Президент провокациялык маалыматты бөлүшкөн. Текшеребиз

«Текебаев зордуктаган кыздын жакындары тарабынан сабалган» деген маалыматты чыгарган фейк баракчанын  постун президент Садыр Жапаровдун  расмий баракчасы бөлүшкөнүн Пери Орозбекова аттуу “Facebook” колдонуучусу жазып чыккан

Facebook тиркемесиндеги “Бийлик элдики” аттуу группада Өмүрбек Текебаевди каралаган материал жазылган.

Биз текшерүү максатында президенттин аккаунтуна киргенибизде мындай пост жок болуп чыкты. Бирок башка издерин таба алдык.

Ошондой эле, бул скриншотту атайын фотошопко текшерге Fotoforensis булагынан текшергенибизде, фотошоптун издери табылган жок.

“Бийлик элдики” аттуу группадан аталган постту текшерип көрдүк. Президенттин аккаунтунан пост өчүрүлгөнү менен, группадагы посттун алдында президент тарабынан “жактыруу белгиси” (лайк) калтырылганын көрүүгө болот.

 

“Facebook” баракчасынын колдонуучулары бул маалымат менен бөлүшүп баштаганда, посттун алдында калып калган “лайк” белгиси да өчүрүлдү.

Президент расмий баракчасынан провокациялык постту биринчи жолу бөлүшүп отурган жок. Буга чейин экс-президент Роза Отунбаевага байланышкан провокациялык постту дагы бөлүшүп, кайра өчүргөнүн «ПолитКлиника» медиасы аныктаган болчу.

Жыйынтык: Президент расмий баракчасынан провокациялык маалыматты бөлушкөнү чындык.

Булак:pk.kg