Казакстан Украинага аскерлерин жиберүүдөн баш тарттыбы? Текшеребиз

Америкалык NBC телеканалынын айтымында Казакстан Орусиянын өтүнүчүнөн улам Украинага аскерлерин жөнөтүүдөн баш тарткан. Телеканал расмий адамга шилтеме кылганы менен, анын ысымын атаган эмес. Бул билдирүү дүйнөлүк маалымат айдыңында кеңири тарап, Казакстандын позициясы Америка Кошмо Штаттары тарабынан колдоого алынганы айтылат. 

Factcheck.kz сайтынын журналисттери бул билдирүүнү текшерип көрдү.  

ЖККУнун аскерлери уюмга кирген өлкөлөрдүн аймагында гана колдонулушу мүмкүн, ал эми башка учурларда Казакстандын бейпилдик күчтөрү башка өлкөгө БУУнун мандатынын алкагында гана жөнөтүлүшү мүмкүн. Башкача айтканда, логикага ылайык, мындай өтүнүч тууралуу сөз болгон эмес, кыязы, ал расмий деңгээлде угулган эмес, билдирүүнү тастыктаган маалыматтар жок.

«Власть.кз» сайтынын журналисттери маалымат “Оперативний ЗСУ” каналында бурмаланганын божомолдошкон. Бирок аталган каналда маалымат NBC телеканалынан бир саатка кеч чыкканын эске алуу керек. 

 

 NBC сайтынан алынган скриншот/ Москва шаарынын убактысы боюнча 

 

Скриншот с канала «Оперативний ЗСУ» / Время московское, как и на скриншоте NBC
 «Оперативний ЗСУ» каналынан алынган скриншот / Москва шаарынын убактысы боюнча 

Дүйнөлүк ЖМКларга тараган маалыматтын себепкери болгон NBC телеканалынын автору аткаминерлердин ысымын атабаганы суроо жаратат. Ал тургай кайсы өлкөнүн аткаминерлери тууралуу сөз болуп жатканы түшүнүксүз болуп калган. 

Деген менен 22-февралда Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди журналисттердин суроолоруна жооп берип атып, Украинада ЖККУнун күчтөрүн колдонууга мыйзамдуу негиздер жок экенин билдирген. Ошол эле маекте ал Донецк Элдик Республикасын (ДНР) жана Луганск Элдик Республикасын (ЛНР) таануу маселеси күн тартибине кирбегендигин белгилеген

Жыйынтык

Редакциялык методологияга ылайык, аталган телеканалдагы сюжет манипуляция деген тыянакка келебиз. Баштемада кликбейт колдонулуп, баштапкы маалыматтар материалда келтирилгендерге дал келбейт.

Автор текшерүүгө мүмкүн болгон булактарга таянган эмес – орус-украин согушунда казакстандык бейпилдик күчтөрүн колдонуу боюнча Россиянын өтүнүчүнө эч кандай далил жок. Казакстандын позициясы АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши тарабынан колдоого алынды деген билдирүү да жарыяланган учурда ачык булактар ​​тарабынан тастыкталган эмес, ал NBC сайтында жана басылмаларда гана бар.

Мындай билдирүү болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайбыз, бирок учурда ал башка басылмаларда жарык көргөн эмес.