Атасы армиядан качып жүргөнүн билдирген кызга Шойгу медаль тапшырдыбы? Текшеребиз

Мобилизациядан качып жүргөн атасынын жашынган жерин военкоматка билдирген Балашихалык жаш армиячыл кызга Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу сыйлык тапшырганы тууралуу “Панорама” МАнын кезектеги билдирүүсү коомдук тармактарда таркатыла баштады. Бул билдирүүдө Коргоо министри кызга медаль тагып жаткан сүрөт бар. 

Factcheck.kg редакциясы “Панорама” сайты сатирикалык мүнөздөгү сайт экендигин жана сайт бул тууралуу өзүнүн окурмандарын эскертип келээрин мурда да бир нече жолу билдирген элек. Бирок азыркыга чейин бул сайттын абсурддук билдирүүлөрүн чындык катары кабылдагандар дагы эле чыгууда.

Яндекс фото аркылуу издөө көрсөткөндөй, бул сүрөт 2018-жылы эле тартылган экен. Анда Орусия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгу “Патриот” аталышындагы Орусия куралдуу күчтөрүнүн маданият жана эс алуу бакзарында өтүп жаткан биринчи “Мен – Жашармия” («Я — Юнармия») Бүткүл орусиялык жаштардын патриоттук форумунда өзгөчө кырдаалдарда адамдардын өмүрүн сактаган жаш армиячылдарга белектерди тапшырган.

Алардын арасында Саша Трутнева да бар болчу. “Баатыр балдар” сайтынан бизге белгилүү болгондой, ал Давид Ананян менен кошо 2017-жылдын 21-августунда шаардын бир кварталын күлгө айланткан өрттү өчүрүүгө жардам берген. Балдар күйүп жаткан үйдөн 2 аялды куткарышып, аларды коопсуз жерге алып барышкан, өрт өчүрүүчү түтүктөрдү даярдаганга, жабыр тарткандарды эвакуация кылганга жардам беришкен.

“Ал күн Саша менен Давид машыгууга баратышкан. Анын башталышына чейин дагы бир саат бар болчу, бир маалда алар шаардын ортосунан чыккан кара түтүндү байкашты. Балдар ал жакка чуркап барып, жардам керек экендигин көрүштү. Кийин шаар бийликтери билдиргендей, 200 үй бүлө үй-жайсыз калышкан, шаардын тарыхый борбору бүт өрттөнүп, бир канча квартал жабыркаган. Жалын бат тарап жаткан болчу. Өспүрүмдөр өрттү өчүргөнгө жардам бере башташты, чакалап суу ташышты”, – деп айтылат сайтта.

Өрттү өчүрүүдө көрсөткөн эрдиги үчүн Саша Трутнева коргоо министри менен жолугушууга чакырылып, ага баалуу белектер тапшырылган. Мектеп окуучусу “Жашармиячылдын эрдиги” медалы жана “Жалындуу жүрөк” төш белгиси менен сыйланган. Ошондой эле ал №1 постундагы караулга катышкан.

Коомдук тармактардагы билдирүүнү таркаткан авторлор Павлик Морозов менен параллель жүргүзгүсү келишкен окшойт. Ал эң белгилүү советтик пионер болгон. Расмий билдирүүлөр боюнча, ал 13 жашында кулак атасынын кылмыштарынын бетин ачкан жана бул кадамы үчүн туугандырынын колунан каза болгон.

Тыянак: калп. Сергей Шойгунун жанындагы кыз 2017-жылдагы өрттү өчүрүүдөгү жардамы үчүн сыйланган, ал эми сүрөттүн өзү 2018-жылы “Мен – Жашармия” Бүткүл орусиялык жаштардын патриоттук форумунда тартылган.