«Жетинчи каналга» медиасын: тең салмактуулуктун жоктугу жана манипуляция

“Жетинчи канал” — өлкөдөгү аудиториясы көп ММКлардын катарына кирет. Facebook соцтармагында бул каналга 138 миң колдонуучу, “Инстаграмда” 470 миң, ал эми YouTube каналында 233 миң колдонуучу катталган.

Factcheck.kg “Медиасын” рубрикасынын алкагында телеканалдын сюжеттерине саресеп салып, алардын арасында бир тараптуу маалымат берилген учурлар кездешерин жана манипуяция ыкмалары колдонулуп, кесиптик этика бузулганын аныктады.

Каныбек Иманалиев тууралуу сюжет

2020-жылдын 8-февралында “Иманалиев элдин маянасын төлөбөй жатабы?” аттуу сюжет жарыяланган. Анда “Эркин Тоо” басмаканасы приватизация болгон учурда кызматкерлер бир жылдык айлыгын ала албай калганы айтылат. Мындан тышкары, 2001-жылы Иманалиев 40% акцияны арзан баада менчиктештиргени тууралуу жана ишкананы толук колго алгысы келгендиги жөнүндө маалымдалат. Сюжеттин соңунда люстрация тууралуу кеп козголуп, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Эсенгул Исаковдун комментарийи берилет. Мындан тышкары, сюжетте Иманалиевдин иши боюнча коомдук комиссия түзүү керектиги айтылат. Бирок Исаков “Эркин Тоо” басмаканасы тууралуу да, Каныбек Иманалиевдин иши тууралуу да кеп козгогон эмес эле. Мындан улам, интервьюнун каарманга кандай тиешеси бар деген суроо жаралат. Мындан тышкары, материалда өлкөдөгү абалды жакшыртуу үчүн люстрация, реформа жүргүзүү жана коррупция менен күрөшүү керектиги тууралуу маалымдалат.

Сюжеттен алынган цитаталар:

«Кыргыз деп ураан чакырып сүйлөгөнү менен, Каныбек Иманалиевдин жасаган иштери сөзүнө дал келбейт дешет, аны жакшы тааныгандар».

«Ал сыяктуу өзүн патриот катары көрсөтүп, мамлекеттин каражаттарын көп жылдардан бери митедей соруп келе жаткан аткаминерлер абдан көп».

Журналист макала даярдоодо манипуляциянын бир нече ыкмаларын колдонгон. Сюжетте конкреттүү фактылар келтирилген эмес жана тең салмактуулук принциби бузулган. Ал эми эксперттин берген комментарийи Каныбек Иманалиевдин ишине тиешеси жок.

Ошентип, сюжетте манипуляциянын бир нече түрү колдонулат:

Көпчүлүккө шилтеме берүү – автор мисал катары “көпчүлүккө таандык делген” пикирди айтып, конкреттүү мисалдарды келтирген эмес. Мындай ыкма моралдык баалуулуктар менен байланыштырылып, автордун сөзүнө аудиторияны ишендирүү максатында колдонулат.

Дезинформация – коомду туура эмес, толук эмес же толук кандуу бирок маанилүүлүгүн жоготкон, айрым бурмаланган маалыматтар менен камсыздоо жана окурмандын/көрөрмандын манипуляторго керектүү кадам жасашына түрткү берүү. Булак– Коул, 1998,  210-312 б..

Көө жабуу, тамга басуу (навешивание ярлыков) аттуу манипуляция ыкмасы аудиторияга каарман тууралуу белгилүү бир мүнөздөмөнү алдын ала берип, окурманды өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Булак- Коул, 1998,  210-312 – беттер.

Жалпылоо — кайсы бир топтун айрым бөлүгүнүн сапатын жалпылап бүтүндөй топко тиешелүү кылып көрсөтүү.

Ошондой эле Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 10-беренесине ылайык, фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

Журналист Иманалиев тууралуу материал даярдаганына карабай, анын пикирин берген эмес. Сюжет бир тараптуу даярдалып, тең салмактуулук принциби көңүл сыртында калган. Бул Этикалык кодекстин 17-беренесинин бузулушуна алып келген:

Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабыл алынган адамдардын пикирлери тең салмакта берилиши шарт. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 17-берене.

