Тажикстан жаңы танктарды алдыбы? Текшеребиз

Социалдык тармактарда Тажикстан жаңыланган Т42ВЗМ танктарын алгандыгы тууралуу маалымат пайда болду. Factcheck.kg бул маалыматты текшерди. 

Танк-мираж

Алгач Тажикстан кандай танктарды алганын тактоо керек. Социалдык тармактын колдонуучусу жаңыланган Т-42ВЗМ танктарын коңшу өлкө алганын айтууда. Бирок, мындай танк жок

Совет бийлигинин тушунда – 1930-1933-жылдары немис инженери Эдвард Гротте “Большевик” заводунун конструктордук бюросунда өтөоор T-42 танкын иштеп чыгуу долбоору менен алектенген. Бирок, анын куралдуу беш мунарасы бар 100 тонналык танк идеясын тандоо комитети четке каккан. Себеби танк өтө татаал болуп чыкты, ишенимдүүлүгү менен айырмаланган эмес жана өндүрүү үчүн абдан кымбат болуп чыккан. Экинчиден, бир Т-42 өндүрүү 25 жеңил БТ-2 танкын өндүрүүгө барабар болгон.  

Жыйынтыгында, Т-42 өндүрүүнүн ордуна ата мекендик T-35 долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынган.

 

Существовал ли Т-42 не только на чертежах до сих пор доподлинно неизвестно. Часть источников утверждает, что машину так и не воплотили в жизнь, другая часть – что один танк все таки был собран. 

Т-42 чиймелерде гана тушүрүлбөй бир жолу ишке чогултулганбы, белгисиз. Себеби айрым булактар бир үлгү чогулган десе, айрымдары чийме боюнча гана калган дейт.

Тажикстан кандай танктарга ээ болду?

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин маалыматыны ылайык, 30 модернизацияланган Т-72Б3М танктарынын партиясы Тажикстанда жайгашкан 201-орусиялык аскер базасына киргизилген.

T-72B3 танкы орус армиясында кеңири таралган Т-72 танкынын жаңы үлгүсү. Унаа 2021-жылдан бери кызматта.

РФ Коргоо министрлиги  унаа жаңы кыймылдаткыч системасы, орнотулган пассивдүү жана активдүү коргоо системасы, ошондой эле “Акведук” байланыш системасы жана тепловизору бар Sosna-U көп каналдуу көз карашы менен жабдылганын белгиледи.

Мындан тышкары, танктын согуштук бөлүгү модернизацияланган: жакшыртылган баллистикалык жана атуу ресурсу менен 125 мм мылтык, санариптик баллистикалык компьютер жана согуштук унаанын командиринин панорамалык көрүнүшү орнотулган. Танктын бул системалар менен жабдылышы экипажга буталарды тез табууга жана жок кылууга мүмкүндүк берет.

Министрликтин маалыматы боюнча, эскирген техникаларды алмаштыруу максатында келген модернизацияланган танктардын батальону экипаждын маневрдүүлүгүн жана курал-жарактарын жакшыртуунун эсебинен танк бөлүгүнүн күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатат.

Эске салсак, Тажикстанда жайгашкан 201-аскердик база Орусиянын чек арадан тышкаркы эң ири аскерий объектиси болуп саналат. Ал эки шаарда – Душанбеде жана Бохтарда жайгашкан. Анын курамына мотоаткычтар, танктар, артиллериялар, чалгындоо бөлүктөрү, абадан коргонуу бөлүктөрү, RCB коргоо жана байланыш каражаттары кирет.

Жыйынтык: танктар Тажикстанга эмес, Тажикстанда жайгашкан Орусиянын аскерий базасына берилген.