Афган согушкерлеринин Исфарага жөнөгөнү тууралуу тасма – фейк

Афган согушкерлери Исфараны көздөй жөнөдү делген тасма социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жайылды.

Тасмада «Камаз» и ЗИЛдин ичинде куралчан адамдардын белгисиз тарапты көздөй жөнөп бара жатканын көрсө болот.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти.

Тасмадан скриншот алып, издөө салсак, россиялык 201-аскердик базасында тартылган же ага тиешеси бар видеолор чогулган баракчанын шилтемесине туш болобуз.

Бул видеолордун арасынан 201-дивизиянын 60 жылдыгына арналган кино тасманы таптык. Социалдык тармакта тараган видео дал ушул тасмадан алынган үзүндү.

Белгилей кетсек, 201-дивизия 1943-жылы түзүлүп, 2004-жылга чейин иш алып барган. Ал эми 2004-жылы россиялык 201-аскер базасына алмаштырылып, учурда Душанбе жана Бохтар шаарларында жайгашкан.

Демек, бул тасма 2003-жылга чейин тартылган.

Жыйынтык: фейк. Афган согушкерлеринин Исфараны көздөй жөнөгөнү тууралуу тасма – фейк.