Жапаровдун кудасы, Бакиевдин катчысы. Бир мандаттуу округдардан кимдер жеңди?

Материалыбыздын биринчи бөлүгүндө Бишкек шаарынан, Чүй, Баткен, Талас жана Нарын облустарындагы бир мандаттуу округдардан жеңишке жеткен бажычылар, экс-депутаттар жана бизнесмендер тууралуу кеп кылганбыз.

Бүгүн бир мандатуу округдардан дагы кимдер жеңишке ээ болгону тууралуу айтып беребиз. 

Ош облусунун Көк-Жар округунан Өмүрбек Бакиров, Ноокаттан — Жусупбек Коргонбай уулу, Аравандан — Жалолидин Нурбаев, Ош округунан — Айбек Осмонов, Төлөйкөндөн— Нурбек Алимбеков, Кара-Суу округунан — Искендер Матраимов, Куршабдан — Данияр Төлөнов, Алай округунан — Улан Примов, Өзгөндөн — Элмурза Сатыбалдиев жеңишке жетти. 

Жусупбек Коргонбай уулу – 2015-2019- жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон. Бир жылдан соң “Биримдик” партиясынын курамында парламенттик шайлоого аттанган. Бүгүнкү күндө ишкерлик менен алектенет. Анын наамына “Жус-Бек Компани”, Восток-Сервис Ойл“, “КОК-ЖАТЫК“, “КейДжи Восток Сервис” компаниялары катталган. 

Жалолидин Нурбаев – Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы. Ал “Жайнарбек” жана “Араван-Таш” компанияларына ээлик кылат.  

Айбек Осмонов карьерасын “Жаңы Шаар курулуш компаниясынын” директору кызматынан баштаган. Андан соң алты жыл бою ар түрдүү компанияларда кеңешчи болуп эмгектенген. 2021-жылы депутаттык мандатка ээ болгон. Анын бир тууганы Нурбек Осмонов – бизнесмен. Ал Каганат инвест” компаниясына ээлик кылат.  2020-жылы ал Ош шаарында машина куруучу заводду түзүүгө жана ачууга жеке каражатынан 20 миллион доллар жумшаган. Бул ишканада биринчи ата мекендик электр автобустарын чыгарууну баштоо пландаштырылган.

Нурбек Алимбеков эмгек жолун “Алимбеков” жеке ишканасынын директору кызматында баштаган. 2005-жылы Финансы министрлигинде жетектөөчү адис болгон. 2008-жылы карьерасында чоң секирик жасап, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болот. Ал эми 2010-жылы “Республика” партиясынын курамында парламенттик шайлоого аттанып, жыйынтыгында депутаттык мандатка ээ болот.   

Искендер Матраимов 2015-жылы КСДП курамында депутат болуп шайланат. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы.  

Искендер Матраимов үч жыл ичиндеги жылдык орточо кирешеси 800 миң сомду түзгөнүн билдирген. Ал декларациясында 290 миң сомдук эмерек, 100 миң сомдук фото жана видео техника, 150 миң сомдук тиричилик техника, 40 миң сомдук компьютер көрсөткөн. Ал эми анын жакын тууганынын кирешеси жылына 4 млн сомду түзгөнүн көрсөткөн. Матраимовдун үй-бүлөсү 176 чарчы метрлик батирге, 1960 чарчы метр курулушка жана 39 гектар жерге ээлик кылат.

Данияр Төлөнов 2008-2010-жылдары Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча Ош облусунун комитетинин төрагасы болуп иштеген. Андан соң Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы болгон. 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Мындан тышкары, Төлөнов ишкерлик менен алектенет. Анын наамына Хушин Кели”, “БУЮК САГБОН” “БУЮК САГБОН-Филиал Кара-Суу” компаниялары катталган. 

Улан Примов 2004-жылы “Пэрити-Коал” ЖЧКсын негиздеген. Аталган компанияда ал 2014-жылга чейин директорлук кызматты аркалап келген. 2007-жылы Ош шаардык кеңешинде депутат болуп, бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясын жетектеген. 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болгон. 

 Улан Примовдун атасы Бердибай Примов 16 компанияга ээлик кылат. Алардын көбү жаратылыш ресурстарын казып алуу, курулуш жана кирпич чыгаруу менен алектенет.

Элмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиевдин убагында башкы прокурор болгон. Мындан тышкары, КР президентинин коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси болгон. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын президенти болгон.

 

Сатыбалдиев 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп табылган. Ал 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган. 2017-жылдын башында ал мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Жалал-Абад облусунан Сузак округунан Тазабек Икрамов, Жалал-Абад округунан — Шаирбек Ташиев, Базар-Коргондон— Айбек Алтынбеков, Ноокен округунан — Бактыбек Сыдыков, Аксыдан Нурлан Шакиев, Ала-Букадан — Азизбек Турсунбаев, ал эми Токтогул округунан — Кундузбек Сулайманов жеңишке ээ болду. 

