Избранное Медиасын

Жергиликтүү телеканалдар Украина окуяларын кантип чагылдырды? МЕДИАСЫН

01.03.2022

Жергиликтүү телеканалдар Украина окуяларын кантип чагылдырды? МЕДИАСЫН

Алты күндөн бери Украинада согуш жүрүп, эл аралык коомчулук окуяларга кылдат көз салууда. Кырдаал өтө өкүнүчтүү, карапайым калк арасында да курмандыктар бар. Украинанын шаарлары жабыркады. Окуя бүткүл дүйнөлүк ЖМКларда айтылып, эл аралык басылмалардын маанилүү темаларына айланды. Медиа-ресурстар ыкчам түрдө окурмандарга, көрөрмандарга маалыматты жеткирүүдө.

Казакстандык телеканалдар дагы жумалык жыйынтыктоочу берүүлөрүн Орусиянын Украинанын аймагындагы “аскердик операцияларына” сереп салуу менен баштаган.  Бирок Украинадагы окуялар кыргызстандык телеканалдардын көңүл чордонунда болгон жок.

Factcheck.kg бул окуяларды жергиликтүү медиалар кандай чагылдырганын талдап чыкты.

“7-канал”

Телеканалдын апталык жыйынтыктоочу чыгарылышы Транспорт министрлигинин кызматкеринин кармалганы тууралуу билдирүү менен башталды. Жаңылык УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен берилген.

Андан соң, коррупцияга шектелип, камакка алынган башка чиновниктер жана алардын казынага төлөп берген каражаттары тууралуу сюжет көрсөтүлдү. Экинчи сюжет толугу менен УКМК менен өлкө башчынын коррупция менен күрөшкөндүгү тууралуу болгон.

Чыгарылыштын 10-мүнөтүндө гана журналисттер “Украина” деген сөздү айтышты. Бирок андагы окуя эмес, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Украинадагы биздин жарандарды эвакуациялоо тууралуу билдирүүсү айтылды:

«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Украинада Кыргызстандын 1300 жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодо турат».

Кийинки сюжетте тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украина элчисин кабыл алгандыгы, элчи министрге өлкөдөгү кырдаал тууралуу айтып бергени, ал эми Казакбаев кырдаал тынчтык жолу менен чечилишине ишеним артканы айтылат.

Андан соң журналисттер Евразиялык кеңештин жыйыны тууралуу айтып, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусуна, маркумду жерге берүүдө мал союуга тыюу салуу жөнүндөгү жарлыкка токтолушту. Кар көчкүдөн жабыркаган адамды издөө, Ошко көчөт отургузуу, Ысык-Көлгө айланма жолду оңдоо жана медициналык колледждерди Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан текшерилиши тууралуу да сюжеттер берилди.

“5-канал” 

“Бул аптада дүйнөнү тынчсыздандырган окуялар болуп, бүткүл дүйнө, анын ичинде кыргыз эли Украинадагы согуштук операциялардын жүрүшүнө тынчсыздануу менен көз салып турат”.

Дал ушундай билдирүү менен апта чыгарылышын журналист Андрей Токомбаев баштады.

Бирок ушуну менен гана чектелип, дароо жергиликтүү кабарларга өттү – ал Свердлов жана Биринчи май райондорундагы кайра шайлоо тууралуу айтып берди. Кийинки сюжетте ТИМдин Украинадагы кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо боюнча билдирүүсү айтылды.

Буга чейинки кесиптештериндей эле журналисттер Өкмөттөр аралык Евразиялык кеңештин жыйыны тууралуу сөз козгошту.  ЖК төрагасы Талант Мамытовдун россиялык кесиптештери менен болгон жолугушуусу тууралуу өзүнчө сюжет чыкты. Андан соң, Тенгиз Бөлтүрүктүн Болтуруктун «Кумтор Голд Компанинин» убактылуу тышкы башкаруучусу кызматынан бошотулуп, «Улуу көчмөндөрдүн мурасына» жетекчи болуп дайындалганы, ашыкча ысырапкорчулукка тыюу салган жаңы токтомго жана хоккей боюнча чемпионатка байланыштуу сюжеттер берилди.

Мындан тышкары, диктор азык-түлүктүн кымбатташына, доллардын кескин өсүшүнө жана дыйкандарга берилчү жеңилдиктер менен насыяларга токтолду.

Кечки берүүдө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Баткенге иш сапары тууралуу чоң сюжет жана депутаттар иштеп чыккан мугалимдерди коргоочу мыйзам тууралуу сюжет көрсөтүлдү. Андан соң журналист Андрей Токомбаев студияда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоновалиевден учурдагы билим берүүнүн абалы тууралуу кеңири интервью алды.

Журналист чыгарылыштын алкагында тойдо жана сөөктү жерге берүүдөгү мал союуга тыюу салган жарлыкка, Ата Мекенди коргоо күнүнө токтолду. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү Эрнст Алмазбековдун күнүмдүк турмушу тууралуу сюжет берилди. Ошону менен кечки чыгарылыш 48 мүнөткө созулду.

“Пирамида” 

“Пирамиданын” апта жыйынтыктоочу чыгарылышы жекшемби күнү “Политобзор” берүүсүндө болду.

Берүү 17 мүнөткө созулуп, алган жергиликтүү жаңылыктардын анонсу менен башталды. Бирок анонстон соң журналист украиналык окуялар тууралуу кеп козгоду.

“Берүүнү негизги эл аралык окуялар менен баштасак. Чордондо украиналык кырдаал болуп турат. Орусия кол сала баштады деп видеолор тарап, лидерлер кайрылуу, билдирүүлөрдү жасап, көз салып турган учуру”.

