Адам келбетүү ит. Чыныгы жаныбарбы же фотошоппу?`

Социалдык тармактарда Нори аттуу автралиялык пудель тукумундагы иттин сүрөтү тарады. Норинин жүзү адам сымал болгондуктан, анын чыныгы жаныбар экенине көптөгөн колдонуучулар күмөн санап, сүрөт фотошоп менен жасалган деп шектеништи. 

Ал эми Factchek.kg маалыматтын чын-төгүнүн аныктады. 

Интернеттен «нори пудель» деп издесек,  буга чейин көптөгөн сайттар табышмактуу ит тууралуу макала даярдаганын көрөбүз. Демек, Нори жетишерлик деңгээлде атактуу. 

Бирок, Нориге чейин Йоги аттуу ит тууралуу айтылып келген. Йогинин жүзү да адамдыкындай болгон.

Yogi the dog with a human-like face

(https://t.co/geQc8nzg7z…) pic.twitter.com/2IXixKdq9Y

— 41 Strange (@41Strange) September 23, 2019

Дал ошондо  Норинин ээси  Кевин Хёрлесс өзүнүн итинин сүрөттөрү менен бөлушө баштаган. 

I wonder if he’s related to Nori @figurativelol pic.twitter.com/tRLvIzuBU9

— kj (@HurlKevlar) September 24, 2019

Норинин таң калычтуу жүзү дароо колдонуучулар менен журналисттердин көңүлүн бурган. Ал эми Нори тез убакта "жылдызга" айланган. 

Бул иттин тукумунда адам сымал келбети барлар кездешпегенинен улам, Норинин жүзү генетикалык мутациябы деген суроо туудурат.  

Көрсө, Нори  пудель жана  той-пудель тукумдарын аргындаштыргандан улам пайда болгон экен. 

Норинин сүрөттөрү жарыяланып турган инстаграм-аккаунту да бар: https://www.instagram.com/norichiban/

Жыйынтык:

Чындык. Адам сымал ит – чыныгы жаныбар.