Жети аккаунт, бир сүрөт: “фейк-фабрикаларды” текшеребиз
Социалдык тармактардагы фейктер – бул башка бирөөлөрдүн сүрөтүн пайдаланган колдонуучулар. Factcheck.kg Facebook социалдык тармагындагы саясий партиялардын баракчаларында иш алып барган 1500 аккаунтту изилдеп көрүп, учурда фейк-фабрикалар дагы деле актуалдуу экенине ынанды. Эми бул фейктерди кантип аныктаса болорун окурман менен бөлүшөлү.
Фейктер
Алия Эркинова. Бир караганда кадимки чыныгы колдонуучудай элес калтырат. Ал Ош шаарынан экенин, бирок учурда Бишкекте жашарын белгилеген, анан калса окуган жерин да көрсөткөн. Дайыма пост жазып турат. Бирок, бул кадимки фейк. Чыныгы адамга окшошуу амалын издеп, өзү жөнүндө маалымат жазган, башка бирөөгө таандык сүрөттөрдү алып, face app программасы аркылуу өзгөртүп койгон.
Башкача айтканда эки башка чыныгы адамдын сүрөтүн алып, андан жасалма сүрөт пайда кылган.
Мисалы, бул кореялык белгилүү сүрөт. Болжол менен 2014-жылы пайда болгон. Бирок нукура сүрөт менен салыштырсак, бир нече айырмачылыктарды көрө алабыз.
Бул аккаунттун баракчасында болгону 4 сүрөттөн анын жүзүн көрсө болот. Анын ичинен үч сүрөт face app тиркемесинин жардамы менен өзгөртүлгөнүн көрсө болот. Ал Айсулуу Тыныбекованын сүрөтүн өзгөртүүсүз калтырган, себеби аны башка колдонуучулар дароо таанымак.
Ильгиз Капаров – бул саясий фейк аккаунт. Анын баракчасында болгону эки гана сүрөт бар.
Search4Face тиркемесинин жардамы менен биз бир эле аватарды колдонгон 6 аккаунтту таба алдык.
Чынында сүрөт Булат Бальжинимаев деген адамга таандык. Биз Булат менен байланышып, башка аккаунттар тууралуу сураганыбызда, алар менен эч кандай байланышы жок экенин билдирди.
Булаттын Instagram баракчасындагы лентасына көз чаптырып, биз издеген жана фейк аккаунттар колдонгон сүрөттү таптык.
Экинчи сүрөттү дагы Search4Face трикемесинин жардамы менен текшерип көрүп, аны да бир нече фейк аккаунт колдонорун аныктадык.
Муканбетова Наристе. Бул аккаунт Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өнөктүгү учурунда түзүлгөн. Бул колдонуучунун лентасынан бир гана сүрөттү көрсө болот. Сырттан караган адам бул аккаунт социалдык тармакта активдүү эмес болсо керек деп ойлоп калышы мүмкүн.
Чындыгында Муканбектова Наристе постторду ар кандай группалар менен бөлүшүп, күн өткөрөт. Шайлоо учурунда “Эмгек” партиясынын кандидаты Мадияр Кулуевди аябай жарнамалаган.
Анын социалдык тармактарда өзүн алып жүрүүсү, жазганы да ишендирерлик.
Эми биз бул аккаунт фейк экенин далилдеп берели.
Яндекс сайтынын сүрөт аркылуу издөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, бул сүрөт эң алгач 2018-жылдын 24-декабрында жарыяланганын аныктадык.
Асема Санатбаева аттуу колдонуучу бул сүрөттү ВКонтакте социалдык тармагына жүктөгөн.
Factcheck.kg редакциясы фейсбукта саясатчыларды жана саясий партияларды жарнама кылган 1500 аккаунтту текшерип көрдү. Анын ичинен 400ү шектүү болуп чыкты.
Шектүү дегенибиз – алар соц тармакта өтө активдүү бирок өзү тууралуу бир дагы маалымат жок. Ал эми 50 аккаунт башка колдонуучулардын сүрөттөрүн пайдалангандыктан, алардын фейк экенин далилдей алдык. Бирок чынында, албетте фейктер мындан бир нече эсе көп.
Биз менен бирге болуңуз жана алданбаңыз!