«Талибан»* ЛЭР жана ДЭР тарапта согушууга даярдыгын билдиргени чынбы? Текшеребиз

Кыргызстандагы Telegram-каналдарда «Талибан»* кыймылы ЛЭР жана ДЭР тарапта Украинага каршы согушууга даярдыгын билдиргени тууралуу маалымат жайылтылууда.

Маалыматка ылайык, талибдер “америкалыктар Ооганстанда калтырган куралдардын бардык үлгүлөрүн жана документтерин бергени жатыптыр”.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү:

«Талибан» кыймылынын тышкы дүйнө менен байланыш каналдары көп эмес. Бирок  Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз катчысы Абдула Кахар Балхинин туруктуу иштеген Twitter-каналы бар.

Бул каналда 8-июлга чейин жайгаштырылган бардык маалыматтарды текшерип чыктык, бирок окшош билдирүү тапкан жокпуз.  Акыркы жумада жарыяланган твиттердин баары Ташкент шаарында өткөн “Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” аталышындагы форумга арналган. Бул иш-чарага «Талибандын»* өкүлдөрү да катышкан болчу.

Буга чейинкилеринде интервью жана башка маалыматтар, анын ичинде Япония өкмөтүнө жана элине мурунку премьер-министри Синдзо Абэнин өлүмүнө байланыштуу көнүл айтуу сөздөрү да бар.

Ошентсе да «Талибан»* Орусия тарапта согушууга даярдыгы тууралуу кыргыз Telegram-каналдарында тарап жаткан билдирүүгө окшош маалыматтар жок.  Эскерте кетсек, бул жылдын февраль айында «Талибан»* Орусия жана Украина өлкөлөрүн конфликтти тынчтык жолу менен чечүүгө чакырык  жасаган болчу.

26-июлда Ташкент шаарында өткөн форумда РФ президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов Орусия Ооганстандан импорттолуп келген товарларга бажы төлөмдөрүн жокко чыгарганын  билдирген.  Мындан тышкары Орусия ооган тараптын буудай же муңай азыктары боюнча өтүнүчтөрүн канааттандырууга даяр экени белгиленди. Бул жерде да Донецк жана Луганск эл республикаларына жардам тууралуу сөз болгон эмес.

Жыйынтык: жалган. «Талибан» расмий түрдө мындай билдирүүлөрдү жасаган эмес.

* Кыргызстанда тыюу салынган террористтик уюмдардын бири.