Транзит же контрабандабы?

Factcheck.kg Кытайдын статистикасы Кыргызстан жана Казакстандын статистикасы менен дал келбей жатканын аныктады. Бул маалымат, албетте, шектенүүнү жаратпай койгон жок.

Factcheck.kg тышкы соода алмашуу жаатында Кытайдын статистикасы Кыргызстан жана Казакстандын статистикасы менен дал келбей жатканын аныктады.  Бул маалымат, албетте, шектенүүнү жаратпай койгон жок.

Маалыматтардын айырмасы

“Кытайдын тышкы соодасы боюнча статистикасында 2015-жылы КЭРден Кыргызстанга экспорттун көлөмү 4,3 миллиард доллар түзгөнү көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргызстандын статистикасынан алынган маалыматтар боюнча импорттун көлөмү 1 миллиард долларды көрсөтүп турат. Бул жерде айырма –  3,3 миллион доллар. 2016-жылы дагы ушундай эле көрүнүш кайталанып, айырма 4,1 миллиард долларды түздү”, – деп Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев белгилеген ( 2017-жылдын октябры). 

Эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуу чөйрөсүндө көрсөтүлгөн статистикадагы мындай айырманы ЖМКлар Кытай өлкөсүнөн Кыргызстанга келүүчү товарлардын көпчүлүгү контрабанда жолу менен келээрине байланыштырышкан. Белгилей кетсек, Кытайдан башка өлкөлөргө чыккан экспорттун көлөмү боюнча маалыматтардагы айырма бир гана Кыргызстанга тийиштүү эмес.  Биздин журналисттер аныктап чыккандай, бир эле чөйрөдөгү статистиканын эки өлкөдө эки башка көрсөтүлүшү Казакстанга дагы таандык. Мындай айырма Казакстанда дагы жылдан-жылга өсүүдө.

UN COMTRADE ресурсунда көрсөтүлгөн маалымат:

2015 2016 2017
Кытайдан Казакстанга чыккан экспорт 8 441 241,00 8 292 321,00 11 564 443,00
Кытайдан Казакстанга кирген импорт 5 087 801,00 3 665 652,00 4 692 242,00
айырма 3 353 440,00 4 626 669,00 6 872 201,00
Кытайдан Кыргызстанга чыккан экспорт 4 282 123,00 5 605 426,00 5 336 808,00
Кытайдан Кыргызстанга кирген импорт 1 029 111,00 1 464 957,00 1 500 066,00
айырма 3 253 012,00 4 140 469,00 3 836 742,00

Бул транзитпи?

Кыргызстандын расмий органдары мындай айырмачылыкты Кытай Эл Республикасы товар биздин аймак аркылуу үчүнчү өлкөлөргө транзит менен өтөөрүн эске албагандыгы менен түшүндүрүүдө.

Чындыгында эле Россиянын статистикалык көрсөткүчтөрү муну бир жагынан тастыктап жатат. Байкалгандай, Кытайдын статистикасында көрсөтүлгөн маалыматтарда РФга азыраак экспорт болгондугу жазылган. Бирок, Казакстан менен Кыргызстанда мындай айырмачылык абдан чоң көлөмдө экендиги талашсыз жана муну түшүндүрүүдө биздин расмий органдар келтирген себептер жетишсиз.

 

UN COMTRADE ресурсунда көрсөтүлгөн маалымат:

2015 2016 2017
Кытайдан РФге чыккан экспорт 34 756 877,00 37 339 601,00 42 830 600,00
Кытайдан РФге кирген импорт 35 199 264,00 38 086 982,00 48 373 353,00
айырма -442 387,00 -747 381,00 -5 542 753,00

Өзбекстан жана Түркмөнстанга Кытайдан кирген импорттун көлөмү тууралуу маалымат жок. Ал эми Тажикстан боюнча статистикага таянсак, үчүнчү өлкөгө өтчү транзит боюнча теория бышыкталбады. Алардын өздөрүндө айырма бир жылда 1 миллиард долларды түзгөн.

2015
 Кытайдан ТРге чыккан экспорт 1,795,388
 Кытайдан ТРге кирген импорт 764,51

Эки башка ыкма менен эсептешкенби?

“Сулайманов түшүндүрүп бергендей, мындай маалымат эл аралык UN Comtrade аттуу соода маалыматтарынын базасынын сайтында келтирилген.  Анын айтымында, цифралар боюнча айырма эки себеп менен түшүндүрүлөт. Биринчиден, Кытайда соода алмашууда эсеп жүргүзүү ыкмасы КМШ өлкөлөрүнүкүнөн, анын ичинде ЕАЭБден дагы айырмаланат. Акыркылары баасы боюнча индикаторду колдонушат. Тактап айтканда, товардын шарттуу баасынан бажы төлөмдөрүн жана салыктарды кемитип эсептейт. Ал эми КЭР товар тууралуу жалпы маалыматка таянып эсептешет” –  Спутник МА булагы (2017-жылдын октябры).

Мындай маалыматты текшерүү үчүн биз бир нече цифраларды текшердик.  Алгач Кыргызстандан КЭРга чыккан экспорттун көлөмү боюнча маалыматты алып карасак, айырма минималдуу болуп чыкты.  Демек, бул цифра жогорудагы билдирүүдө келтирилген тыянакты тастыктамак турсун, тескерисинче жокко чыгарды, тактап айтканда, өлкөгө товар киргизүүдө баасын азайтып көрсөтүү тууралуу божомол тастыкталган жок. Эгерде гипотезага ишенсек, 2015-жылы экспортер өлкө өздөрүнө чыгым кылып бааны атайын көтөрүп көрсөтмөк беле?

2015 2016 2017
КРден Кытайга кирген импорт 58,571 71,235 87,055
КРден Кытайга чыккан экспорт 35,877 79,703 97,474

Экинчиден, башка өлкөлөрдөн кирген импорттун көлөмү боюнча маалыматтардын негизинде дагы Кыргызстан менен Казакстан товарларды үчүнчү өлкөлөргө караганда азайтып эсептээрине күбө болдук. Түркиянын стастистикасына кайрылсак, анда айырма боюнча маалыматтар биздикине жакындашып кетет.

Кыргызстан (БАЭ, Түркия)

2015 2016 2017
БАЭден КР 32,622 27,645 252,184
КРга БАЭ 5,909 3,768 8,638
Түркиядан КРге 294,702 308,933 343,6
КРге Түркиядан 164,29 190,776 224,93

Казакстан (БАЭ, Түркия)

2015 2016 2017
БАЭден  РК 105,964 95,053 273,821
РК дан БАЭ 67,079 68,967 84,298
Турциядан РК 750,157 623,715 746,244
РКга Туркиядан 741,917 618,147 730,082

Бүтүм: 

– Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин Кыргызстанды контрабанда боюнча күнөөлөгөндүгү – бул манипуляция (маалыматты жашыруу).  Ал өзү Кытайдан келген товарлар боюнча маалыматтардагы айырма бир гана Кыргызстанга эмес, Казакстанга дагы тийиштүү экендигин жашырды.

– Кыргызстандын бажы кызматы тарабынан эки өлкө ортосундагы экспорт-импорт боюнча маалыматтардагы айырма боюнча келтирген жүйөлөрү негизсиз жана чындыкка жооп бербейт.