Эрибеген капсулалар. Кутум теориясы уланууда
Instagram коомдук тармагында витаминдердин жана дарылардын кабыктары ашказанда эрибей турганындыгын айткан видео таркап жатат. Роликтин автору дарыны сууга эриткенге аракетин көрсөтүп, ашказанда да ушундай процесс болоорун белгилейт.
«Суу ашказан кычкылынан да жакшы эриткич болун саналат. Мен бул таблетканы беш мүнөткө сууда эриткенге аракет кылдым. Бирок, дары дагы эле эригиси келбегендиктен мен аны стаканга салып, дагы суу коштум, бирок бул да жыйынтыгын бербеди. Ушуга окшош таблеткалардын ар бир таңгагында анын кабыгы эмнеден турары дайыма жазылып турат жана ал адатынча желатин болуп саналат. Бирок мен силерге айтып коёюн, желатин бул “жийиркеничтүү нерсеге” караганда сууда тезирээк эрийт. Эми ойлонуп көргүлө, ушундай витаминдер менен денеңерди чыңдоону каалайт белеңер”, – дейт автор өз видеосунда.
Factcheck.kg редакциясы айтылгандын чын-төгүнүн текшерип чыкты.
Суу капсуланы эрите алабы?
Видеонун автору суу «ашказан кычкылынан да чоң эриткич» болуп эсептелет дейт. Текшерип көрөлү.
Ашказан кычкылынын pH көрсөткүчү 1.5–3.5. Туз кислотасы жана тамак сиңирүү ферменттери болгону үчүн ашказан тамак-ашты, анын ичинде желатин капсулаларынын негизги компоненти болгон белокторду эффективдүү түрдө майда бөлүктөргө бөлөт.
Суунун pH көрсөткүчү 7, ал, тескерисинче, нейтралдуу чөйрө жана анда заттарды майда бөлүктөргө бөлө алган кислота жана ферменттер жок.
PH көрсөткүчү 0дөн 14кө чейин болот. Ага ылайык, 7ге чейинкилер кычкыл заттар болот, ал эми 7ден жогорулар – щелочь заттар. Демек суу менен ашказан кычкылынын курамы таптакыр башка.
Витаминдер менен дарылардын кабыгы эмнеден турат?
Капсулалар дарылар, витаминдер, минералдар жана нутрицевтик дарылар үчүн колдонулат, анткени алар бул дарылардын жагымсыз даамын жана жытын жашыра алат. Ошондой эле капсула дарыны күн нуру, кычкылтек, кир жана микробдор сыяктуу сырткы таасирлерден сактайт. Капсулалардын бир нече түрү бар – желатиндин негизиндеги, крахмалдын негизиндеги жана энтеросолюбилдик.
Эң көп кезиккен капсулалар – желатиндин негизиндегилер. Алар ошондой эле «бат» эрүүчүлөр деп аталат. Алар дары организмге мүмкүн болушунча батыраак жетиши керек болгондо колдонулат.
Желатин көп учурда чочконун, буканын терисинен, жана ошондой эле чочконун жана бодо малдын сөөктөрүнөн өндүрүлөт. Дүйнө жүзүндөгү желатиндин 46% чочконун терисинен, 29,4% буканын терисинен жасалат, ал эми чочконун жана бодо малдын сөөктөрүнөн – 23,1%. Желатиндин мындай жасалышы мусулман жана еврей колдонуучулары үчүн чоң маселелерди жаратып келет. Ошондуктан фармацевтикалык компаниялар альтернатива катары желатинди эчкинин терисинен да жасай башташты.
Желатин капсуласы эрий башташы менен анын ичиндеги дары бошотула баштайт. Ал ашказанга бир-беш мүнөттөн кийин түшөт. Капсуланын кабыгы ашказан кычкылына сезгич келет жана ашказанга түшөрү менен эрип, дарыны бошото баштайт.
Орточо алганда желатин капсуласы ашказанда 15-30 мүнөттө толугу менен эрийт. Бирок бул көрсөткүч капсуланын курамына, өлчөмүнө, дарынын өзүнө жана организмдин өзгөчөлүгүнө жараша кыйла башка болушу мүмкүн.
Жай эрүүчү капсулалар
Бирок ошол эле учурда организмге аз-аздан жетиши зарыл, же ашказандан өтүп барып ичегиге түшүшү керек болгон витаминдер жана дарылар да бар. Мындайда таасири кечиктирилген жана узак мөөнөткө создуктурулган капсулалар колдонулат.
Таасири кечиктирилген капсулалар ашказандын кычкылынан өтүп, ичегиге түшүшү керек болгондой кылып жасалат. Мындай капсулалардын эриши үчүн 1-2 саат керек болот.
Таасири узак мөөнөткө создуктурулган капсулалар дарыны күнүнө бир нече жолу алуу зарылчылыгынан арылыш үчүн колдонулат. Мындай капсулалардын толук эриши үчүн 4 сааттан 12 саатка чейин убакыт керек.
Тыянак: калп. Биринчиден, видеонун автору сууда эритүүгө аракет кылган дарынын аталышын атаган эмес, ошондуктан роликте кандай капсула колдонулганы белгисиз.
Экинчиден, суунун pH көрсөткүчү нейтралдуу болгондуктан ал бул экспериментке жарабайт.
Үчүнчүдөн, желатин капсулалар толугу менен ашказан кычкылында эрийт. Ал эми таасири кечиктирилген жана узак мөөнөткө создуктурулган капсулалар толугу менен ичегиде эрийт.