Бирок журналист кайсы лидерлер кайрылуу жасаганын тактаган жок.

Андан соң эфирде Украинадагы өрттөнгөн жана талкаланган объектилер көрсөтүлүп, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кырдаал тууралуу билдирүүсү айтылды.

Мындан тышкары, иштер министрлигинин пресс-релизинен КР жарандарынын Украинадан эвакуацияланышы жана алардын саны тууралуу айтылды. “Пирамиданын” журналисттери ошондой эле доллардын көтөрүлүшү, Москавдага рейстердин кармалышы, азык-түлүк жана мунайзаттын кымбатташы тууралуу айтып беришти.

Журналисттер өлкө башчысынын тойлордо жана мааракелерде мал союуга тыюу салуу боюнча жарлыгына кеңири токтолуп, анын пикирин беришти.

Президенттин пикири дыйкандарга насыя берүү тууралуу сюжетинде да айтылды.

 Андан соң депутаттардын өкмөт мүчөлөрүнө доомат койгондору тууралуу маалымат берилди: эл өкүлү Айгүл Айдарова билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбековага башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн каражатын суммасына нааразы. Ал эми Алишер Козуев  экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарына ведомствонун бюджети тууралуу толук маалыматы жок экенине нааразы.

Бирок, өкмөт мүчөлөрүн ыңгайсыз абалга койгон депутаттардын билдирүүлөрү көрөрманга эмне максат менен, эмне себептен улам берилип атканы белгисиз. Журналист Сүйүнай Тагаева эл өкүлдөрүнүн кодулаган сөздөрүн эфирде кошо айтып, тең салмактуулукту карманбаганы көзгө илинди.

“Пирамиданын” дагы бир сюжети Өкмөттөр аралык Евразиялык кеңештин жыйынына арналган. Андан кийин азык-түлүктүн кымбатташы тууралуу сөз козголуп, мындай тенденция Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да байкалып жатканы айтылды.

Журналисттер мугалимдерди коргоого жана аларды кемсинтүү үчүн жоопкерчиликке багытталган мыйзам долбоорун да айтып өтүштү.

Ала Тоо-24

“Ала Тоо-24” аптаны жыйынтыктоого ишемби күнү бир саат убакыт бөлдү. Алгач телеканал Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикалык жетишкендиктерин айтып, өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышкан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны тууралуу маалымат берди. Андан соң журналисттер доллардын курсунун көтөрүлүшү тууралуу айтып берип, ТИМдин жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү ишеними тууралуу билдирүүнү беришти.

“Украинадагы кырдаал көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасына таасир этти. Рублдин төмөндөшү Россияда иштеген мекендештерибизге да залакасын тийгизди”.

Кийинки сюжеттер валюта рыногундагы кырдаал тууралуу, дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү жана “мурда болуп көрбөгөндөй” жеңилдиктер тууралуу болду.

 «Өткөн жылы Садыр Жапаровдун демилгеси жана тапшырмасы менен Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Биринчиден, анда бир катар жеңилдиктер каралган. Ал эми бүгүнкү күндө чек арага жакын жайгашкан 62 айылдын тургундарын колдоо жана өнүктүрүү долбоорлору акырындык менен ишке аша баштады”.

 Журналист министрлер кабинетинин башчысынын Баткен облусуна болгон иш сапары тууралуу кабарга өттү. Кийинки 10 мүнөттө ал бийликтин аймакты кантип өнүктүрөөрү тууралуу айтып берди.

Андан ары диктор мамлекеттик ипотекалык насыялоо боюнча өткөн жылдагы пайыздык чендердин төмөндөшү, ошондой эле МИКтин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Телеканал кийинки 10 мүнөттү президенттин маркумду жерге берүү жана тойго кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча жарлыгына арнады: жарлыктын пайдасы тууралуу интервью, Жапаровдун пикири жана тема боюнча каармандар көрсөтүлдү.

Жыйынтык:

Орусия менен Украинанын ортосундагы куралдуу кагылышуу бул жаңжалга катышкан өлкөлөр үчүн гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн да орду толгус кесепеттерге алып келди. Дал ушул себептен улам, Украинадагы окуяларга дээрлик бардык чет элдик маалымат каражаттарынын кызыгуусу артууда.

Кыргызстанга дагы жаңжалдын кесепети түздөн-түз таасир этет. Мына ушул жагдайлардын баарын эске алуу менен, жергиликтүү маалымат каражаттары бул окуяларга тийиштүү көңүл бурбаганын белгилейбиз. Эл аралык маанилүү жаңылыктарды чагылдыруу негизги ЖМКлар үчүн приоритеттүү болушу керек болчу. Бирок, бир күндүк серептин жыйынтыгы менен жергиликтүү телеканалдардын апта жыйынтыктоочу чыгарылыштарында Украинадагы окуяларга тиешелүү көнүл бурулбаганын, алар Тышкы иштер министрлигинин пресс-релизин гана берүү менен чектелип, кеңири маалымат бербегенин жана сереп кылбаганын белгилейбиз.

Журналист, медиа-тренер. Выпускница школы расследовательской журналистики TRACK, стипендиальной программы Internews по дата-журналистике, Школы аналитической журналистики CABAR.asia, онлайн-мастерской для медиакритиков из Центральной Азии. Финалист центрально-азиатского конкурса MediaCAMP Award 2019. Редактор кыргызской версии Factcheck.kg. Соавтор ряда журналистских расследований и дата-статей. Провела десятки тренингов по фактчекингу, дата-журналистике, а также медиа-информационной грамотности.