир нече жыл мурун банкрот болгонун, имараты кароосуз калганын жана анын эч кандай жабдыктары жок экенин аныктап чыгышкан.

Тыянак: Avelum Partner болгону эки жыл мурун катталган жана бул аралыкта ишмердүүлүгүн дүңү менен соода кылуудан кендерди казууга өзгөрткөнү жетишкен. Компаниянын сайты жок, коомдук тармактарда баракчасы да жок, ачык базадагы аз сандагы маалыматтардан сырткары компания тууралуу кайсы бир маалыматтарды табуу мүмкүн эмес. Ошону менен бирге жыл аяктай электе эле анын салык төлөмдөрү 20 млн сомдон ашкан. Анын инвестору болуп эсептелген индиялык компания ижара жана кыймылсыз мүлктү алып-сатуу менен алектенет. Ал эми быйылкы келишимге ылайык, Avelum Partner компаниясындагы башкаруу маселелерин австралиялык компания колго алган.