Тазабек Икрамов Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун дене тарбия адистиги боюнча, 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абад облусу боюнча филиалында дене тарбия мугалими болуп иштөө менен баштаган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына “Өңүгүү-Прогресс” партиясынан депутат болуп шайланган.

Ал парламентте иштеп жүргөндө жеке унаасына KG номурун кайтарып берүү, ошондой эле карыган ата-энесин бакпаган балдарды абакка отургузуу демилгесин көтөрүп чыккан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев ишкерлик менен алектенет. Учурда “Жалал-Абад нефтини кайра иштетүүчү” Кыргыз-Өзбек-Азербайжан ЖЧКсына ээлик кылат. Аталган компания мамлекеттик тендерлерди бир нече ирет жеңип чыккан.

 

Шаирбек Ташиев алгач Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүндө адис болуп иштеген. 2001-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясында иштеп баштаган, ошол эле жылы Монополияга каршы мамлекеттик комиссиянын башкы адиси болуп дайындалат.

2003-2013-жылдары “Джалал-Абад” бажысында катардагы инспектордон бөлүм башчысынын орун басарына чейин көтөрүлүп, эмгектенген. 

Айбек Алтынбеков дагы ишкерлик менен алектенет. 2010-жылы ал “Жылдызбек” аттуу коопсуздук агенттигин жетектеген. Эки жылдан соң Могол айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты болуп шайланат. 2015-жылы “Республика — Ата-Журт” партиясынын курамында Жогорку Кеңешке депутат болот. 

Ал декларациясында жылдык орточо кирешеси 672 миң сомду түзөрүн жана 75 гектар айыл чарба жерине ээлик кыларын белгилеген. 

Бактыбек Сыдыков “АККА” коомдук фондунун негиздөөчүсү. Анын карындашы Чинара Сыдыкова SVOBODA-KOSMETIKSЖЧКсынын негиздөөчүсү. Сыдыков аталган компаниянын негиздөөулөрүнүн катарынан чыккан. 

 Эмгек жолун 1994-жылы “ТриО-Б” кыргыз-казак биргелешкен ишканасында башкы директор болуп иштөө менен баштаган. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министринин кеңешчиси болгон. Андан кийин 2007-жылы «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы болгон. Ал 2015-жылдын октябрында “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан парламентке келген.

Нурлан Шакиев бир нече жыл бою түрдүү ведомстволордо редактор жана пресс-катчы болуп эмгектенген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин дагы катчысы болуп иштеген. 2010-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого аттанып, жеңишке жетпей калган. Ошол эле жылы Шакиев Маданият жана маалымат министри болуп дайындалган. 2017-жылдын башында НТВ каналын түзүп, аны жетектеген. Учурда 2 каналдын директору”. Белгилей кетсек, аталган канал бир нече жолу мамлекеттик тендерлерди жеңип чыккан.

Азизбек Турсунбаев Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты. 2005-жылдын мартында III чакырылыштын депутаты, Агроөнөр жай комплекси жана экология боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 2007-жылдын декабрында Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2007-жылдын 24-декабрында спикердин орун басары болуп шайланган. Быйыл Жалал-Абад облусунун облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болуп дайындалган.

Кундузбек Сулайманов көмүр казып алуучу “Атай Групп” компаниясына ээлик кылат. Аталган компания мамлекеттик тендерлерди жеңип келген.  Мындан тышкары, Сулаймановго КУБ” жана Ай-Эл плюс“компаниялары таандык. 

Ысык-Көл облусунан шайлоо өнөктүгүн 3 талапкер жеңди.Жети-Өгүз округунан Арсланбек Малиев, Ак-Суудан – Акылбек Түмөнбаев, ал эми Ысык-Көл округунан Максатбек Сарыбагышев жеңишке ээ болду. 

Арсланбек Малиев Жогорку Кенештин I, II жана III чакырылышынын депутаты. 2011-жылдын сентябрь айында президенттикке талапкерлигин койгон. БШК аны мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан өтпөй калды деп четке каккан. 2017-жылдагы шайлоодо өлкөнүн президенттигине кайрадан талапкер болгон.

Учурда ишкерлик менен алектенет. ААЛАМ“, “Жан Интернешнл Ко“, “МАК”ишканалардын системасы, “Кей-Эм-Джей Лимитед” жана “Хасан Аби” компанияларынын негиздөөчүсү. 

Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Түмөнбаев Ички иштер министрлигинде жана Салык кызматында иштеген. 2016-жылы Эсеп палатасында аудитор болуп дайындалган. 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын курамында аттанган. 

Максатбек Сарбагышев Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жана Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Чоң-Сары-ой айыл өкмөтүнүн акими болгон. 2020-жылдын 24-августунан 2021-жылдын 25-мартына чейин Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун башчысы болуп иштеген.

Эске алсак, депутаттардын акыркы тизмеги шайлоодон кийин 20 күндүн ичинде бардык текшерүүлөр бүткөн соң жарыяланат.