УКМКнын сайтындагы коопсуздук боюнча кеңеши 100% плагиат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2021-жылы 16-августта жарандардын коопсуздугун коргоо максатында “Азгырууга (вербовка) туш болсоңуз эмне кылуу керек?” деген маалыматты бөлүшкөн. Анда жарандарды сак болууга чакыруу менен бирге Украинанын бир канча шаарлары жана мыйзамдары көрсөтүлгөн. 

УКМКнын сайтындагы коопсуздук боюнча кеңеши 100% плагиат (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы УКМК тараткан маалыматты антиплагиатка текшерип көрдү. 

100% пайыз плагиат 

УКМК тараткан коопсуздук боюнча кеңештин алгачкы сүйлөмүнөн эле анын плагиат экенин билүүгө болот. Анда:

“Украинанын аймагында гибриддик согуш учурунда, Россия Федерациясынын атайын кызматтары тарабынан чалгындоо жүргүзүлүшү мүмкүн. Алар чалгындоо маалыматын чогултууга, провокацияларды уюштурууга жана ушул сыяктуу кадамдарга кызыктар. Тобокелдик катмарга: аскер кызматкерлери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, АТОнун (ООС) катышуучулары, Россия Федерациясында саякаттап жүргөн жарандар жана алардын туугандары болуп эсептелет”, — деп айтылат. 

Белгилей кетсек, Россия менен Украинанын ортосунда көп жылдан бери болуп келе жаткан “гибриддик согуш” бар.

Ал эми 2021-жылы апрель айында бул абал дагы да чыңалган. Азыркы учурга чейин Донбасс аймагында байма-байма ок атышуу катталып келет. 

Бул окуяга байланыштуу Россия жана Украина бири-бирин күнөөлөп жарандарга коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды берип келет.

Кыргыз Республикасынын УКМКсы тараткан билдирүүдө Кыргызстан жөнүндө бир да сөз болгон эмес. Ал эми билдирүүнүн оригиналы Украинанын коопсуздук кеңешинин сайтында жарыяланган. 

УКМКнын сайтындагы коопсуздук боюнча кеңеши 100% плагиат (Фактчекинг)

Билдирүүдөгү маалыматтар сөзмө-сөз окшош экенин көрүүгө болот.

Кызыгы, билдирүүнүн эң акырында Украинанын мыйзамындагы беренелер мисал келтирилген.

“Чет элдик атайын кызматтар менен кызматташуу улуттук коопсуздукка каршы кылмыш болуп саналат. Украинанын Кылмыш-жаза кодекси муну мамлекетке чыккынчылык катары баалаган. Бул кадамга баргандар мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

Ошол эле учурда Украинанын Кылмыш-жаза кодекси эгерде адам өзүнүн ыктыяры менен чет элдик чалгын кызматы менен байланышы бар экенин билдирген болсо, кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну карайт (111-берененин 2-бөлүгү). 2017-2019-жылдар аралыгында бул укуктан 43 адам пайдаланып, жоопкерчиликтен бошотулган.”, — деп жазылган.

Башкача айтканда, УКМК тараткан коопсуздук кеңеши боюнча маалыматтын Кыргызстан менен байланышы жок.

Жыйынтык: Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тараткан коопсуздук кеңеши 100% плагиат экени чындык. Бул кеңешти Украинанын коопсуздук кызматы тараткан.

Булак: pk.kg