Министрликтен 70 миң сом берилет деген маалымат — фейк

13-июлда WhatsApp мессенджеринен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен 70 миң сом өлчөмүндө пособие берилет деген маалымат тарады. Ага ылайык, каражат алуу үчүн берилген шилтеме аркылуу өтүп, өз ысымын табуу керек эле.  

Билдирүүдө Министрликтин расмий сайты эмес,  таптакыр башка сайт көрсөтүлгөн: https://b2d.buzz/kg-mlsp/.

Андыктан Factcheck.kg  окурмандарды интернет-шылуундардан коргоону көздөп, берилген шилтемени текшерип көрүүнү чечти. 

Эске салсак, мындан эки жыл мурун да ушул өңүттө маалымат тарап,  редакциябыз аны төгүндөгөн эле.

Жаңы билдирүүдө күмөн жараткан шилтемеден тышкары, ката жазылган текстке көңүл бурабыз.

Мындан тышкары, колдонуучуларга чакан тесттен өтүп, өз ысымын тизмеден табуу жана билдирүү менен бөлүшүү сунушталат.  Бирок, ошол эле учурда система колдонуучунун аты-жөнүн талап кылбайт.  

“Бөлүшүү” (“поделиться”) баскычын 5 ирет баскан соң, индикатору бар панель толуп калганын байкайбыз. 

Андан соң, кооптуу баракчага өтөбүз:

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги WhatsApp билдирүүсүн дароо төгүндөп, расмий билдирүү тараткан:

Жыйынтык: Министрликтен 70 миң сом пособие  берилет деген маалымат — фейк жана ал интернет-шылуундардын ойлоп тапканы.