Аялдарды атайлап басынтуубу же диний ырымбы?

Социалдык тармактарда кечил кийимчен аялдардын дин кызматкеринин бутунүн түбүндө жаткандагы сүрөтү тарады. Бул сүрөттү текшерип берүү өтүнүчү менен редакцияга окурманыбыз кайрылды.  

Автор ислам дининен айырмаланып, христиан дининде аялдар көп кордолот деп, сүрөткө мүнөздөмө берген. Биздин окурмандарыбыз буга ишенбей, фотошоп деп баалаган.

Биз сүрөттү текшерип, ал фотошоп эмес экенин аныктадык. Белгилей кетсек, сүрөт көп жылдан бери христиан дининде айымдардын кор болгонун даңазалоо максатында гана түрдүү сайттарда көчүп конуп жүрөт.

Алгач ал 2008-жылы ebnmaryam.com аттуу мусулман сайтында монахтардын сексуалдык оргияларын мүнөздөгөн “Секс жана христиандык” аттуу макаласында жарык көргөн. 

 

Чынында бул сүрөт  аялдарга да мүнөздүү диний жөрөлгө учурунда тартылган

Айымдарды жерге жаткырган бул ырым бир катар христиандардын диний жөрөлгөлөрүнө мүнөздүү.

  1. Христиан дининде 3 түрдүү сан бар экени айтылат. Алар диакон, дин кызматкери жана епископ.  ХХ кылымдын 90-жылдарынан баштап, аялдар да ушул жөрөлгөгө өтө баштаган.

2. Ушундай эле ырым-жырым Машаякка кыз узатуу салтанатында дагы колдонулат. Бул католик дининдеги аялдар, эгер алар Машаяктын колуктусу болуп, өмүрүн Кудайга арнагысы келсе, берген убадасы. Ритуалды баштоо аземиндеги эң маанилүү учур – аялдын курмандык чалынуучу жайга саждага отурушу.

3. Ошол эле жөрөлгө адамдар өз өмүрүн Ыйса Машайактын ыктыярдуу кызматына арнаганда пайда болот. Ал эркектер үчүн да, аялдар үчүн дагы бирдей.

Мындай жөрөлгөгө аялдардын катышуусу буга чейин талаш жаратып келген. Ага себеп катары айымдарды бардык нерседен баш тартууга милдеттендирген аскеттик айтылып келген.

Айрым учурларды эске албаганда, өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери гана Англиянын, Германиянын, Италиянын жана АКШнын бир катар католик жамааттары чиркөөгө тыюу салуудан баш тартып, дин кызматчы аялдарды дайындашкан.

 

Жыйынтык: бул чыныгы сүрөт. Анда эркектерге да, аялдарга да бирдей мүнөздүү христиандардын каада-салты чагылдырылган. Бул ырым-жырымда аялдарды басынтуу  максаты жок.