Миллион долларга бут кийимдер жана пластик буюмдар. Орусия кантип санкцияны Кыргызстан аркылуу айланып өтүп жатат

Евразиялык экономикалык биримдик боюнча өнөк мамлекеттер быйыл Орусияга ар түрдүү товарлардын экспортун он, ал эмес жүз эселеп өстүрө алышты. Эл аралык талдоочулар Казакстан жана Армения муздаткычтарды, кир жуучу машианаларды жана сүтсоргучтарды Евробиримдиктен Орусия Федерациясына реэкспорт кылгандарына байланыштуу соода аномалияларын аныкташкан. Мисалы Казакстандан Орусияга муздаткычтардын экспорту 10 эсе өскөн.  

Эксперттер Орусия ушундай жол менен батыш өлкөлөрүнүн санкцияларын айланып гана өтпөстөн, электрониканын айрым бөлүктөрүн аскердик максатта колдонушу мүмкүн деп чочулашууда.

Factchek.kg Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы экспорттук-импорттук көрсөткүчтөрдү талдап чыгып, 2022-жылдын башынан бери биздин республика ЕАЭБдин башка мүчөлөрүндөй эле Орусияга көптөгөн товарлардын экспортун өстүрө алганын байкады. Биз буга чейин быйылкы сегиз айдын ичинде федерацияга кулакчындар 5 млн долларга, косметикалык каражаттар 260 тонна жана курал үчүн мээлөө дүрбүлөр 10 млн сомго сатылганы тууралуу жазган элек. 

Factchek.kg’нин журналисттери спорттук бут кийимдеринин, балдар товарларынын жана пластик буюмдардын экспортунда да аномалияларды табышты.  

Спорттук бут кийимдер

Factchek.kg аныктагандай, 2022-жылдын башынан бери КРден Орусияга бут кийимдердин экспортунда өтө чоң өсүш байкалган – 490%га. 

Январь-август аралыгында республика Орусияга бүт кийимдердин үч түрүнүн бир жарым милион түгөйүн 13.4 млн долларга саткан (+957%). Былтыр ушул эле убакта бул товардык позициядагылардын экспортунун суммасы болгону 1.4 млн долларга 316.6 миң түйгөйдү түзгөн. Алар:

  • Таманы бар, үстү пластмассадан, батегинин узундугу 24 см же андан көбүрөөк болгон аялдардын бут кийимдери (ТЭИ ТН 6402999800)
  • Таманы бар, үстү пластмассадан, батегинин узундугу 24 см же андан көбүрөөк болгон эркектердин бут кийимдери (ТН ВЭД 6402999600)
  • Таманы резинадан, пластмассадан, накта же композициялык булгаарыдан, үстү накта булгаарыдан башка спорттук бут кийимдери (ТН ВЭД 6403190000)

Кыргызстан өзү бул товарларды негизинен Кытайдан жана Түркиядан импорттогон. 

Балдар буюмдары 

Экспорттук аномалия балдар оюнчуктары боюнча да, тагыраак айтканда бир товардык позиция боюнча байкалган, аны Орусия 5,3 млн долларга сатып алган. Тышкы экономикалык ишмердүүлүктөгү товардык номенклатураны (ТЭИ ТН) чечмелөө боюнча маалыматтар базасында бул товардык позицияга мындай аныктама берилет: 

“Бул субпозицияларга кыймылдуу бөлүктөрү жана алынуучу кийимдери жок, алардын калыбы тышкы таасирсиз өзгөрбөгөн, платформага же ушуга окшош негизге орнотулган, фильмдин, жомоктун же китептин каармандары, индейлер, астронавттар же аскерлер сыяктуу адам сымал жандыктардын фигуралары кирет".

Бир жыл мурун бул позициядагы товар Орусия Федерациясына такыр эскпорттолгон эмес. Ал эми быйыл анын 1 млн 250 даанасы 5.3 млн долларга сатылган.

Пластик буюмдар 

Пластиктен жасалган буюмдар боюнча дагы экспорттун кескин өсүшү байкалган. “Пластмассадан жасалган башка буюмдар жана товардык позициялардын башка материалдарынан жасалган буюмдар” товардык позициясы (ТЭИ ТН 3926909709) ар башка маалымдамалар боюнча, товарлардын кеңири тизмегин – балдардын упчу кармагычынан күйүүчү май кулюлуучу челектердин капкагына чейин – өзүнө камтыйт. Бул товардык орундун экспорту былтыркы 53 тоннадан быйылкы 2.5 миң тоннага чейин өскөн (+4680%). 

Пластик кутулар жана ящиктер мурда Кыргызстандан Орусияга эч качан жиберилген эмес, эми болсо алардын экспорту дээрлик 10.4 миң тоннаны түздү. Ушуга окшош көрүнүш башка товардык орундарда да байкалган. Пластиктен жасалган буюмдардын төрт түрү боюнча жалпы экспорттун көлөмү $1.7 млн түздү. Кененирээк:

Тыянак: Кыргызстан Орусияга айрым товарлардын экспортун кыйла өстүрө алды. Алардын катарына бут кийимдер, оюнчук мини-моделдер жана пластик буюмдар кирет.