Билим министринин милдетин аткаруучу Мамбетакуновдун алкокомпаниясы бар. Өмүр баянына сереп

Президент Садыр Жапаров Билим жана илим министринин милдетин аткаруучу кылып Уланбек Мамбетакуновду дайындады. Анын талапкерлиги парламенттин бекитүүсүнө сунушталат.

Factcheck.kg редакция билим министринин милдетин аткаруучунун өмүр баянын карап чыкты.

Уланбек Мамбетакунов быйыл мартта билим жана илим министринин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин Билим жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болгон.

Көп жылдар Кыргызстандын жана Казакстандын университеттеринде иштеген. Ошондой эле ал алтымыштан ашык илимий макалалардын жана 4 монографиянын автору, кыргыз мектептери үчүн 8-класс окуучуларына эсептелген жаңы “Физика” китебин жазып чыккан.

Мамбетакунов “Жаратман Эл” саясий партиясынын мүчөсү болгон. Аталган партия 2020-жылы парламенттик шайлоого катышарын билдирген, бирок кийинчирээк катышуудан баш тарткан.

osoo.kg сайтынын маалыматтары боюнча, Мамбетакунов бүгүнкү күнү “Барс Трейд Компани” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Ал 2020-жылы негизделген. Фирма “алкоголдук жана башка суусундуктарды дүңүнөн сатуу” менен алектенет. 2021-жылы компания 200 миң сомдон ашык салык төлөгөн.

Ошондой эле Уланбек Мамбетакунов “Кулпун-Ай Эко” ЖЧКсынын да негиздөөчүсү. Компания «башка жашылча-жемиш, коон-дарбыздарды, тамыр жемиш жана жемиш тамырдуу өсүмдүктөрдү жана алардын уруктарын өстүрүү» менен алектенет. Ал 2016-жылы негизделген. Белгилей кетүүчү нерсе, компания 2019-жылдан бери салыктарды төлөбөй калган.

Эскерте кетсек, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматчыга “өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга” тыюу салынат.

Тыянак: Уланбек Мамбетакунов ичимдик саткан жана кулпунай өстүргөн 2 компаниянын негиздөөчүсү болуп эсептелет. Коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүү “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын нормаларына каршы келет.