Panorama.pub – тамаша фейктер

Атайлап фейк чыгарган сайт.

Panorama.pub сайты жараткан фейк ушинтип экинчи жолу Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде кызуу талкууларды жаратты. Биринчи жолкусунда Иисус Христос – кыргыз болгондугу тууралуу макаланы окурмандар factcheck.kg cайтынын журналисттерине жиберип, “текшерип берүүнү өтүнүшкөн”. Биз дагы бир жолу бул сайт “тамаша-фейктерди” атайлап чыгаруучу сайт экендигин айткыбыз келет. Муну алар өздөрү дагы жашырышпайт.

Бирок кийинки Берлин шариат соту тууралуу материал социалдык тармактарда көбүрөөк кызыгуу жаратты.  Мунун айынан panorama.pub сайтына кененирээк токтололу деп чечтик.

Биз буга чейин бир нече жолу жазып келгендей, фейкти текшерүүдө алгач аны жарыялаган сайт тууралуу маалыматка көңүл буруу керек. “Об издании” – “Басылма тууралуу” бөлүмгө кирип, компаниянын кызматкерлеринин ичинде “кладовщик” –  “кампачы” адистиги дагы турганын байкайбыз. Бул адегенде эле жылмаюуну пайда кылат. Демек, бул тамашакөй сайт.  Башка сайттар минтип жазмак эмес.

Андан ары “Предупреждение” –  “Эскертүү” бөлүмүнө кирсек, бул жерде ачык эле сайттын авторлору өздөрү мындагы маалыматтардын бардыгы сатира жана ойдон чыгарылгандыгын жазып эскертишет.

Ошондуктан, урматтуу окурмандар panorama.pub сайтынын макалаларына мындан ары жаңылык катары эмес “сатиралык фельетон” катары мамиле жасагыла жана ызы-чуу, талаш-тартышты жаратып социалдык тармактарга жайылта бербегиле. Анан дагы бир жолу кайталайбыз, ар бир маалыматты шектенүү, сын менен кабыл алууну үйрөнгүлө. Жазылгандын баары – ЧЫНДЫК ЭМЕС!