Видеочек: Чолпон-Атанын үстүндө БУО – чынбы же калппы?
Блогер Aslan Чолпон-Ата шаарындагы метеостанциянын үстүндө абада калкып турган белгисиз учуучу объектинин (БУО) видеосун Instagram жана Tik-Tok коомдук тармактарына жайгаштырган. Автордун айтымында, ал iPhone 15 pro max смартфонуна тартылган. Бир нече күн аралыгында видеону көрүүнүн санын Tik-Tok’то 4 миллионго, ал эми Instagram’да 1 миллионго жеткен. Жалпысынан видеого 14 миңден ашык пикир калтырылган. Видео ал эмес казак сайттарында да жарыяланган.
Көрүүчүлөрдүн көбү видео калп деген пикирде болгону менен, анда тартылган нерсени чын көрүп, БУО жакшы сапатта тартылганы үчүн авторго ыраазычылыктарын билдиргендер да болгон. Ушуга байланыштуу Factcheck.kg редакциясы блогер Аслан чынында эмне жарыялаганын аныктап чыгууну туура көрдү.
Видеону текшерип жатып видеофейкти жасоого негиз боло алган окшош видеороликтерди же фотосүрөттөрдү табыш керек, же анын чындыгын далилдеш керек. InVID онлайн кызматы видеону кадрларга бөлүштүрүп берет, андан кийин аларды сүрөт боюнча артка издөө үчүн колдонсо болот же ар бир кадрды тыкыр изилдеп чыгуу зарыл.
Бул видеонун өзгөчөлүгүнө байланыштуу БУОну жана анын айланасындагы объектилерди – тоону, метеостанцияны бири бири менен салыштыруу кыйынчылыкты жаратат, анткени тоо да, метеостанция да, белгисиз учуучу объект да бардыгы боз түстө. Бирок сүрөттү бир аз чоңойткондо айрым айырмачылыктар байкала баштайт: боз түс бардык жеринде бирдей болбогондуктан тоо капталынын жана метеостанциянын сүрөтү «көлөмдүүлүгүн» жоготокон эмес, ал эми БУО тууралуу минтип айта албайбыз. Ал өтө чоң жана көлөмдүү болгондуктан айрым деталдар бөлүнүп байкалып турушу керек эле.
Скриншот боюнча артка издөө көрсөткөндөй, Чолпон-Атанын үстүндө абада калкып турган объект «№9 району» (District 9) тасмасындагы космос кораблине окшошуп кетет.
Карааны жана айрым деталдары окшош.
Артка издөө көрсөткөндөй, Асландан башка эч ким Чолпон-Атанын үстүндөгү БУОну байкаган эмес. Же башка сүрөттөр, же башка видеолор жок, коомдук тармактарга да эч ким эч нерсе жазган эмес. Бирок ошол эле кезде азыр Чолпон-Атанын калкы 10 миң адамдан ашат, ага кошумча бир топ эс алуучулар да бар. Мындай объектини көрбөй калуу мүмкүн эмес эле.
Учурда ал эмес смартфондор үчүн ар түрдүү визуалдуу эффектилерди (VFX) жарата алган толтура тиркемелер бар. Ошондуктан БУОсу бар мындай видеороликтерди жаратуу кыйынчылыктарды жаратпайт.
Тыянак: калп. Видеофейк үчүн «№9 району» (District 9) тасмасындагы космос кораблинин скриншоту колдонулган.



