Ысык-Көлдө тартылган таң калычтуу сүрөттү текшеребиз
Facebook социалдык тармагында Ысык-Көлдө тартылган булуттун сүрөтү тарап, колдонуучуларды таң калтырды. Укмуштуудай пейзаж чындыкка коошпогонунан улам, айрымдары аны фотошоп деп кабыл алды.
Ал эми Factcheck.kg, адатынча, маалыматтын чын-төгүнүн текшерди.
1. Сүрөттү текшеребиз
Fotoforensics.com ресурсу аркылуу сүрөт бир нече булактан алынып чапталганбы, же монтаждалганбы, текшеребиз.
Бул сүрөт монтаждалса, айрым бөлүкчөлөр башкаларынан даана айырмаланып турмак эле. Бирок андай болгон жок.
Сүрөттү чоңойтсок, анын ар бир элементи башкасына шайкеш келгени байкалат жана жасалма, чапталма деталдар көрүнбөйт.
2. Сүрөт жарыяланган алгачкы булакты издейбиз
Маалыматты жайгаштырган колдонуучу алгачкы булак катары smi.kg. аттуу сайтты көрсөткөн. Бирок бул жерден тиешелүү далилдер табылган жок.
Интернеттен издөө салып, жергиликтүү ЖМКлардын бири, elgezit.kg сайты да көрүнүктүү пейзаж тууралуу жазып чыкканын аныктайбыз.
Анда мындай деп айтылат: “Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы жээгинен тартылган асмандын сүрөтү «Бишкек сегодня» телеграм-каналында колдонуучу тарабынан жарыяланды. Анда асманды калың булут каптап турганын көрсө болот. Сүрөттүн авторунун айтымында, мындай көрүнүш 12-октябрда тартылган”.
«Бишкек сегодня» телеграм-каналынан дал ушул сүрөттү табабыз, ал Pioneer аттуу колдонуучу тарабынан жарыяланган.
Ал сүрөттүн автору өзү эмес экенин Factcheck.kg редакциясына билдирди жана укмуштуудай пейзажды алач Вадик Жуков аттуу колдонуучудан алганын айтты.
Мындан тышкары, Pioneer аттуу колдонуучу сүрөт 12-октябрда Баетов айылынын тегерегинде тартылганын кошумчалады. Ал күнү асманды чын эле булут калың каптап турганын айтып, ага далил катары Баетовдогу “Ак-Марал” пансионатында өзү тарткан сүрөттү көрсөттү.
Бул сүрөттө да асманды калың булут каптап турат. Бирок эки сүрөт тең чын эле Баетовдо тартылганбы же жокпу, текшерүү зарыл.
Алгач сүрөткө көз чаптырып, андан көптөгөн деталдарды байкайбыз:
Дал ушундай жерди Google maps акрылуу издеп, Балыкчыдан Чолпон-Атаны көздөй бараткан жолдо, Баетов айылы башталган жерден табабыз. Демек, сүрөт чын эле ушул айылдан тартылган.
Ошол эле Google maps тиркемесинин жардамы менен көлдүн жээгине көз чаптырып, сүрөт тартылган жерди табабыз. Мунун далили катары бактар, пирстер жана жердин башка өзгөчөлүктөрү эске алынат:
Эки сүрөттө тең асманды булут каптап турганы даана байкалат.
Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарында 12-октябрда аба ырайы кандай болгонун текшеребиз.
Архивде көрсөтүлгөндөй, 12-октябрда күн бүркөк болгон. Демек, бул маалымат биздин сүрөттүн чын экенин тастыктаган дагы бир далил болот алат.
Жыйынтык:
Сүрөт монтаждалган эмес. Андагы табигый көрүнүш Ысык-Көлдө болушу толук ыктымал. Сүрөттүн анык экенин ошол эле күнү тартылган дагы бир сүрөт тастыктайт.