Айтылгандай эле Лео Мессинин кайрымдуулук иштери ушунчалык зорбу? Текшеребиз

Футболчу Лионель Мессинин кайрымдуулук “чоң иштери” тууралуу маалымат факт катары коомдук тармактарда таркатылып жатат. Бул иштери коолдонуучулардын чоң алкоосун жаратты. Таркатылып жаткан маалыматка ишенсек, футболчу берген каражат “ЮНЕСКО уюмунун кайрымдуулук фондусунун” жарымын түзөт, ал бүт дүйнө жүзү боюнча 10 миң мектептин курулушун каржылап, 40 млн окуучунун окуу чыгымдарын көтөрүп келет: 

Forbs’тун маалыматы боюнча, Месси – карьерасында 1 млрд долларага жакын каражат тапканга жетишкен үч-төрт спортчунун бири болуп эсептелет. Ошондуктан Factcheck.kg редакциясы, футболчунун кайрымдуулукка көп каражат жумшай ала тургандыгын эске алып, Мессинин эң ири кайрымдуулук акциялары тууралуу маалыматты текшерди.

Аныкталгандай, ушуга окшош тизмек мындан эки жыл мурун дагы жарыяланган экен. Бирок анда Мессинин кайрымдуулукка жумшаган каражаттары анчалык чоң эмес болчу. Жакында өткөн дүйнө чемпионатында Аргентина жеңгенден кийин бул тизмекке кызыгуу кайра өсүп, ал коомдук тармактарда жана мессенджерлерде таркатыла баштады. Бирок бир да жерде булакка шилтеме келтирилген эмес.

ЮНЕСКОнун кайрымдуулук фондусунунун 48%ы Мессинин кайрымдуулук каражаттарынан куралган

ЮНЕСКО Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) билим берүү, илим жана маданият иштери боюнча агенттиги болуп эсептелет, а демек катышуучу-мамлекеттердин эсебинен гана каржыланат. Улут аралык бюронун маалыматы боюнча, эң чоң суммадагы салымдарды Кытай, Жапония жана Германия кылган. Бул уюмдун эч кандай кайрымдуулук фондусу жок, демек Месси каалаган кезде да ЮНЕСКОну каржылай албайт эле.

Эскерте кетсек, Месси башка уюмдун, дүйнө жүзү боюнча балдарга жардам көрсөткөн ЮНИСЕФ уюмунун ак ниет элчиси болуп саналат.

Месси өзү жалгыз 189 өлкөдө 9487 мектеп курду

Мектептерди кургандыгы тууралуу маалымат дагы чындыкка жатпайт. Месси кайрымдуулук иштерин негизинен өзүнүн фонду аркылуу жүргүзөт, андан ушунчалык көп сандагы мектептерди куруу тууралуу бир да маалыматты табуу мүмкүн эмес.

Ошондой эле курулуштун баасын эске алуу керек.

Мисалы, Кыргызстанда мектептерди курууда бир окуучу орундун баасы 3100 доллардан 7900 долларга чейин турат деп эсепке алынат, ал эми жалпысынан алганда бир билим берүү объектисинин баасы 200 млн сомго ($2.3 млн) чейин жетиши мүмкүн.

Месси курган мектептердин баасы кыйла арзаныраак болот деп эсептеген күндө да, мисалы, бир окуучу орундун баасы 1000 доллар деп кабыл алганда, 200 окуучуга эсептелген мектептин баасы 200 миң долларга чыгат. Анда 10 миң мектеп үчүн Месси $2 млрд каражат сарпташы керек болот. Бул биз эң төмөн суммаларды алганда болуп жатат, а иш жүзүндө баары кымбатыраак.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2357 мектеп бар. Башкача айтканда Месси өзү жалгыз Кыргызстандай болгон 4 өлкөгө мектеп куруп берген болот.

Месси 40 млн баланын окуу чыгымдарын көтөрүп келет

Билдирүүдө окуу чыгымдарына эмне кирээри айтылбагандыктан Месси окуу куралдары жана окуучунун тамактануусунан сырткары, баланын окуу акысын да төлөйт болушу керек деп божомолдосок болот. Окуу куралдарына жылына орточо 190 доллар кетет деп эсептесек, Месси өз чөнтөгүнөн кошумча дагы $7.6 млрд чыгарат.

Лео Мессинин фондусунун сайтында мындай чыгымдар тууралуу эч бир маалымат жок. Бирок да футболчу чоң кайрымдуулук иштерди жасап келээрин моюнга алуу керек. Өзгөчө саламаттык сактоо тармагында, анын ичинде ак ниет элчи катары да.

Чындык кандай

Месси бир нече жолу кайрымдуулука каражат берген.

2014-жылы Лионель Мессинин фонду Буэнос Айрестин госпиталына 135 миң доллар кайрымдуулук жардам көрсөткөн.

2017-жылы 200 миңдей фунт стерлинг акчасын Ла Масиянын жаштарын өнүктүрүүгө (“Барселона” футболдук клубдун өспүрүмдөр академиясына) жумшаган.

Таажычан вирус менен күрөшүүгө 1 млн евро

2020-жылдын башында, ал кезде белгисиз илдеттен эл чочулап, үй камагында отурушканда Месси Барселонадагы ооруканага 1 млн еврого кайрымдуулук кылган.

SJD балдардын онокологиялык борборунун каржыланышына жардам көрсөтүү

Барселонадагы Сан-Жоан-де-Деу ооруканасы рак менен ооруган балдарды дарылоонун жаңы бөлүмүн ачууну көздөп жаткан. ПСЖнын жылдызы элдин көңүлүн бурдуруш үчүн кампанияга катышууну туура көргөн. 27 млн евро чогулганда Месси жетпей жаткан 3 млн каражатты өз чөнтөгүнөн чыгарып берип, кампания жабылган болчу. Бул иш фонддун эң ири долбоорунун бири болуп калды.

Росариодогу оорукананы оңдоого 650 миң евро өлчөмүндөгү кайрымдуулук

Месси Аргентинадагы чакан Росарио шаарында туулуп өскөн. Шаарына көп жардамын берип келет. 2013-жылы ал жергиликтүү оорукананы оңдоого 650 миң евро берген. Ал эми 2020-жылы таажычан вирус менен күрөшүш үчүн 50 өпкөнү жасалма желдетүү аппаратын кайрымдуулук кылган.

Тыянак: жарым-жартылай чындык. Тизмектеги футболчунун айрым кайрымдуулук иштеринин аныктыгы далилденбеди. Бирок ошондой болсо да Лео Месси кайрымдуулук иштерин активдүү жүргузүп келет. Ал ЮНИСЕФтин ак ниет элчиси болуп эсептелет, анын кайрымдуулук фонду бар жана кайрымдуулукка, биринчи кезекте балдардын саламатык сактоосуна, бир топ чоң суммаларды жумшап келет.