Салыкчыларды айланып өткөн кезектеги бизнес: депутат айым төрт бизнесин көргөзгөн эмес

«Ата-Журт – Кыргызстан» фракциясынан депутат Гүлшаркан Култаева Жогорку Кеңешке чейин беш жыл Ош шаардык кеңеште иштеген. Ага чейин болсо он алты жыл (1990-2016-жылдары) ишкердик менен алектенген. Бул тууралуу парламенттин сайтандагы анын өмүр таржымалында айтылат. 

Салык декларациясында ал 1.4 млн сом өлчөмүндөгү кирешесин, үч батирин (94.6, 114.2 жана 184 чарчы метрлүү), айыл чарба багытындагы эмес жерлерин жана капиталдык курулуштарын, Toyota Camry автоунаасын жана 1.2 млн сомго депозиттик жана сактык сертификаттарын көрсөткөн.

Култаеванын салык отчетунда башка эч нерсе көрсөтүлгөн эмес. Адатынча жубайынын мүлкү жана кирешеси көрсөтүлө турган “жакын туугандары” деген графада да. Бирок депутат расмий түрдө никеде турганы менен бул жерде жалаң нөлдөр көрсөтүлгөн.

Култаеванын бизнеси 

Журналисттер osoo.kg маалыматтар базасынан Култаевага катталган төрт фирманы табышты. Жогоруда айтылгандай, алардын бири да декларацияда көрсөтүлгөн эмес.

Депутат айым “Абсолют Грант” (адистештирилбеген дүң соода, 2013-жылы негизделген) жана “МЭГУ” (туризм чөйрөсүндөгү брондоо жана башка иш-чаралар, 1999-жылы негизделген) компанияларынын жалгыз ээси болуп эсептелет.

Ишмердүүлүгүнүн түрү жана идентификациялоо салык номуру (ИСН) көрсөтүлбөгөн дагы бир фирма төрт адамга катталган жана аны негиздегендердин арасында чет элдиктер – израилдиктер – бар. Бул “SV Bishkek” фирмасы. Анын негиздөөчүлөрү Гүлшаркан Култаева, Давид Вайсмен, Үмүт Ашубаева, Асель Индикеева.

Төртүнчү фирма – такси кызматын көрсөткөн “Мир-транс”, ал 2004-жылы Ошто негизделген.

Тыянак: «Ата-Журт – Кыргызстан» фракциясынан депутат Гүлшаркан Култаева “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды этибарга албай, салык декларациясында көргөзүлбөгөн коммерциялык компанияларга азыркыга чейин ээлик кылат.

Салык декларациясындагы чындыкка жатпаган маалыматтар үчүн айып пулдун өлчөмү 5 миң сомду түзөт.