Видеочек: Ак кийимче адамдардын бийи – таажычан вируска байланыштуу жиндиликтин уландысыбы?

Телеграм-каналдарда ак кийимчен адамдар көчөдө бийдин кыймылдарын синхрондуу жасап жаткан видео таркатылууда. Видео “Кытайдагы тоталдуу медициналык жиндиликтин уландысы” деген текст менен коштолот.

Factcheck.kg редакциясы бул эмне видео жана эмне бий экенин аныктады.

Роликтин скриншоту боюнча издөө түпкү нусканы тапканга мүмкүнчүлүк берди. Ал Гонконгдун эң эски англис тилиндеги South China Morning Post гезитинин YouTube-каналы болуп чыкты.

Видеонун аталышынан Covid-19дун жаңы толкуну учурунда иштеген ыктыярчылардын бийи экенин көрсө болот. Алар популярдуу кардио-көнүгүү болуп эсептелген “коёндун бийин” (rabbit dance) бийлеп жатышат.

“Коёндун бийин” бийлеген “Улуу актар” (Great Whites) деп аттыккан ак түстөгү жеке коргонуу кийимин кийген ыктыярчылар кытайлык коомдук баракчалардын көңүл борборуна түшүп калышты. Экстремалдык шарттарда иштеп жатышкан ыктыярчылар айрым аймактарга патрулга чыгуу, товарларды жеткирүү, Covid-19га тестирлөө жүргүзүү сыяктуу пандемияга байланыштуу иштердин алдында шаңдуу музыканын коштоосунда көнүгүүлөрдү жасашат. Кытай эки жыл аралыгындагы таажычан вирустун эң чоң толкунун башынан кечирип жатат: ал 17 провинцияда жана төрт мегаполисте катталган”, – деп айтылат видеого түшүндүрмөдө.

Видео 2022-жылдын 15-мартында жайгаштырылган. Так ушул убакта Кытайда Covid-19 менен ооругандардын эң чоң саны катталган болчу. Ал майдын аягына чейин созулган.

Тыянак: чындык. Коргонуу кийимчен ыктыярчылар чын эле Кытайда көчөдө бийлешкен, бирок бул бийдин “кезектеги жиндиликке” эч кандай тиешеси жок, ал Covid-19дун кезектеги толкунундагы кардио-көнүгүү бийи болгон.