Россияда изоляцияга каршы нааразычылык акциясы башталды деген маалымат — фейк

WhatsApp мессенджеринде Россиядагы изоляцияга каршы жарандар нааразычылык акциясына катышты деген өңүттө маалымат тарады.

«Ростов-на-Дону ойгонду!» деген мүнөздөмө менен жайылган видеотасмада учурда карантинге каршы митинг жүрүп атканы айтылган.

Factcheck.kg бул тасманы текшерип көрдү.

Алгач видео тартылган жерди аныктайбыз. Ал тууралуу тасмада да, анын мүнөздөмөсүндө да айтылбагандыктан, видеонун деталдарына көңүл бурабыз.

Алгачкы эле секундаларда Henderson аттуу Мода үйүн байкайбыз.

«Henderson Россия» деп издөө салып, ал Москадагы Тверь көчөсүндө жайгашканын аныктайбыз.

 

 Google street view сервиси аркылуу аталган үйдүн жанында эмнелер жайгашканын көрө алабыз.

Дал ушул дүкөндүн тушунан тасмадагы арканы табабыз.

Мындан соң, тасма качан тартылганын аныктоо зарыл.

2016-жылдан тарта ири нааразычылык ациялардын ичинен митинг 2019-жылдын 27-июлунда болгонун аныктайбыз.

 

 

Бул окуяны чагылдырган “Азаттык” үналгысынын репортажынан  бизге тааныш Henderson дүкөнүн башка ракурстан көрсө болот, анда көптөгөн жарандар чогулганын байкайбыз. Ошол эле репортажда биз тешкерген тасмадагыдай жарнамаларды көрө алабыз.

Жыйынтык: Фейк. Тасмадагы окуя 2019-жылдын 27-июлунда Москва шаарындагы Тверь көчөсүндө болгон митинг учурунда тартылган. Ал Ростову-на-Донуга тиешеси жок.