Кайрадан дезинформация жана манипуляция. КТРКнын Kaktus Media тууралуу сюжетине МЕДИАСЫН

2022-жылдын 22-январында үч мамлекеттик ММК тең Kaktus.Media тууралуу сюжет чыгарды. Мамлекеттик ЭлТР, КТРК жана “Пирамида” телеканалдарынын журналисттери кесиптештерди “туура эмес маалымат таратты” деп сынга алып, алардын макала боюнча жоопко тартылышы тууралуу сөз кылышты. 

Бирок бул сюжеттердин ичинен манипуляция ыкмаларын көп колдонгон жагынан КТРКнын журналисттери алдыга суурулуп чыкты. Factcheck.kg “Медиасын” рубрикасынын алкагында дал ушул КТРКнын сюжетине саресеп салды.

Белгилей кетсек, буга чейин биз башкы телеканалдын журналисттеринин манипуляция ыкмалары жана жалган маалыматтары тууралуу бир нече макала даярдаганбыз. Бул сапар Kaktus.Media тууралуу сюжетиндеги мүчүлүштүктөр жөнүндө айтып беребиз.

Эске салсак, 27-январда “Кактус Медиа” ASIA-Plus аттуу тажик басылмасындагы жаңылыкты өзүнүн сайтына жайгаштырып, жыйынтыгында социалдык тармактарда резонанс жараткан.

28-январда ЖМК окурмандарга түшүндүрмө берип, Kaktus.media сайтында ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат жарыяланганын билдирген.

“Бул публикациянын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген”, – деп билдирген басылма.

Бирок, ЖМКнын билдирүүсү айрым окурмандарды канааттандырган эмес. 28-январда басылманын кеңсесинин жанында митинг болуп өткөн.

Factcheck.kg бул митингде активисттер менен Баткен облусунун тургундарынан тышкары өлкө башчысы Садыр Жапаров менен байланышы бар адамдар катышканын аныктап чыккан.

31-январда “Ала-Тоо” маалымат программасынын орус тилиндеги чыгарылышында “Ар бир жарыяланган кабар үчүн жоопкерчилик” аттуу сюжет чыккан

Сюжеттин башында диктор мындай деп айтат:

“Kaktus.Media сайтынын маалыматтык саясаты социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан чыккынчылык деп бааланган. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кыргыз аскерлери ок чыгарды делген маалымат агенттигинин жарыясы кыргызстандыктарды нааразы кылды. Бир аздан соң сайтта бул кабар өчүрүлдү” […].

Андан соң журналист кадр сыртында мындай деп билдирет: 

“Бейшембиден жумага караган түнү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кайрадан тынч болгон жок. Өлкө акыркы жылы экинчи жолу тажик тараптын агрессиясына кабылды. Kaktus.Media сайты такыр чындыкка дал келбеген он катышууну кыргыз аскерлери баштаган деген маалыматты чыгарды”.

Kaktus.Media макаласынан алынган скриншот экранга чоңойтулуп көрсөтүлөт. Макаланын биринчи жана экинчи абзацында маалыматтын алгачкы булагына шилтеме даана көрүнүп турганына карабай, журналист бул маалымат Asia Plus сайтынан алынганын белгилебейт. 

КТРК сюжетинен скриншот

Демек, маанилүү маалыматты жашырып, көрөрманды атайлап адаштырат. 

Россиялык “Монитор” басылмасы (themonitor.media) мындай көрүнүштөрдү манипуляциянын жана пропаганданын бир нече ыкмаларын колдонуу деп баалайт.

 

  • Дезинформация – маалыматты толук эмес берүү же зарыл болбой калган маалыматты берүү менен чаташтыруу, контекстти бурмалоо, аудиторияны манипуляторго керектүү аракеттерге үндөө үчүн маалыматтын бир бөлүгүн бурмалоо. Булак Коул, 1998,  210-312 б.
  • Тандалма чындык – үгүт ыкмасы, мында манипулятор аудиторияга чындыкты айтат, бирок анын өзүнө пайдалуу бөлүгү гана айтып, калганын жашырат. Булак – Коул, 1998, стр. 210-312.
  • Жек көрүү  – манипулятордун күчтүү куралы, анткени каардуу жана ырайымсыз душман аудиториянын боорукердигине эч качан ээ боло албайт. Душманды жек көрдүрүү менен манипулятор өз максатына жете алат. Булак-  Тагвелл, 1979, стр.295-324.

