Фактчек: НАТО Орусияны террорист-мамлекет катары тааныдыбы?

НАТОнун Парламенттик ассамблеясы Орусияны террорист-мамлекет катары таанып, Орусия Федерациясынын Украинага баскынчылыгы боюнча атайын Эл аралык трибуналды түзүүгө чакырды. Бул тууралуу ЖМКлар билдирди.

ЖМКлар Жогорку Рададагы “Элдин кулу” фракциясынан депутат Егор Черневдин Facebook’тагы постуна таянып, “Тийиштүү резолюция НАТОго мүчө болгон бардык мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана парламенттерине жиберилет”, – деп билдиришет. 

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерди.

Чынында эле, 2022-жылдын 21-ноябрында кабыл алынган НАТОнун №479 Резолюциясында Түндүкатлантика Альянсы (НАТО) Орусияны учурдагы түзүмүндө “террористтик мамлекет” деп тааный тургандыгы айтылат.

Ошондой эле документте аймактык бүтүндүгү калыбына келгиче Украинага гуманитардык жана аскердик жардамды көбөйтүү керектиги белгиленет. Колдоо көрсөтүү мөөнөттөрүнүн чеги каралган эмес.

Ошондой эле НАТО Украинанын Түндүкатлантика Альянсына интеграциясын улантуу,  аны мүчөлүккө алуу кадамдарын тактоо керектигин билдирет.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 10-майында Литванын парламенти Орусияны “террористтик мамлекет” деп тааныган болчу. Анан кийин, 18-октябрда Эстония Орусияны терроризмди колдогон мамлекет деп тааныган. 26-октябрда Польшанын сенаты Орусиянын режимин террористтик деп тааныды. 16-ноябрда Чехиянын парламенти Орусиянын режими террористтик деп баалаган резолюцияны кабыл алган.

Тыянак: чындык. Түндүкатлантика Альянсы (НАТО) Орусияны учурдагы түзүмүндө “террористтик мамлекет” деп тааныйт.