“Ата-Журт-Кыргызстан” партиясынын Матраимовдор менен кандай байланышы бар? Фактчек

Factcheck.kg “Ата-Журт – Кыргызстан”  партиясынын тизмегин текшерип, айрым талапкерлердин Матраимовдордун үй бүлөсү менен байланышын аныктады.

Эске салсак буга чейин редакция партиянын УКМК төрагасы менен байланышын таап чыккан. Саясий бирикменин курамында “Мекенчил” жана “Республика – Ата-Журт” партиясынын мурдагы талапкерлери, мындан тышкары 2017-жылкы президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бар экени аныкталган.  Талапкерлердин арасында бир гана Камчыбек Ташиевдин айланасындагы адамдар эмес, Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тегерегиндеги адамадар бар экени айкын болду.

 “Мекеним Кыргызстан” партиясынын талапкерлери

“Мекеним Кыргызстан” партиясы Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет. Журналисттер партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Самат Раев депутат Искендер Матраимовдун жубайы менен бизнес-өнөктөш экенин жазып чыккан. Мындан тышкары, депутат Искендер Матраимов 2020-жылкы шайлоого дал ушул партиянын курамында аттанган. Быйылкы шайлоодо “Мекеним Кыргызстандын” мурдагы талапкерлеринен жетөө  “Ата-Журт – Кыргызстандын” курамына кошулган. Алар Каныбек Нарбаев, Берадор Борбуев, Гулшаркан Култаева, Арсланбек Эгембердиев, Алишер Козуев, Канатбек Маматов  жана Максатбек Ибраимов.

Райымбек Матраимовдун жубайынын бизнес өнөктөшү Алишер Козуев

“Ата-Журт – Кыргызстан” партиясынын №39- талапкери Алишер Козуевдин ысымы Kloop.kg басылмасынын иликтөөсүндө айтылат.

Басылма Козуев Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын бизнес өнөктөшү, тагыраагы “Россия Нефть” компаниясынын тең негиздөөчүлөрү экенин жана Оштогу тендерлерди туруктуу жеңип келгенин белгилеген.

Алишер Козуев, фото: Козуевдин Facebook баракчасы

Басылма «Ош-Тазалык» ишканасы 2018 жана 2019-жылдары күйүүчү-майлоочу майларды ушул компаниядан гана алганын белгилеген. Бул жылдардагы тендерлердин жалпы суммасы 59,1 миллион сомду түзгөн.

«Мындан тышкары «Россия Нефть» ЖЧКсы 2018-жылдын апрель айынан бери Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы менен да кызматташып келет. Биринчи түзүлгөн келишимден бүгүнкү күнгө чейин «Россия Нефть» ишканадан 36,4 миллион сом алган», – деп айтылат иликтөөдө. 

Искендер Матраимовдун жубайынын бизнес өнөктөшү Канат Маматов

 Factcheck.kgМатраимовдордун изи менен” аттуу иликтөөсүндө N42 талапкер Канат Маматов тууралуу жазып чыккан. Анда Маматов Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаева менен бирге “Эльдорадо” соода борборуна ээлик кылган компаниянын тең негиздөөчүсү болгону айтылат.

Мындан тышкары, Маматов менен Жумаева  “АвтоСТОлица” ЖЧКсынын тең негиздөөчүсү болгон.

Ал эми учурда Канатбек Маматов негиздөөчүлөрдүн катарынан чыкканын OsOO.kg маалымдайт.

Матраимовдун иши боюнча жоопко тартылган кесиптеши

Абдыбахаб Боронбаев тизмекте №31-болуп катталган. Эске салсак, 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажы тармагында коррупциялык схеманы уюштурганын тергөө маалымдаган. Бул ишке Бажы кызматынын ошол кездеги кызматкерлери Нурлан Ражабалиев менен Абдыбахаб Боронбаевдин тиешеси бар делген. Тергөөдө такталгандай, ошол кезде “Иркештам” өткөрүү пункту аркылуу транзиттик жүк ташыган 16 761 жүк ташуучу унаанын ар биринен 860 доллардан өндүрүлгөн. “Азаттык” радиосу билдиргендей, Матраимов мамлекетке келтирилген зыян үчүн 2 миллиард сом, Нурлан Ражабалиев 12 миллион сом, Абдыбахаб Боронбаев 8 миллион сом төлөгөн. Алар бажыдагы коррупциялык схеманы уюштуруу боюнча күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

Абдыбахаб Боронбаев, сүрөт: Sputnik.kg

Матраимовдун кеңешине зар болгон Мейкинбек Абдалиев

Партия тизмегинде №33-орунду ээлеген Мейкинбек Абдалиев, учурдагы депутат Жогорку Кеңештин октябрь айындагы жыйынында Бажы башчысы Матраимовдун тажрыйбасын үйрөнүшү керектигин айткан. 

 

“Матраимов карапайым жигит”

Качыбек Ташиев Матраимовго болгон жакшы мамилесин жашырбайт. Эске салсак, 2019-жылдын ноябрь айында Reакция митинги өткөн соң, Ташиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда бажыдагы коррупция тууралуу сөз кылган. Алып баруучулардын суроолоруна жооп берип атып, “бир адамды мамлекеттик деңгээлдеги монстр кылуунун өзү туура эмес” деп билдирген.

“Ал [Райымбек Матраимов – прим. ред] жөнөкөй эле жигит, Бажы кызматынын орун басары гана болгон. Министр да, депутат да болгон эмес. Жөнөкөй, карапайым жигит”, – деп билдиргенТашиев.