“Ата-Журт- Кыргызстан” партиясынын УКМК төрагасы менен байланышы. Фактчек

23-нобярда өткөн теледебат учурунда “Азаттык” партиясынын талапкери Бактыбек Калмаматов “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык экенин билдирди. Анын айтымында бул саясий бирикме бийликчик болгондуктан, шайлоодо жеңишке жетсе, бийликти сындай албайт.

 

Ал эми “Ата-Журт – Кыргызстан” партиясынын лидери Айбек Маткеримов партиянын Ташиевге эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Эске салсак, буга чейин массалык маалымат каражаттарында аталган партия Камчыбек Ташиевге таандык деп бир нече ирет айтылып келген.  Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы жергиликтүү кеңешке Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев дал ушул партиянын курамында аттанган.

Factcheck.kg Маткеримовдун билдирүүсүн текшерип көрдү.

Эске салсак, Айбек Маткеримов  ​​Барпы айылында Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров негиздеген “Ата Журт” партиясынан жергиликтүү кеңешке депутат болгон.

Бул маалыматты Маткеримов дебат учурунда да тастыктаган жана Камчыбек Ташиевден элге кызмат кылууну, чынчыл болууну жана энени сыйлоону үйрөнгөнүн айткан.

 

Айбек Маткеримов и Бактыбек Калмаматов. Фото Kloop.kg

Айбек Маткеримов “Ата-Журт-Кыргызстан”партиясынын тизмегинин сап башында. Ал 2016-жылдан 2021-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Барпы айылдык кенешинин депутаты болгон.  Ал эми 2020-жылкы парламенттик шайлоо учурунда Жогорку Кеңешке “Мекенчил” партиясы менен аттанган.

Тизмекте экинчи болуп Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев баратат.

Үчүнчү орунда 2020-жылкы октябрь окуяларынан кийин вице-премьер-министр кызматын аркалаган Равшанбек Сабиров. Ал 2021-жылдын март айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалган. Бирок парламенттик шайлоого бет алганына байланыштуу кызматын тапшырган.

Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашев тизмекте  №5 -орунда. 2021-жылдын 11- октябрында ал уулун үйлөнткөн. Kloop.kg басылмасынын билдирүүсүнө караганда үлпөт тойго УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келген.

Үйлөнүү тойдогу сүрөттөр. Коллаж: Айбике Адилет кызы / Kloop

Мурдагы “мекенчилдер”

“Ата-Журт Кыргызстандын” курамында “Мекенчил” партиясынын бир нече талапкерин көрсө болот.

Мисалы, Жеңишбек Токторбаев былтыркы шайлоого “Мекенчил” менен аттанып, №15-болсо, азыркы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясында №7-орунда.

Сүрөт “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын басма сөз кызматына таандык

Жайлообай Нышанов учурда тизмекте 9-орунду алса, былтыркы шайлоодо “Мекенчилдин” курамында №22-болгон.  Белгилей кетсек, 2017-жылкы президенттик шайлоодо ошол кездеги талапкер Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Жайлообай Нышанов. Сүрөт Facebook социалдык тармагынан алынды

Ал эми мурдагы “мекенчил” Гүлсүнкан Жунушалиева бул ирет шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” менен аттанган. Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору учурда 16-орунда.

Тизмекте №43-талапкер Жаныбек Кыдыкбаев дагы былтыркы шайлоого “Мекенчил” партиясынын курамында аттанган.  Ал партиянын шайлоо фондуна 50 миң сом которгон. 2021-жылдын 16-майында ошол кездеги министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Маданият министрлигине караштуу «Витязь» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалган.

Жаныбек Кыдыкбаев. Фото взято из Instagram

“Мекенчилдин” дагы бир экс-талапкери Мирбек  Үмөталиев быйыл “Ата-Журт – Кыргызстандын” курамында. Ал тизмекте №47-орунда. БШКнын сайтында Үмөталиев жумушсуз деп көрсөтүлгөнүнө карабай, OsOO.kg сайты ”Нестур” ЖЧКсынын негиздөөчүсү экенинен кабар берет. Компания дүңүнөн адистештирилбеген соода менен алектенет, бирок салык төлөбөйт.

Мирбек Үмөталиев. Instagram соц. тармагынан алынган сүрөт

 “РАЖдан” чыккандар

Учурдагы депутат Самат Исманов 2015-жылкы шайлоого «Республика – Ата-Журт» (РАЖ) партиясынын курамында аттанган.  Эске салсак, аталган партияны Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов биригип, түзүшкөн.

Самат Исманов. Фото Kenesh.kg

Ал эми тизмектеги №29-талапкер Шүкүрбек Эркебаев OsOO.kg маалыматына ылайык, «Республика-Ата Журт» партиясынын тең негиздөөчүсү.

Анын социалдык тармактагы баракчасында былтыркы үгүт иштери учурундагы Ташиевдин эл менен болгон жолугушуусу тартылган видеону көрө алабыз. Эркебаев былтыр  “Мекенчил” партиясынын тизмегинде №69-болгон.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Шүкүрбек Эркебаев (@erkebaevshukurbek)

БШКнын маалыматына ылайык, Шукурбек Эркебаев, буга чейин айтылган талапкер Нышанов сыяктуу 2017-жылкы президенттик шайлоо учурунда президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

 Эркебаев Facebook социалдык тармагында  “Ата-Журтум Кыргызстан” тайпасынын администраторлорунун бири. Эске салсак, аталган тайпада катталуучулардын саны 96 миңден ашат.

Шукурбек Эркебаев Ташиевди жактаган бир нече билдирүү жазган.

 

“Республика – Ата-Журт” партиясынын дагы бир талапкери – Керимберди Макеев. Ал 2015-жылкы парламенттик шайлоого Ташиев-Бабанов негиздеген партиянын курамында аттанып, тизмекте №21-болгон. Ал эми 2016-жылы Ош шаардык кеңешке болгон шайлоодо ошол эле партия менен жеңишке жеткен. Бирок былтыркы парламенттик шайлоодо ал «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде эле.

Керимберди Макеев. Instagram социалдык тармагынан алынган сүрөт

Жыйынтык: “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын курамына “Мекенчил” жана “Республика Ата Журт” партияларынын мурдагы талапкерлери, Ташиевдин 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бар.

Бирок Ташиев «Ата Журт-Кыргызстан» партиясы менен байланышы бар жалгыз адам эмес. Эмки чыгарылышта партиянын Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу кеп кылабыз.