Шылуундардын кезектеги таркатмасы! Кыргызстандын банктары Жаңыл жылга карата акчаларды таратпай эле

WhatsApp мессенджеринде Кыргыз Республикасынын алты банкы жана эки төлөм системасы ар бир үй бүлөгө 25 миң сомдон акча таратып жатат имиш деген маалымат таркатылууда.

Таркатмада көрсөтүлгөн шилтемелер аркылуу өтүп, Жаңы жылга карата акчаларды алуудан сырткары башкаларды да бактылуу кылуу үчүн бул таркатма менен бөлүшүү да сунушталат: “Биздин үй бүлө Киргизиянын банктарынын Жаңы жылдык акча таратууларын таап алып, акчабызды алдык! Муну башкаларга да сөзсүз жиберип, майрамга карата аларды да бактылуу кылыңыз! Министрлик Киргизия республикасынын башка банктары менен биргеликте! Жаңы жылды жакшы майрамдап тосуу үчүн Жаңы жылга карата ар бир үй бүлөгө 25.000 сомдон берүүдө!”

Андан ары алты банктын аталышынан турган тизмек кетет – Демир, Оптима, Айыл, Бай-Түшүм, Компаньон, РСК, жана Элсом менен Элкарт системалары. Ар бир банк үчүн өзүнчө шилтеме көрсөтүлгөн, ал аркылуу өтүп, колдонуучу акчасын алалат имиш.

Бирок шилтемелер көрсөтүлгөн банктар менен системаларга эмес, австриялык AT домендик зонасында 2022-жылдын 20-декабрында катталган kg-geass доменине алып барат.

Factcheck.kg редакциясы мурда да бир нече жолу ушуга окшош шылуундар уюштурган таркатмалардын бетин ачкан эле. Бул таркатмаларда чындыгында фишинг шилтемелер колдонулат жана WhatsApp колдонуучуларга аны менен бөлүшүү сунушталат, ошондуктан анда көрсөтүлгөн шилтемелер аркылуу эч качан өтпөгөнгө чакырабыз.

Биринчи кезекте таркатманын тексти өзүнө көңүл бурдурат. Грамматикалык жана орфографиялык каталар менен биргеликте анда “Киргизия” жана “Киргизия республикасынын” деген сөздөр колдонулган, мунун өзү эле аны “чет элдик” жазганын же машиналык котормо колдонулганын айгинелейт.

Тизмекте биринчи болуп турган Демир-банктын барагына өткөнгө аракет кылганда, авторлоштуруу баракчасы ачылат.

Көрсөтүлгөн бардык шилтемелер аркылуу өткөндө банктын жана төлөм системаларынын логотиптери бар ушуга окшош авторлоштуруу баракчалары ачылат.

Бирок ушуга окшош алдамчылыктарга мүнөздүү көрүнүштөй эле колдонуучунун логинди, сыр сөздү жана пин-кодду сөзсүз билүүсү талап эмес. Каалаган символдорду жазып койсо болот.

СМС-код боюнча да ушундай эле көрүнүш. Каалаган символду киргизсе болот.

Андан кийин күтүү терезечеси пайда болот.

Андан кийин антивирус андан ары өткөнгө бөгөт коёт.

Таркатмада көрсөтүлгөн банктар менен төлөм системалардын расмий сайттарында акча таркатуу тууралуу эч бир маалымат жок. Тилекке каршы, шылуундар жана фишинг таркатмалары тууралуу да маалымат жок.

Бир гана Оптима-банк 22-декабрда өзүнүн колдонуучуларын шылуундардын телефон чалуулары көбөйгөнүн жана интернетте фишинг-барактар пайда болгонун эскерткен.

Эскерте кетсек, таркатма нтернет-алдамчылыктын/фишингдин түрүнө кирет. Башкача айтканда, колдонуучу мобилдик түзүмдө же компьютерде айрым аракеттерди жасоо менен шылуундарга жеке маалыматтарга, анын ичинде кредиттик картанын маалыматтарына жол ачып берет. Аны менен катар колдонуучу таркатма менен бөлүшүп жатып, башкалардын коопсуздугуна да коркунуч жаратат.

Тыянак: алдамчылык. Интернет-шылуундардын кезектеги акциясы. Кыргыз Республикасындагы бир дагы банк же төлөм системасы Жаңы жылга карата акча таратпай эле.