Президенттин иш башкармасынын кызматкеринин уулу ири мамлекеттик тендерлерди жеңген (Жаңыртылган)

2019-2021 жылдары “Авангард и Ко” курулуш компаниясы мамлекеттик бюджеттен 32 млн сом алган. Компаниянын жалгыз негиздөөчүсү жана жетекчиси 22 жаштагы Эрмек Абласанов. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынын курулуш бөлүмүн жетектеген Эмилбек Абласановдун уулу. 

Factcheck.kg бул маалыматты ачык булактардан аныктап чыкты. 

Эмилбек Абласанов деген ким? 

Эмилбек Абласанов 2016-жылдын апрель айынан тарта Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылдык кеңешинин депутаты болгон. Ал эми 2019-жылы карьерасында чоң секирик жасап, президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынын курулуш бөлүмүн жетектегеп калган.  

Ачык булактардан Абласановдун биографиясы тууралуу анын депутат жана бизнесмен болгону, мындан тышкары, президенттин иш башкармасындагы бөлүмдү жетектегени тууралуу гана маалымат табылды. Мамлекеттик кызматка келген соң, ал мыйзамга ылайык “Авангард и Ко” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгып, компаниясын уулу Эрмек Абласановго кайра каттаган. 

19 жаштагы ишкер

Эрмек Абласанов быйыл октябрь айында 22 жашка толот. Ал эми атасынын компаниясы анын наамына катталган убакта болгону 19 жашта эле. Белгилей кетсек, жаш ишкердин компаниясы жыл сайын мамлекеттик бюджеттен ондогон миллион сомдук тендерлерди жеңип келген. Абласанов Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин өнөр жай жана жарандык курулуш боюнча адистиги боюнча окуган. 

Factcheck.kg “Ийгиликтүү куруучу” тууралуу маалыматты “Одноклассники” социалдык тармагынан алды. Анын баракчасындагы “достор” бөлүмүнүн атасынын аккаунтун да көрүүгө болот.

“Ийигиликтүү компания” 

osoo.kg маалыматына ылайык, “Авангард и Ко” ЖЧКсы 2009-жылы Жалал-Абад облусунуна караштуу Ноокен районунун Масы айылында кадмики үйдө негизделген 

Абласанов президенттин иш башкармасындагы кызматка июнь айында келип, бир айдан соң бизнесин 2-курста окуган уулуна өткөрүп берген. 

osoo.kg
osoo.kg

Osoo.kg маалыматына ылайык, компания эң алгачкы жолу бюджеттен 2011-жылы 15.2 млн сом каражат алганын жана 33.6 миң сом салык төлөгөнүн көрсө болот. Андан соң жыл сайын миллиондогон сомдук тендерлерди жеңип келген. 2015, 2016, 2017 жана 2019- жылдары курулуш компаниясы мамлекеттик бюджеттен 17 миллион сомдон 22 миллион сомго чейин алган. 

osoo.kg

Мамлекеттик сатып алуулар жарыяланган сайтта белгилүү бир компания уткан тендерлерди издеп табуу мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан, чиновниктин уулуна таандык компания кайсы тендерлерге катышып, кандай кызмат көрсөткөнү тууралуу маалыматты аныктоо мүмкүн болгон жок.

Factcheck.kg  bi.open-contracting.org эл аралык сервисинин жардамы менен бул тууралуу айрым маалыматты биле алды. 2019- жылдын январь айынан тарта  “Авангард и Ко” өзү катышкан тендерлердин дээрлик 40%ын жеңип чыккан. Конкурстардын басымдуу бөлүгү (60%ы) курулушка байланыштуу, ал эми калганы – курулуш материалдар, транспорттук кызматтар анан калса тоо -кен техникасына байланыштуу болгон.

Компания тендерлердин 70%ын Масы айылдык кеңешинен уткан.

 

Мамлекетке келтирилген зыян

“Авангард и Ко” компаниясы ири мамлекеттик буйрутмаларды алуу менен гана чектелбейт. 2014-жылдын сентябрь айында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы мындай билдирүү тараткан:

Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери, Кыргыз транспорт прокуратурасы менен биргеликте Кара-Булак дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлгөн тендерге карата аудиттин жыйынтыгы боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, шалаакылык жана мүлктү ээлеп алуу фактылары аныкталды.

2012-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы No6 ПЛУАД автомобиль жолдорунун өндүрүштүк линия башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Булак дарыясы аркылуу жээктерди коргоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер өткөрүшкөн. Бирок ал мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды бузуу менен өткөрүлдү, себеби,  “Авангард и Ко” жалгыз катышуучу болуп, акыры тендерди утуп алган жана сумма республикалык бюджеттен подрядчынын эсебине которулган (бирок сумма тууралуу маалымат берилген эмес).

 

Ички иштер министрлиги курулуш компания аткарган иштер талапка ылайык келбегенин, сапатсыз жасалганын жана анын натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин жана тергөө иштери башталганын билдирген.

Бирок ИИМ тергөөнүн жыйынтыгын жана келтирилген зыяндын өлчөмүн ачык жарыялаган эмес.

 

Жыйынтык: президенттин иш башкармасынын курулуш бөлүмүнүн жетекчиси Эмилбек Абласанов үч жыл мурун бизнесин 19 жаштагы уул Эрмек Абласановго кайра каттаган. Жыл сайын Абласановго таандык курулуш компания мамлекеттен миллиондогон сумманы чапчыган ири буйрутмаларды алып келген.  Мындан тышкары, ИИМ аталган компаниянын мамлекеттик бюджетке ири зыян келтиргенин кабарлаган. 

Компаниянын аткаруучу директору бар

Макала жарыяланган соң, Эмилбек Абласанов редакция менен байланышып, “Авангард и Ко” компаниясынын аткаруучу директору бар экенин кабарлады. 2019-жылдын 24-майынан тарта аткаруучу директор Нурсеит Сейткулов болгонун тастыктоочу документти көрсөттү.  

Мындан тышкары, Абласанов Сейткуловдун эмгек китепчесин көрсөттү. Анда Сейткулов 2009-жылдан тарта компаниянын башкы инженери болгону тууралуу маалымат бар. Ал эми ачык булактардан ал тууралуу маалымат табылган жок.

Абласанов Кочкор-Атадагы техникалык колледжди аяктаганы тууралуу дипломун көрсөттү. Ал “бухгалтер” адистиги боюнча билим алган. Мындан тышкары, анын эмгек китебинде буга чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармасында бизнеске киришкенге чейин техникалык көзөмөлдүн инженери жана логистика секторунун жетектөөчү адиси болуп эмгектенгени тууралуу маалымат бар. 

 

Жыйынтык: “Авангард и Ко” курулуш компаниясынын аткаруучу директору –  Нурсеит Сейткулов.