Абдил Сегизбаев тууралуу сюжет

2020-жылдын 15-февралында “Абдил Сегизбаев көптөгөн жер тилкелерин мыйзамсыз сатканбы” аттуу сюжет жарык көргөн.

Материал мындайча башталат:

“УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев буга чейин өзүн ак карга кылып көрсөтүп, мамлекеттин бир дагы мүлкүнө кол салбаганын айтып келген. Бирок Сегизбаевдин былык иштери көп өтпөй эле ашкере боло баштады”.

Мында журналист сюжеттин каарманы тууралуу пикирин көрөрманга таңуулап, Этикалык кодекстин 10-беренесинин бузулушуна жол берген:

Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

Ошол эле учурда жогорудагы сүйлөмдө “бүдөмүк жана күмөн аттуу манипуляция ыкмасы колдонулган.  Бул манипуляция каармандын кадыр-баркына шек келтирүү же ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү максатында терс — талаштуу, же жалган маалыматтарды таратуу менен аудиторияга таасир этүү аракети болуп саналат.

Сюжеттен алынган дагы бир цитата:

«Абдил Сегизбаев сымал кыңыр иши барлар өлкө казынасын келемиштей кемирип, аз акча төлөп жазадан кутулуп кетем деген тилектерин таш капты».

Мында “каралоо” аттуу манипуляция ыкмасы колдонулган. Бул ыкма коомго таасир этүү максатында көп колдонулат. Манипулятор аудиториянын эмоцияларына таасир берип, көрөрман начар деп эсептеген идеяларды көтөрүп чыгат да, ага каршы универсалдуу рецепттерди сунуштайт.   Мындан тышкары, журналисттин сөзүндө “стереотип” аттуу манипуляция ыкмасы да байкалат. Анда көрөрмандын каарманга карата жек көрүү, жийиркенүү жана башка эмоционалдык сезимдерин пайда кылуучу сөздөр колдонулат, ал эми фактылар жана пикирлер даана ажыратылган эмес.

Буга чейинки Каныбек Иманалиев тууралуу сюжеттегидей эле, Абдил Сегизбаев тууралуу сюжетте да каармандын пикири чагылдырылган эмес. Бул журналистиканын эң негизги принциптеринин бири болгон баланстын, тең салмактуулуктун жана калыстыктын жоктугунан кабар берет.

Жыйынтык:

Журналист Абдил Сегизбаев тууралуу сюжет даярдоодо манипуляциянын бир нече ыкмасы колдонуп, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин бузулушуна жол ачкан:

Каралоо — коомго таасир этүү максатында көп колдонулат. Манипулятор аудиториянын эмоцияларына таасир берип, көрөрман начар деп эсептеген идеяларды көтөрүп чыгат да, ага каршы универсалдуу ыкмаларды сунуштайт.

Стереотип – аудиториянын каарманга карата жек көрүү, жийиркенүү жана башка эмоционалдык сезимдерин пайда кылуучу сөздөр колдонулат, ал эми фактылар жана пикирлер даана ажыратылбайт.

Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 10-берене.

     Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабыл алынган адамдардын пикирлери тең салмакта берилиши шарт. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 17-берене.      

Улукбек Марипов тууралуу сюжет

2020-жылдын 3-февралында «Жетинчи канал» «Улукбек Мариповдун былыктары коомчулукка ачыкталууда» аттуу сюжет жарыялады.

Материалдын башында журналист мындай деген:

«Улукбек Мариповдун премьер-министр болушуна каршы адамдар күн санап көбөйүүдө. Бүгүн “Ак үйдүн” алдына Оштон келген беш аял Мариповдун талапкерлигин алып салуусун талап кылып, митингге чыккан. Социалдык тармакта да бул боюнча талкуу кызыды». Андан соң соцтармактын эки колдонуучусунун Мариповдун дайындалуусуна каршы пикири берилет.  

Ошентип, журналисттин «Улукбек Мариповдун премьер-министр болушуна каршы адамдар күн санап көбөйүүдө” деген сөзү фактылар менен тастыкталган эмес. Андыктан кесиптик этиканын 10-беренеси бузулган.

Мындан тышкары, “жалпылоо”, “масштабды бурмалоо” аттуу манипуляция ыкмалары колдонулган.

Жалпылоо — кайсы бир топтун айрым бөлүгүнүн сапатын жалпылап бүтүндөй топко тиешелүү кылып көрсөтүү.

