Кыргызстандагы орусиялык биолаборатория: өлкөлөр аралык жаңы долбоор тууралуу эмне билебиз?

Быйыл июлда Орусия Кыргызстанда коркунучтуу инфекциялар менен күрөшүү боюнча лаборатория кура тургандыгы белгилүү болду. Үч ай өткөндөн кийин 7-октябрда Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борбору биолабораторияны долбоорлоо иштери аяктап калганын билдирген.

Factcheck.kg редакциясынын журналисттери өлкөлөр аралык жаңы долбоор тууралуу кененирээк маалымат чогултушту. Биолабораториялар жөнүндө материалдардын биринчи бөлүгүндө долбоор тууралуу азыркы күнгө белгилүү болгон маалыматтар топтолду.

Долбоордун жаралышы

2023-жылдын октябрында Владимир Путин иш сапар менен Кыргызстанга келип, бир катар эки тараптык келишимдерге кол коюлган болчу. Алардын бири – Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Орусия Федерациясныны (ОФ) Өкмөтүнүн ортосундагы биологиялык коопсуздук маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму болду.

А быйыл июлда Орусия илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко лабораторияны курууга каражат ОФнын бюджетине киргизилгенин билдирди. Бирок так сумманы айтпады.

Лаборатория эмне иш алып барат?

Долбоорго ылайык, лаборатория жугуштуу ооруларды изилдеп, оорулардын экзотикалык штаммдарын жана атиптик түрлөрүн аныктап, патогендерди каттайт.

Онищенконун айтымында, кызматташуу врачтарды даярдоону, көзөмөлдөөнүн бирдиктүү методикасын, заманбап диагностикалык борборлорду ачууну, жаңы жугуштуу оорулар пайда болсо же белгилүү вирустар күч алса керектүү вакциналар менен камсыздоону дагы караштырат.

Лаборатория кандай коопсуздук категориясына ээ болот?

Айтылган маалыматтарга караганда, жаңы лаборатория BSL-3 биологиялык коопсуздуктун үчүнчү деңгээлине туура келиши керек болот.

BSL (Biosafety Level) – биокоопсуздук деңгээлдеринин системасы. Ал изилденип жаткан патогендердин коркунучтуулугуна жараша лабораторияларды классификациялоо үчүн колдонулат. Бардыгы болуп төрт коопсуздук деңгээли бар:

BSL-1 – адамдын ден соолугуна зыян келтирбеген микроорганизмдер менен иш алып баруу. Мисалы: ачыткынын (дрожждун) айрым штаммдары.

BSL-2 – кызматкерлерге жана айлана-чөйрөгө орточо коркунуч. Мисалы: В гепатити, адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу, стафилококктор.

BSL-3 – аба аркылуу тарай турган коркунучтуу же өлүмгө алып келиши мүмкүн оорулардын патогендери менен иштөө. Мисалы: кургак учук, сибирь жарасы.

BSL-4 – эң жогорку биокоопсуздук деңгээли. Учурда дарыланбаган өтө коркунучтуу вирустар, мисалы, Эбола жана марбург вирустары менен иштөө, аларды изилдөө.

BSL-3 лабораториясы аба аркылуу тараган жана өлүмгө алып келиши мүмкүн жугуштуу оорулардын агенттерин же токсиндерин изилдөө үчүн колдонулат. Мындай лабораторияда бардык изилдөө иштери, эксперименттер биокоопсуздук кабинетинде жүргүзүлөт.

Учурда ачык булактарда лаборатория Кыргызстандын кайсы жеринде курулары тууралуу маалымат жок.

Орусиянын биологиялык лабораторияларынын мурунку долбоорлору

Кыргызстанда орусиялык биолабораторияны куруу маселеси 2022-жылдын апрелинде эле КР жана ОФ саламаттык сактоо министрликтеринин жолугушуусу учурунда көтөрүлгөн болчу. Анда кыргыз тарап бул долбоорго каршылыгын билдирген.

Бирок да бир жылдан кийин эле 2023-жылдын июнунда Кыргызстандын парламентине КРдин аймагында Жугуштуу ооруларды изилдөө илимий борборун куруу жана анын иш алып баруусу жөнүндө келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору келип түшкөн. Белгилүү болгондой, эки тарап келишимге 2023-жылдын март айында кол койгон экен. Мыйзам долбоору жабык жыйында каралган. Кийин маалым болгондой, депутаттар документти ратификациялашкан.