Депутаттыкка аттангандардын 400гө чукулун жумушсуздар түзөт

БШК 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого аттанган талапкерлердин иштеген жерлери жана жумуш чөйрөсү көрсөтүлгөн тизмени жарыялады. Буга ылайык 21 партиядан шайлоого аттанган талапкерлердин 400гө жакыны жумушсуз экени аныкталды.

Factcheсk.kg журналисттеринин эсебинде жумушсуз талапкерлердин көптүгү боюнча «Күчтүү регион» партиясы эң алдыда. Анда 30 талапкердин ичинен 29у жумушсуз жарандар болуп чыкты. Кийинки орунда «Кыргызстан Жашылдар партиясы» турат.  Партияда 26 талапкердин 22си жумушсуз (85%). Үчүнчү болуп «Легалайз» партиясы аныкталды – 27 талапкердин 20сы жумушсуз (74%).

Ал эми жумушу барлардын саны боюнча алдыга чыккан партия – бул «Аруузат» партиясы. Анда 54 талапкерден 6сы  эч жерде иштебейт (11%). Экинчи орунда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы турат. Мында жалпы 9 талапкер жумушсуз деп көрсөтүлгөн (17%). Ал эми үчүнчү орунду «Ынтымак» партиясы ээледи – 53 талапкердин 12син жумушу жоктор түздү (23%).

БШК каттаган 21 партиянын талапкерлеринин толук тизмеси 1010 адамдан турат.  Алардын 389у өзүн «жумушсуз» же «убактылуу эч жерде иштебейт» деп белгилешкен.

Катталган партиялардын тизмеси, талапкерлердин жана ишсиздердин саны:

Саясий партиялар Жумушсуздар пайызы (%) Жумушсуздардын саны Талапкерлердин саны
«Күчтүү Регион» 97% 29 30
«Кыргызстан Жашылдар партиясы» 85% 22 26
«Легалайз» 74% 20 27
«Мекенчил Эл» 56% 30 54
«Эл Үмүтү» 48% 26 54
«Бүтүн Кыргызстан» 45% 24 53
«Азаттык» 43% 23 53
«Ордо» 43% 22 51
«Ыйман Нуру» 41% 22 54
«Альянс» 41% 22 54
«Улуттар Биримдиги» 35% 19 54
«Биримдик» партиясы 35% 19 54
«Багыт» 33% 15 45
«Жашасын Кыргызстан» 31% 8 26
Социал-Демократтар 31% 17 54
«Ата Мекен» 28% 15 53
«Улуу-Журт» 28% 15 53
«Ишеним» 26% 14 54
«Ынтымак» 23% 12 53
«Ата-Журт — Кыргызстан» 17% 9 54
«Аруузат» 11% 6 54
Баардыгы: 39% 389 1010
Саясий партиялар Жумушсуздар пайызы (%) Жумушсуздардын саны Талапкерлердин саны
«Күчтүү Регион» 97% 29 30
«Кыргызстан Жашылдар партиясы» 85% 22 26
«Легалайз» 74% 20 27
«Мекенчил Эл» 56% 30 54
«Эл Үмүтү» 48% 26 54
«Бүтүн Кыргызстан» 45% 24 53
«Азаттык» 43% 23 53
«Ордо» 43% 22 51
«Ыйман Нуру» 41% 22 54
«Альянс» 41% 22 54
«Улуттар Биримдиги» 35% 19 54
«Биримдик» партиясы 35% 19 54
«Багыт» 33% 15 45
«Жашасын Кыргызстан» 31% 8 26
Социал-Демократтар 31% 17 54
«Ата Мекен» 28% 15 53
«Улуу-Журт» 28% 15 53
«Ишеним» 26% 14 54
«Ынтымак» 23% 12 53
«Ата-Журт — Кыргызстан» 17% 9 54
«Аруузат» 11% 6 54
Баардыгы: 39% 389 1010