Украиналыктардын айласы түгөнүп атомдук бомбага акча чогултуп башташты. Бул чынбы? Текшеребиз.
Орусиянын “Царьград” аттуу түйүндүк басылмасы 2022-жылдын 24–июнунда украиналыктар атомдук бомбага акча чогулта баштагандыгы тууралуу материал жарыялаган. Макалада бул бомба Орусияга каршы колдонулушу мүмкүндүгү жазылып турат.
“Украиналыктар атомдук бомбага акча чогултууда. Сыягы ал бомбаны Орусиянын аймагына таштап ядролук согушту баштаганы турат. Украиналык соцтүйүндөрдө адаттан тыш кайрылуу жайылып жатат. Анын автору мекендештерине жана боорукер чет элдиктерге ядролук бомбага акча чогултууну сунуштоодо” – дейт макаланын автору.
Биз бул маалыматты текшерүүгө алдык:
Атомдук бомбага акча чогултуу тууралуу кайрылуунун биринчи булагы – “Выпускайте Z Кракена!” аттуу Telegram-канал. Автор буга далил катары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аскери Ростислав Тимчуктун Instagram баракчасындагы сторисинин скриншотун колдонгон.
Тимчук өз сторисинде “Украинанын элинин атынан ядролук бомбага акча чогулталы. Ар бир гривен зарыл!” жазуусу менен коллаж жарыялаган. Коллаж алдында Сергей Притуланын фондунун кол жазмасы колдонулган. Белгилей кетсек, буга чейин Сергей Притула учкучсуз Bayraktar TB2 учактарына да акча чогулткан эле.
Биринчиден, бул жалган. Коллажда акчаны кайда которуу керектиги тууралуу маалымат жок, реквизиттер көрсөтүлгөн эмес. Сергей Притуланын фонду атомдук куралга акча чогулткан жок. Анткени ал эки гана багытта – гуманитардык жардам жана аскердик амуницияга (шлем, караңгыда көрүүчү шаймандар ж.б.) гана акча чогултууларды демилгелеп келет.
Экинчиден “атомдук бомбаны” сатып алуунун артында эмне турат?
Vice журналисттеринин изилдөөсү боюнча атомдук бомбаны мыйзамдуу түрдө ачык базарлардан сатып алууга мүмкүн эмес. Бирок “көмүскө базарлардын” жардамы менен анын тетиктерин сатып алып ”кир атомдук бомбаны” чогултуп жасаса болот.
Эскерте кетсек, “кир бомба” же радиацияны таркатуучу каражат деле бомба деп саналат жана курамында кадимки жардыруучу заттар бар. Бул катуу, суюк же газ формасындагы радиоактивдүү материалдары менен динамит. Кир бомба жардыруунун айланасында чектелген чакан аймакта гана радиоактивдүү материалды таркатууга багытталат. Анын максаты – адамдарды коркутуу жана имараттар менен жерди булгоо.
Мындай жасалма каражаттын келтирген зыянынын радиусу атомдук бомба менен салыштырганда алда канча аз. Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Хиросимага түшкөн атом бомбасынын кубаттуулугу “болгону” 15 килотонна болгон, бирок 100 миңден ашык адамдын өмүрүн алган.
ICANW уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө 9 өлкө ядролук куралга ээ. Алардын арасында Украина жок.
Орусия ядролук курал жана атомдук реакторлорун саны боюнча алдыда.
Учурда заманбап ядро арсеналдарында Хиросимага түшкөн бомба “Малыш” аз кубаттуулуктагы бомба деп эсептелип калды. Заманбап ядролук куралдардын көпчүлүгү термоядролуу болуп саналат жана минималдуу түрдө 100 килотонна тротилге барабар кубаттуулуктагы жардырууну камсыз кылат. Айрымдары мындан да күчтүү. Мисалы NukeMap менен карап көрсөк 100 килотонналык зарядды Нью-Йоркко багыттаса 600 миңдей адам мерт кетмек.
Бирок ядролук каражаттарды сыноолордон өткөрүп кубаттуулугун көбөйтүп техникалык жактан улам жакшыртып жатканы менен 1945-жылдан берки куралдуу конфликттерде эч качан жана эч ким тарабынан колдонулган эмес.
Мындан тышкары 191 мамлекет эл аралык Ядролук куралды жайылтпоо тууралуу келишимге ( ДНЯО) кол койгон. Бул келишим алиги күнгө чейин күчүндө.
Келишимге кол койгон мамлекеттер эгерде ядролук куралы жок болсо мындан ары да аны өндүрүүдөн, сатып алуудан же башка түрдүү жолдор менен ээлик кылуудан баш тартууга милдеттендирилет. Ал эми ядролук куралы бар мамлекеттер ядролук куралы жок мамлекеттерге мындай куралдарды өндүрүүгө же кандайдыр бир жолдор менен алганга чакырык жасап же жардам бербеши керек.
Жыйынтык: Манипуляция. Украиналыктар атом бомбасын сатып алууга каражат топтошкон жок. Орусиянын ЖМКлары окурмандарды манипуляция кылуу үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аскеринин тамаша ирээтинде жасаган коллажын колдонушкан.
Атом куралын өндүрүү, сатуу атайын келишимдер (ДНЯО) жана уюмдар (МАГАТЭ) тарабынан жөнгө салынат жана көзөмөлдөнөт. Андыктан бомбаны бир тараптуу тартипте сатып алууга мүмкүн эмес.