Буга катар Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 2 жана 8-беренелеринин бузулушуна жол берилген.

2-берене: сөз эркиндиги журналисттин ишмердигинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кандай гана кырдаалда болбосун ар бир адамдын сөз, ой-пикир айтуу жана маалымат алуу эркиндигине укугун камсыз кылуу үчүн журналист сөз эркиндигин коргоого, маалыматты бурмалоо жана цензура киргизүү аракеттерине каршы турууга тийиш.

8-берене: Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү.

Мындан тышкары, сюжетте медиаэксперттердин комментарийлери берилген: үч респондент тең чыр-чатактын андан ары курчушуна жол бербөө үчүн маалыматты текшерүү маанилүү экенине басым жасаган. Бирок, эксперттердин бири дагы жергиликтүү басылма тажик сайтынын жаңылыгын чыгарганы тууралуу үн каткан эмес. 

“Социалдык тармактын колдонуучулары басылманын редакциялык саясатын өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына карата чыккынчылык деп эсептешүүдө […]», – деп айтылат сюжетте.

Ошону менен “чыккынчылык” тууралуу сюжетте эки ирет кайталанат. Бул эмнеден кабар берет? Бул журналистердин кайра-кайра кайталоо ыкмасын пайдаланып, Kaktus.Media басылмасына “чыккынчы” деген тамга басуу, көө жабуу аракетинен кабарлайт. Бул ыкма аркылуу журналист Этикалык кодекстин 23-беренесинин дагы бузулушуна жол берген:

  • Кайталоо ыкмасы. Кайталоо обонго салынышы мүмкүн, же ар кай жерде жайгаштырылган сүрөт иретинде болушу мүмкүн. Мындан тышкары, фраза, текст, тасманын кадры же башка түрдө берилет. Манипуляциянын бул ыкмасы кандайдыр бир образды адамдардын эсинде калтыруу максатында пайдаланылат. Булак – Коул, 1998, б. 210-312.
  • Көө жабуу, тамга басуу (навешивание ярлыков)  аудиторияга каарман тууралуу белгилүү бир мүнөздөмөнү алдын ала таңуулап, окурманды өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Булак- Коул, 1998, стр. 210-312.
  • 23-берене: журналист өз кесиптештерине залака келтирбей, алардын абийирин жана ар-намысын урматташы абзел. Кесиптик тилектештик алкагында журналист кесибинин, чынчыл атаандаштыктын, сөз жана маалымат эркиндигинин кызыкчылыгы үчүн күч үрөөгө тийиш.

Сюжеттин соңунда журналист билдирүүсүн аты-жөнү белгисиз “аналитиктердин” сөзү менен “тастыктайт”: 

“Ошол эле учурда аналитиктер жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги жөнүндө белгилешет. Өзгөчө, өлкө үчүн кыйын учурда, сырттан реалдуу коркунуч келип турганда”.

Бул манипуляциянын “анонимдүү авторитет” ыкмасы жана Этикалык кодекстин 18-беренесине карама-каршы келет:

  • Анонимдүү авторитет – манипуляциянын эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Анда эксперттердин, окумуштуулардын билдирүүлөрү айтылат, бирок алардын ысымы белгиленбейт. Булак – Сороченко, 2006, 245-249 б.
  • 18-берене: социалдык иликтөөлөрдүн мазмунун бурмалагыдай тандалма цитаталарды пайдаланууга жол берилбейт. Журналисттик сурамжылоолор да кайсы бир натыйжага жетүүнү көздөп бурмаланбоого тийиш. Журналист өз материалынын каармандарына, тигил же бул көрүнүштөргө жана окуяларга терс же оң пикирин билдирген купуя эксперттердин сөздөрүн колдонуудан баш тартканы абзел.

Жыйынтык: Kaktus.Media басылмасы тууралуу сюжеттм даярдоодо КТРКнын журналисттери

  • “дезинформация”, “тандалма чындык”, “жек көрүү”, “кайталоо”, “көө жабуу”, ошондой эле “анонимдүү авторитет” аттуу манипуляция ыкмаларын колдонушкан
  • Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 2, 8, 18 жана 23-беренелеринин бузулушуна жол беришкен.