Президенттин Шотландияга болгон сапарына болжол менен 19.8 млн сом жумшалды

31-октябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров Глазго шаарына (Шотландия) учуп барганы айтылууда. Ал БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Алкактык конвенциясынын тараптарынын 26- конференциясына катышты.

Factcheсk.kg басылмасы президент саммитке кандай учак менен барганын жана ижара суммасын аныктаганга аракет жасады.

Flightradar24 сайтынан алынган маалыматтар боюнча  Air X Charter авиакомпаниясынын 9H-NYC номурлуу Embraer Lineage 1000 учагы 31-октябрда Бишкектен Престуик шаарына (Шотландия) учкан. Бишкек убактысы боюнча 13:30да чыгып 15:21де белгиленген шаарга конгон.

Air X Charter авиакомпаниясы тууралуу

Air X Charter – Мальталык жеке чартердик авиакомпания. Air X Charter Мальтадагы европалык авиаташыгычтын сертификаты бар жана 14 учак флотун башкарат. Башкы кеңсеси Мальтада, экинчиси Лондон шаарында жайгашкан.

 Учак тууралуу

Embraer Lineage 1000 (E190) – бизнес-класстагы реактивдүү учак. Ал Embraer авиакурулуш компаниясы тарабынан Бразилияда чыгарылат. Жогорку ылдамдыгы саатына/890 км, учуу алыстыгы 8344 км түзөт жана ичине 19 адамды батыра алат.

Учактын баасы болжолу менен 43.7 млн долларды түзөт.

9H-NYC номурлуу борт 11 жыл мурун куралган. Үстүбүздөгү жылы ал жалпысынан 6 рейс жасоого үлгүрдү.

Учактын ички көрүнүшү төмөндөгүдөй:

Учактын ижара баасы канча турат?

Мындай учактын ижара баасы болжолу менен саатына 12 000 евродон жогору, же 1.2 млн  сомду түзөт (КРУБ курсу боюнча). Бишкек-Прескуик рейси 8 саатка созулат. Андыктан бир тарапка учуунун болжолдуу баасы  96 000 еврону түзүүдө  (9.5 млн. сомго жакын). Ал эми учак менен кайра кайтуу жолун эсепке алсак, сапар болжолу менен  190-200 000 еврого (19.8 млн  сом) бааланат.

 Эмне үчүн президент өз учагы менен барган жок?

Маалыматтарга ылайык кабыл алуучу тарап президенттин ТУ-154 учагы техникалык жактан эскирип эл аралык талаптарга жооп бербегендиги үчүн алардын өлкөсүнө конууга мүмкүн болбогондугун эскерткен.

№1 борт – ТУ-154 учагы 1993-жылы чыккан. Россиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча бул учакты 2006-жылы президент Владимир Путин Курманбек Бакиевге белек кылган. Кыргызстанда бул учак 12 жыл эксплуатацияланган, ал эми жалпысынан 25 жылдан бери колдонулуп келет.