Мамдумада Орусиянын жерлерин европалыктар менен америкалыктарга берүү сунушталдыбы? Текшеребиз

Мамдумада Орусиядагы жерлерди европалыктар менен америкалыктарга акысыз берүү сунушталды. Ушундай мазмундагы билдирүүлөр коомдук тармактарда жана мессенджерлерде таркатылып жатат.

Билдирүүдө “Адилет Россия – Чындык үчүн” (“Справедливая Россия – За правду”) партиясынын жетекчисинин биринчи орун басары, Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Дмитрий Гусев Орусиядагы демографиялык маселени чет элдиктердин эсебинен чечүүнү сунуштады деп айтылат. Ал орусиялык бийликти европалыктар менен америкалыктарга алар Орусияга көчүп келе турган болсо жерлерди бекер берүүгө чакырган.

Factcheck.kg редакциясы билдирүүнүн аныктыгын текшерди.

Чындап эле, орусиялык ЖМКлар бул тууралуу жазып чыгышкан. URA.RU менен маектешүү учурунда Мамдуманын депутаты, “Адилет Россия – Чындык үчүн” фракциясынын жетекчисинин биринчи орун басары Дмитрий Гусев мындай деген:

Европа менен Америкада чоң кампания жүргүзүү керек:

“Бизге келгиле, 10 гектар жерден беребиз, бизде иштейсиңер! Ал жактан эл бизге тим эле учуп келет. Учурда тозоктун азабын баштарынан кечире баштаган жети миллион адам, европалыктар менен америкалыктар, бизге сүйүнүп эле келишет. Искусство чыгармаларын жарата турган башка маданият керек, так ошо, үч, төрт, беш, алты балалуу болуу кадыресе көрүнүш экендиги тууралуу”.

Анын айтымында, Орусия 2022-жылы эле бир жарым миллион адамга азайган. Ал эми көз карандысыздыкка жеткенден бери бул сан ондогон миллиондоп саналат.

Дмитрий Гусев ушундай эле билдирүүнү 16-январда Мамдумада өткөн «Адамдарды сактап калууга, балдардын төрөлүшүн стимулдаштырууга жана балалуу үй-бүлөлөрдү социалдык колдоого багытталган чараларды жакшыртуунун жолдору» аталыштагы тегерек стол учурунда жасаган.

Миграциялык чыгып кетүү жана демографиялык кризис тууралуу сүйлөгөн сөзүнүн видеосу депутаттын Telegram жана YouTube каналдарында бар.

“Европа менен Америкада чоң кампания жүргүзүү керек. Бизге келгиле, 10 гектар жерден беребиз, бизде иштейсиңер. Ал жактан эл бизге тим эле учуп келет, тозоктун азабын баштарынан кечире баштаган жети миллион европалыктар. Америкалыктар бизге сүйүнүп эле келишет. Биз маданият менен алектенишибиз керек экендиги айтпаса да түшүнүктүү, эмне кадыресе көрүнүш экендиги тууралуу искусство чыгармаларын жарата турган башка маданият керек”, – деди депутат.

(9:52 – 10:20)

Тыянак: чындык. Депутат Дмитрий Гусев Мамдумада өткөн тегерек стол учурунда ушуга окшош билдирүү жасаган.