“10 миң долларлык костюм”. Талкуу жараткан кийимдин баасын текшеребиз

Өткөн аптада Борбор Азия лидерлеринин Түркмөнстанда бейрасмий форматтагы жолугушуусу болуп өттү. Андан соң өлкө башчы Садыр Жапаровдун кийими социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Колдонуучулардын айтымында анын костюмунун баасы дээрлик 10.5 миң долларды чапчыйт.

Factcheck.kg бул маалыматты тактап көрдү.

Жапаровдун кийиминен атактуу италиялык Stefano Ricci брендин көрсө болот. Колдонуучулар аны сайттан таап, баасы 10 миң долларлык костюм менен салыштырган. Бирок, чынында бул кийимдин дизайнында айырмачылык бар. Жолугушуудан алынган кадрда Жапаровдун бомперинин баш кабы жок экенин жана шымынын эни кең экенин көрсө болот. Мындан тышкары, расмий сайтта колдонуучулар божомолдогон костюм 2021-2022- жылдын күз айларында чыгары тууралуу маалымат бар болгондуктан, бул кийим сатыкка чыга элек деген бүтүм чыгарабыз.    

социалдык тармактан алынган сүрөт

Биз Жапаров кийген кийимдин дал өзүн Stefano Ricci брендинин Екатерингбургдагы расмий филиалынын сайтынан издеп таптык. Сатуучулар менен байланышып, анын баасы 230 миң рубль (3 миң доллардын тегереги) экенин биле алдык. Ал джинсыдан тигилип, монограмасы өзүнчө түшүрүлгөн экен. Бирок Жапаровдун шымынын эни сайттагыдан айырмаланып, түз экенин көрсө болот.

Ал шымдын дал өзүн сайттан таппаганыбыз менен, мындай шымдардын баасы 800 доллардан жогору экенин белгилейбиз. 

Жыйынтык: Жапаров Stefano Ricci брендине таандык кийим кийгени чын. Бирок анын баасы 10 миң долларды чапчыйт деген маалымат чындыкка дал келбейт.