Кыргызстандык кыздардын мушташы тууралуу тасма – фейк

30-апрелде Instagram  социалдык тармагындагы Tamashakoy баракчасында мектеп окуучуларынын мушташын чагылдырган тасма жарыяланган. Колдонуучулар окуя Кыргызстанда болгон деген пикир калтырган.

Factcheck.kg тасма кай жерде тартылганын изилдеп көрдү.

Видеодон скриншот алып, Yandex издөө системасына киргизсек,  россиялык, өзбек жана түрк маалымат булактарына туш болобуз:

Алардын арасынан тасманын толук версиясы жана маалыматтын эң алгачкы булагы табылат. Ага ылайык, окуя 2019-жылдын 30-мартында Москванын жанындагы Озеры шаарында болуп өткөн.

Окуя тууралуу россиялык ЖМКлар жазып чыккан. Алардын арасынан “Подмосковье сегодня” басылмасы  мушташ кызгануунун айынан келип чыкканын жана ага катышкан кыздар менен алардын ата-энесине карата административдик чаралар көрүлгөнүн кабарлаган.

Жыйынтык: Фейк. Окуучу кыздардын мушташын чагылдырган тасма Кыргызстанда эмес, Москва шаарынын жанындагы Озеры шаарында тартылган.