Кытай мандариндери өлүмгө алып келеби?

Социалдык тармактарда жана WhatsApp аркылуу Кытайдын, айрыкча майда мандариндерин сатып албаганга чакырган видео тарап жатат

Социалдык тармактарда жана WhatsApp аркылуу Кытайдын, айрыкча майда мандариндерин сатып албоого үгүттөгөн видео тарап жатат. Максатбек Садыков аттуу интернет колдонуучу “Оштуктар” деген топко “мандарин албай эле коюнуздарчы балдарга да жедирбениздер” деп жазган. Бул видео кыска убакыттын ичинде 1,3 көрүүгө жана бөлүшүүгө ээ болгон.

Бир роликте курттап кеткен жемиштер тартылган. Экинчисинде мандариндерди каналга ыргытып жатышканын көрүүгө болот. Байкалган нерсе – бул үн коштогон билдирүүлөрдө Барнаул, Заринск, Бийск, Новосибирск жана Казакстан тууралуу дагы айтылат.

«Барнаулда ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө жаткан балдар көп. Бир ай ичинде 13 бала каза болду. Ал эми Заринскте мандариндин айынан бүгүн 2 бала чарчады. Болду, башка мандарин жебеш керек”, – деп айтылат билдирүүдө. 

«Тааныштарыбызда баласы кичинекей, болгону 2 жашта, бир мандариндин эки бөлүгүн эле жеген, кийинки суткада грипптин оор формасы менен ооруп калды», – дейт дагы бир билдирүүдө. 

Фактчек аспаптарын колдонуу менен биз курттаган жемиштер тууралуу видео алгачкы жолу 2016-жылдын ноябрь айында жайыла баштаганын аныктадык. Бул видеодо кайсы шаарда тартылганы жана чын эле мандариндер Кытайдыкыбы, ал боюнча маалымат айтылган эмес.

Грипп оорусун жугузуучу мандариндер тууралуу фейк бир нече жылдан бери таратылып келет. РФтин керектөөчүлөр укугун коргоочу кызматы бул маалымат калп экендигин бир нече жолу жазып чыгышкан. Ошентсе да бул фейк-видеого ишенгендер абдан көп.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда мандаринден ууланган бир да адам катталган жок. Санэпидемиологиялык көзөмөл боюнча департаменттин директору Төлөн Исаков Factcheck.kg ресурсуна берген интервьюсунда мандаринде курттар болушу мүмкүн эместигин айткан:

«Мандаринде кычкыл чөйрө болгондуктан, ал курттап кетиши мүмкүн эмес. Курттар жумуртка, каймак, эт, колбаса азыктарында көбөйүшү мүмкүн. Кычкыл чөйрөдө микробдор дагы көбөйө албайт».

Ошондой эле мандаринден грипп оорусун жугузуу мүмкүн эместигин кошумчалады.

«Грипп аба аркылуу  жугат. Тышкы чөйрөдө ал туруктуу эмес, катуу суукта же катуу ысыкта ал өлүмгө дуушар болот. Гриппти оптималдуу температурада гана жана оорулуу менен түз байланышта болгондо жугузууга болот», – деди Төлөн Исаков. 

Кытайдын азыктарын жамандап, ага каршы үгүттөгөн материалдар байма-бай таратылып турат. Азыркы учурда Кыргызстанда Кытайга каршы маанайдагы акциялар өткөрүлүүдө.

https://factcheck.kg/ru/post/159

https://factcheck.kg/ru/post/160

Бүтүм:

         ⁃        Мандаринден уулануу жана гриппти жугузуу тууралуу маалыматтар – бул фейк; 

         ⁃        Кытай мандаринин сатып албоого жасалган үгүттөөлөр негизсиз жана Кыргызстан үчүн актуалдуу эмес, кытайлык мандаринден бир дагы адам ууланган жок.