Украинага учкучсуз Bayraktar TB2 учактарын белек кылыштыбы? Текшеребиз

Социалдык түйүндөрдө түркиялык учкучсуз Bayraktar TB2 учактарынын сүрөттөрү пайда болду.  Фотосүрөттө  учкучсуз учактарды чыгаруучу Baykar компаниясы “The People’s Bayraktar” фандрайзинг кампаниясы тууралуу билгенден кийин ушул акчаларды украиналыктардын социалдык маселелерине жумшоону суранганы, ордуна кайтарымсыз түрдө учкучсуз Bayraktar TB2 учактарын берээрин билдирген.

 Биз бул маалыматты текшерип көрдүк:

“The People’s Bayraktar” – бул учкучсуз учактар үчүн каражат топтоо кампаниясы. Аны украиналык саясат таануучу жана волонтер Сергей Притула өз фондунун алкагында жүргүзгөн. Анын айтымында  жалпы чогулган каражаттын суммасы 4 күн ичинде $20 млн го жетти.

Учкучсуз учактарды чыгаруучу Baykar компаниясы чындап эле 27-июнда Twitter  жана  Instagram соцтүйүндөрүндө расмий баракчалары аркылуу акча чогултуп жаткан адамдарга түрк, англис жана украин тилинде кайрылуу жасаган.

1-июлда Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Боднар Twitter соцтүйүндөгү расмий баракчасынан бул маалыматты заводдогу фотосүрөттөр менен тастыктады. Анын айтымында бул учактар заводдо чогултулуп жатат жана жакында жөнөтүлүшү керек.

Сергей Притула демилгелеп  чогулткан акча аркылуу келчү учактардан тышкары Украинага дагы бир учкучсуз учак алынып келет. Ал үчүн жетиштүү каражатты (€5 млн) Литвада чогултушкан. Бул кампанияны Литванын коргоо министри Арвидас Анушаускас жана журналист  Андрюс Тапинас демилгелеген.  Baykar  компаниясы бул учурда дагы акчаны украиналыктардын керектөөсүнө жумшагыла деп кайрылып, ордуна бир учак бермей болгон.

Жыйынтык: чындык.  Украинага кеминде 4 учкучсуз Bayraktar TB2 учактары белекке берилди.