“Кока-Коланын” акциясыбы же шылуундардын кезектеги амалыбы? Текшеребиз

Coca-Cola компаниясы өзүнүн 135 жылдыгына карата 5000 сомдон ойнотуп атканы тууралуу маалымат WhatsApp тиркемесинде тарады.  Колдонуучуларга жеңишке жетүү үчүн сурамжылоодон өтүү сунушталат. 

Компания быйыл чын эле 135 жашка толуп атканы менен акция тууралуу маалымат чындыкка дал келеби?

Factcheck.kg текшерип көрдү.

Эске салсак, WhatsApp тиркемесин шылуундар ар дайым өз пайдасына колдонуп келет. Алсак, 2019-жылы Аdidas жана Nike компанияларынын 95 жылдыгына арналган акция тууралуу маалымат тарап, анын фейк экенин аныктаганбыз. 2020-жылдын декабрь айында Amazon компаниясынын байгелерди ойноткону тууралуу маалымат да жалган болуп чыккан.

Бул ирет Coca-Cola компаниясынын акциясы жөнүндө билдирүү тарады. Акцияга катышуу үчүн күмөн жараткан шилтемеден өтүү сунушталат: http://202947731.xyz/83d4fH1haUp5AQl8amgqalAxK1kKJQ8ICjE1fF09RANTBhoQfBQ6D1ZuAwg?hlk1628078639058.

Бул доменди текшерип, ал 2020-жылдын 6-октябрында Wei Feng аттуу кытайлык компанияга катталганын, демек, анын Coca-Cola компаниясына тиешеси жок экенин биле алдык.

Билдирүүдө көрсөтүлгөн күмөндүү шилтеме аркылуу дагы өтүп көрдүк.

Factcheck.kg маалымат коопсуздугу үчүн бул шилтемеден өтүүнү сунуштабайт.

Система бизди дагы бир күмөндүү decoselect.xyz аттуу доменге алып барып таштады. Тиешелүү баракча ачылып, Coca-Cola компаниясынын расмий сайтынан алынган сүрөттү көрсө болот. Бул домен  2021-жылдын 11-апрелинде каттоодон өткөн. Баракча компаниянын расмий сайтына окшош жасалган. Анан калса акцияда утту делген колдонуучулардын комментарийлери да киргизилген.

 

Андан соң  4 суроодон турган сурамжылоодон өтүү сунушталат. Бирок аларга кандай гана жооп берилбесин, “компанияга болгон мамилем терс” деген жооп болсо дагы, жыйынтык алмашпайт.

Жооптордун ар түрдүү болгонуна карабай, жыйынтык алмашпаганына шек санаңыз. Себеби, шылуундар үчүн туура жооп маанилүү эмес, эң негизгиси – колдонуучунун көңүлүн буруп, аларды бейтааныш сайтта кармап калуу. 

Кийинки кадам – байге кутучасында катылган белекти табуу.

Система колдонуучуну жеңиш менен куттуктаган соң, акция тууралуу 5 тайпа же 20 адамга жөнөтүүнү сунуштайт. Чынында оюнду улантуу үчүн маалыматты 20 дан ашык тайпага жана 50-60 адамга жөнөтүү зарыл.

Акыры белек алуу үчүн колдонуучунун аты-жөнү жана дареги талап кылынат. Андан соң маалымат коопсуздугуна олуттуу коркунуч болору тууралуу антивирустук билдирүү пайда болот.

Жыйынтык: кезектеги шылуундук, интернет фишинг. WhatsApp тиркемесинде тараган Coca-Cola компаниясынын акциясы тууралуу маалымат фейк жана анын компанияга эч кандай тиешеси жок.