«Киевдин арбагы» — бул Украинанын пропагандасыбы же реалдуу адамбы? Текшеребиз

2022-жылдын  29апрелинде Daily Mail басылмасы “Киев арбагы “өлтүрүлдү”: кырктан ашык орусиялык учактарды атып түшүргөн украиналык кыргыч-ас “душмандын жогорку күчтөрүнө каршы күрөштө каза болду” аталышындагы материал жарыялаган. Автор белгилегендей, 13-мартта каза болгон Украинанын учкучу Степан Тарабалка дал ошол легендарлуу “Киевдин арбагы” болчу. Бирок ошол эле учурда журналист анын жетишкендиктерине шек келтирүүдө.

Мисалы, материалда Reuters басылмасынын фактчекерлери украиналык кыргыч (ред.-истребитель) орусиялык учакты атып түшүргөн вирустук видеону төгүндөгөнү жазылган.  Алардын бүтүмүнө ылайык  абадагы согуштун видеосу — бул 2008-жылы чыккан Digital Combat Simulator оюнунун монтажы.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерип көрдү:

Учкуч-кыргыч тууралуу маалымат качан пайда болгон?

Украиналык учкуч-ас тууралуу маалымат 25-февралда пайда болгон. Анда ал Орусия басып киргенден кийинки алгачкы 30 саат  ичинде агрессордун 6 учагын атып түшүргөн. Бул туурасында чет элдик пресса да жазып чыккан.

26-февралда Украинанын мурунку президенти Петр Порошенко өзүнүн Twitter-баракчасында  учкучтун сүрөтүн жарыялап төмөндөгүдөй сөздөрдү жазган: «Сүрөттө– МиГ-29дун учкучу. Айтылуу  “Киев арбагы”. Ал душмандардын  үрөйүн учурат жана украиналыктардын сыймыгы. Анын эсебинде орусиялык учкучтардын үстүнөн 6 жолку жеңиш бар! Мындай күчтүү коргоочулары менен Украина сөзсүз жеңишке жетет!”

Ал эми 2022-жылдын 27-февралында Украинанын коопсуздук кызматы өз Telegram-каналында пост жарыялады:  «Бизди чыныгы периштедей коргоп жатса да аны «Киев арбагы» деп аташат.  Украиналык учкуч абадагы согуштарда баскынчылардын 10 учагын атып түшүргөн.  Мунуңан жазба! Чогуу жеңишке жетебиз!”.

Ошентсе да, Порошенко,  Украинанын коопсуздук кызматы дагы учкучтун үч жыл мурдагы сүрөттөрүн колдонгону белгилүү болду. 2019-жылдын 25-апрелинде Коргоо министрлиги “Киев облусунда тактикалык авиация бригадасынын украиналык учкучтары француз туулгасын сынап жатышат” деген жазуу менен үч сүрөттөн турган фотосет жарыялашкан.

“Киевдин арбагы” — чогултулган образ

2022-жылдын 17-мартында Украинанын президентинин Кеңсесинин жетекчисинин улуттук коопсуздук жана коргоо тармагында стратегиялык коммуникациялар маселелери боюнча кеңешчиси жана аскер эксперти Алексей Арестович украиналык “Новое Время” медиасына берген интервьюсунда “Киев арбагы” – бул уламыш деп билдирген: “Биз көп эле учактарды атып түшүрөбүз,  муну бир эле учкуч жасайт деп ойлобойм. Муну “Киев арбактарынын” тобу жасап жатат”.

2022-жылдын 30 –апрелинде Украинанын Куралдуу аба күчтөрүнүн командачылыгынын коомчулук менен байланыш кызматы колдонуучулардан  “маалымат мейкиндигин фейктер менен толтурбагыла” деп өтүнгөнү бар. Кайрылууда төмөнкүдөй  жазылган:

  • Украинанын баатыры Степан Тарабалка «Киевдин арбагы» эмес жана 40 учакты атып түшүргөн жок.
  • «Киевдин арбагы» — бул уламыш, супербаатыр, украиналыктар түзгөн бардык учкучтардын чогултулган образы. Ал Куралдуу аба күчтөрүнүн 40-тактикалык авиация бригадасынын учкучтарынын улуттук образы. Алар биздин борбор шаарыбызды асмандан коргоп жатышат.

 “Киев арбагынын” өздүгүн дагы кимдер аныктаган?

«Киевдин арбагы» согуш башталганда эле чоң резонанс жаратып дүйнө фактчекерлеринин көңүлүн өзүнө бурган.

Мисалы , аскер жаңылыктарына адистешкен Task and Purpose басылмасы  25-февралда жарыялаган материалында аскер учактарынын атып түшүрүлүшүн анализдеп жатып “ракеталардын абада бутага таамай тийүүсү заманбап согушунда сейрек көрүнүш” деп белгилеген. Автордун сөзү боюнча “Киев арбагы” – бул “массалык түрдө пропаганда наративине” айланган жакшы маанидеги уламыш болуп эсептелет.

Deutsche Welleнин фактчекерлери “Киев арбагы” деп көрсөтүлгөн Владимир Абдонов аттуу дагы бир адамдын сүрөтүн   таап чыгышкан.  Журналисттер бул фотомонтаж экенин аныкташты. «Абдонов» Аргентинанын борбор шаары Буэнос-Айресте жашаган адвокат болуп чыкты. Ал “өзүнүн жаңы статусун” тамаша ирээтинде кабыл алды.

Мындан тышкары “Киевдин арбагы” боюнча окуя тууралуу ReutersWashington Post«Голос Америки» , BBCнин журналисттери  жазып чыгышкан.

Жыйынтык: пропаганда. «Киевдин арбагы» — бул Украинанын борбор шаарын асмандан коргогон Куралдуу аба күчтөрүнүн 40-тактика авиация бригадасынын учкучтарынын чогултулган улуттук образы.  Аны согуштун алгачкы күндөрүндө аскер духун көтөрүү максатында ойлоп табышкан.