Казакстанда катуу шамалдан жана сууктан жаныбарлар басып бараткан жеринен тоңуп калуудабы? Текшеребиз

Казакстанда жаныбарлар бараткан жеринен тоңуп калып жатат деген маалымат коомдук тармактарда кайра таркатыла баштады. Видеодо -52॰С деп көрсөтүлгөн. Чын эле ушундайбы? Factcheck.kg редакциясы аны текшерип чыкты.

Астананын көчөлөрүндө бутунда турган жаныбарлар тоңуп калган кадрлар биринчи жолу 2018-жылдын январында жарыяланган болчу. ЖМКлардын билдирүүсү боюнча, ошол жылы түнү -45॰С чейин суук болгон. Мектептерде жана коллеждерде окутуулар убактылуу токтотулуп, айрым мекемелерде иш күнү кыскартылган болчу.

Андан кийин тоңуп калган жаныбарлар тууралуу роликтер 2021-жылдын январында көп жарыяланган жана алар Алматыда тартылган имиш. Ал жылы да катуу суук болгон.

2018 жана 2021-жылдары Казакстанда кандай температура болгон эле?

Метеорологиялык сайттардагы маалыматтарга ишенсек, абанын эң төмөн температурасы Астанада 2018-жылдын 23-январында байкалган – түнү -41°C, күндүзү -29°C. Метеорологдордун билдирүүсүндө, ошол күнү акыркы 49 жылдагы эң төмөнкү температура катталган.

2021-жылы термометр -37°C көрсөткөн. Бул ошол кыштагы өлкөдөгү эң төмөнкү температура болгон.

Ошентип, видеодо аба-ырайы тууралуу келтирилген маалыматтар чындыкка жатпайт.

Видео каякта тартылды эле?

Бир видео каякта тартылганын аныктай алдык. Ал Жансугуров шаарчасында тартылган. Видеонун сол жагында эки чоң имаратты жана зым карагайларды көрсө болот.

Картадан Жансугуров шаарчасын таптык, андагы кант завод жайгашкан өндүрүш зонасы видеодогу кадрларга окшош. Бул заводдун жарнамалык ролиги да геолокациянын тактыгын такстыктады.

Кыймылдагы жаныбарлар сууктан өлөбү?

Жаныбарлардын денесинин температурасы адамдардыкындай эле абанын температурасына карабай салыштырмалуу бир калыпта кармалып турат.

Ар кайсы жаныбардын денесинин орточо температурасы ар башка:

— жылкыныкы — 37.5-38.5 °С;

— уйдуку — 38.0-39.5 °С;

— кой, эчкиники — 38.0-40.0 °С;

— иттики — 37.5-39.0 °С.

Жылуулук дайыма өндүрүлүп турат. Аны үчүн жаныбарлардын тоюту жетиштүү жана жакшы болушу керек. Тынч абалда жылуулук төмөнкүдөй өндүрүлөт: булчуңдар – 25%, жүрөк – 11%, боор – 20%, мээ – 13%, бөйрөктөр – 7%, тери – 5% жана калган органдар биригип – 19%. Кыймыл учурунда баарынан көп жылуулукту булчуңдар өндүрө баштайт – болжолдуу 70%.

Итке токтоло кетсек, алардын буту катуу суукта да тоңбойт. Иттин бутундагы кан жүгүрүү системасынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу кан тоңгонго жетишпей калат. Веналар жана артериялар жакын жайгашкандыктан вена аркылуу аккан кан дайыма жылуу болот. Ушундан соң иттер катуу суукка чыдамкай келишет. Иттердин майда породаларына киргендери гана суукка анчалык чыдамкай болушпайт. Жапон окумуштууларынын маалыматы боюнча, мындай кан жүгүрүү системасы иттерде гана эмес, жаныбарлардын көбүндө кездешет.

Тыянак: Видеодо Казакстандагы абанын температурасы тууралуу чындыкка жатпаган маалыматтар келтирилет. Кыймылдагы жаныбарлар да тоңбой турганын аныктадык.