Дүйнөнү Ротшильд аттуу жаран башкарат деген маалымат — фейк

Яков Ротшильд аттуу жаран дүнүйөсүнүн көптүгү  жагынан алдына эч кимди салбаган адам болгондуктан, ал дүйнөнү башкарат деген маалымат социалдык тармактарда  пайда болду.

Бул маалымат  бир нече жылдан бери айтылып келгендиктен, Factcheck.kg  Ротшильддин чыныгы капиталын текшерип көрүүнү чечти.

А дегенде эле тексттеги көптөгөн грамматикалык жана орфографиялык каталарга көңүл бурабыз. Текст бир жерден көчүрүп алынбай, кол менен терилгени белгилүү болот.

 

Мындан тышкары төмөнкү мүчүлүштүктөрдү байкайбыз:

  1. Сүрөттө расмий түрдө Джейкоб Ротшильддин жүзү тартылган, аны Яков деп эч ким атабайт.
  2. «Наполеондун убагынан тарта (автордун орфографиясы сакталды – ред.) дүйнө жүзүндө болуп өткөн бардык согуштарды мен каржылайм…».

Наполеон 1769-жылы, ал эми Джейкоб Ротшильд 1936-жылы туулганын белгилейбиз.

  1. Ротшильддердин династиясында бир нече бутактар бар. Алардын бири Улуу Британияда, экөө Францияда, бири Австрияда жана дагы бири Италияда. Үй-бүлөлүк мүлк бардык туугандарга бөлүштүрүлгөн. Андыктан, болгон каражат бир гана Джейкоб Ротшильдге таандык дегенден алыспыз. Мындан тышкары, учурда үй-бүлөнүн эки гана — француз жана британ бутагы гүлдөп атат.

Цитатаны интернет булактарынан издөө аркылуу сүрөттүн алгачкы чыгарылышын табабыз. Анда цитата орус тилинде начар сапатта которулганын аңдадык.

«Саламатсыздарбы, менин атым Джейкоб Ротшильд. Менин үй-бүлөм 500 триллион долларга ээ. Биз дүйнөнүн бардык борбордук банктарына ээлик кылабыз. Наполеондун мезгилинен тарта биз согушкан эки тарапты тең каржылап келебиз. Сиздердин жаңылыктар, жалпыга маалымдоо каражаттар, муңайзат жана сиздердин өкмөт — баары бизге таандык. Сиз биз тууралуу буга чейин такыр укпасаңыз керек».

Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, цитатада кошумча маалымат болгон жана англис тилинен орус тилине которулган текстте көптүк түр жеке түргө өтүп кеткен. Мындан тышкары, бул жеке адамдын айтылган сөзү эмес, финансисттин жалпы жонунан ойлоп тапканы экени белгилүү болду.

Ротшильддин үй-бүлөсү дүйнөнү башкаргыдай каражатка ээлик кылабы, текшерип көрүү зарыл.

2019-жылга карата бүткүл дүйнөдөгү жалпы каражат 361 триллион доллардан ашкан эмес.

Rothschild Group компаниясынын жылдык отчетуна ылайык, 2019-жылы жалпы киреше  875 миллион еврону түзгөн. Ошол эле учурда дүйнөдө эң ири дүң жана чекене сооданы жүргүзгөн  Walmart компаниясынын кирешеси 514,4 миллиард доллар болгон.

Мындан тышкары,  Forbes тизмегине да көз чаптырып көрөлү.

Бул тизмекке Ротшильддер үй-бүлөсүнүн эки мүчөсү кирген, алардын жалпы кирешеси 3,5 миллиард доллар. Династиянын мүлкү тууралуу башка булактарда такталган маалымат эмес, жалаң божомолдор гана табылды.

Белгилей кетсек, 2012-жылы 96 жаштагы (учурда көз жумган) Дэвид Рокфеллер жана 76 жаштагы Джейкоб Ротшильд капиталдарын бириктирип, активдерди башкарчу баасы 40 миллиард долларды чапчыган компанияны биргеликте ачкан. Ал эми жүздөгөн триллион долларлар тууралуу ишенимдүү маалымат булактары жок.

Ротшильддин ысымын дүйнөлүк конспирологиялык теория менен дайыма байланыштырып келишет. Бирок аны тастыктоочу бир да далил келтирилбейт.   Ниалл Фергюсон аттуу белгилүү тарыхчы жана журналист мындай деп жазган: «Согуштардын кесепетинен улам облигациялардын баасы төмөндөп калганын тарых көрсөттү. Жыйынтыгында карыз болгон өлкө территориясын жоготсо же жаңы территорияга ээ болсо, өзүнүн карызынан кутула албай калат. XIX кылымдын ортосунда Ротшильддердин династиясы капиталды башкаруудагы соодадан кетип, мамлекеттик облигацияларга көз  салган. Азыр бул тармакта акча жазаган күндө да, конфликт чыгып кетсе, династия капиталын көбөйтпөй, тескеринче, чыгаша болот…»

Жыйынтык: фейк. Ротшильд дүйнөнү башкарат деген маалымат кезектеги конспирологиялык теория болуп саналат.