Масштабды бурмалоо — окуялардын чыныгы масштабын анын маанисин төмөндөтүү же апыртуу үчүн өзгөртүү.

 Гипербола ыкмасы —  окуяны апыртуу:  “Мариповдун премьер-министр болушуна каршы адамдар күн санап көбөйүүдө …”    

Андан соң журналист Мариповдун атасы эки өспүрүм баланы 2,5 жыл бою кулчулукта кармап, акысыз иштеткендиги атйлып келерин кабарлайт. “Анысы аз келгенсип, ур-токмокко алып, зомбулук көрсөткөн”. Бул сөздү тастыктоо иретинде өспүрүмдөрдүн жана алардын чоң энесинин комментарийлери берилет.  Бул учруда сынга кабылган сюжеттин каарманынын да пикири берилиши керек эле. Бирок, тилекке каршы, тең салмактуулук принциби көңүл сыртында калган.

Кабарчы Улукбек Мариповдун иниси Бакыт Марипов Ноокат районунун акими болуп турган кезде өнөктөшүн 2.5 млн сомго алдап кеткенин айтат. Кайрадан өнөктөшүнүн пикири берилип, сынга кабылган Бакыт Мариповдун позициясы чагылдырылган эмес.

Эске салсак, каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабыл алынган адамдардын пикирлери тең салмакта берилиши шарт. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 17-берене.      

Аудиторияга терс каармандын образын түзүү максатында манипуляция ыкмалары колдонулган. Журналист көрөрманга Мариповдун “кемчиликтерин” жеткирүү үчүн анын атасы жана иниси кылды делген иштер тууралуу баяндайт, бирок Улукбек Марипов жакындарынын кылган иштери үчүн жооптуу эместигин белгилей кетүү зарыл.

Бул жерде “душманды шайтанга айландыруу” ыкмасы пайлаланылган. Текшерилбеген же болбосо жалган маалыматты пайдалануу менен оппонент абийирсиз, таш боор, адам эмес кылып көрсөтүү. Булак – Коул, 1998,210-312б.

Каралоо – манипулятор аудиториянын эмоцияларына таасир берип, көрөрман начар деп эсептеген идеяларды көтөрүп чыгат да, ага каршы универсалдуу ыкмаларды сунуштайт. Сюжетте укук коргоочу Турсунбек Акундун, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Жылдыз Жолдошеванын жана саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин комментарийлери берилет. Үчөөнүн тең сөзү Мариповдун дайындалышына каршы келет.

Ошентип, “көпчүлүккө шилтеме берүү” аттуу манипуяция ыкмасы жасалма жол менен таңууланат. Көрөрман “эгер баарынын ою бир жерден чыкса, демек бул туура пикир” деген ойдо калат.  Булак – Коул, 1998, б. 210-312.

Мындан тышкары, Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 17-беренеси бузулган.

“Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, кесиптик ишмердүүлүктү жүргүзүүдө журналист

  • даярдалган материалдардын жана билдирүүлөрдүн тууралыгын текшерүүгө,
  • объективдүү маалыматтарды берүүгө;
  • күнөөсүздүк презумпциясы принцибин карманууга;
  • адамдын укугун жана эркиндигин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдетүү.

     Жыйынтык:

Улукбек Марипов тууралуу сюжетте “Жетинчи каналдын” журналисти бир нече манипуляция ыкмасын пайдаланып, Этикалык кодекстин жана мыйзамдын бузулушуна жол берген:

  • “Жалпылоо”, “масштабды бурмалоо”, “каралоо”, “думшанды шайтанга айландыруу”, “көпчүлүккө шилтеме берүү ” ыкмалары;
  • Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 10- жана 17-беренеси;
  • “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 7-беренеси.

Мындан тышкары “Жетинчи канал”

  • журналист Али Токтакунов коррупцияга каршы тынчтык маршына катышкан соң, анын абийирине шек келтирчү материалды жарыялаган;
  • президенттикке талапкерлигин койгон Имамидин Ташовдун ишин дискредитациялоочу сюжет жарыялаган. Ал сюжетте журналистиканын негизги принциптери бузулуп, манипуляциянын бир катар ыкмалары пайдаланганын көрсө болот.

Эске салсак, Юстиция Министрлигинин маалымат базасына ылайык, “Жетинчи каналды”  УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси  Казыбек Ташиев негиздеген.