Бай америкалыктар балдарын математикага советтик окуу китептерин колдонуп окуткусу келеби? Текшеребиз

Mixed race teacher examining girl in maths.Back to school concept

АКШда “советтик математикага” кызыгуу өсүүдө деген маалыматтар коомдук тармактарда жана мессенджерлерде таркатылууда. Капчыгы калың америкалыктар балдары англис тилине которулган советтик окуу китептери менен окутулушун каалашары айтылат. Алардын пикиринде, математикага үйрөткөн советтик ыкмалар алдыңкы жождорго өтүүгө жардам берет.

Factcheck.kg редакциясы маалыматтын аныктыгын текшерди.

Бул жаңылык көптөгөн орус тилдүү булактарда жарыяланганын аныктадык. Ошол эле кезде алардын бардыгы The Times басылмасынын бир макаласына шилтеме кылышат.

“Советтик окутуу программасы боюнча математикага үйрөтүү америкалык ата-энелердин арасында популярдуу болуп бара жатат, алардын пикиринде, бул алардын балдарына жогорку окуу жайларга өтүүдө артыкчылык берет. Бул окутуу программасын сунуштаган компаниялардын билдирүүсүндө ал «сынчыл ой-жүгүртүүнү жана абстрактуу принциптерди колдойт»”, – деп жазат The Times.

Бирок буга чейин бир жума мурда башка басылма The Wall Street Journal (WSJ) америкалык ата-энелер балдарынын математикалык билимин толукташ үчүн башка эл аралык альтернативаларды издеп жаткандарын, алардын арасында сингапур жана орус математкасын караштыргандарын айтып чыккан. Бирок WSJ дагы орусиялык окутуу методикасы темасына биринчилерден болуп кайрылган эмес. 2018-жылы ата-энелер үчүн DFWChild журналынын сайтында популярдуу болуп бара жаткан орус математика мектеби тууралуу макала жарыяланган болчу. Азыр бул материалды 2022-жылы жаңыланган түрүндө окуса болот.

The Wall Street Journal жана The Times өз макалаларында орус математикасын окуткан эки эң ири мектепти келтиришет – маалыматтар базасында 400гө жакын студенттер бар, алардын 80и учурда иштеп жаткан Russian Math Tutors жана Russian School of Mathematics.

Аталган экинчи компания, Орус математика мектеби, Массачусетсте 1997-жылы Беларустан жана Украинадан келген иммигранттар тарабынан негизделген. Учурда анын 70 филиалында 60 миң студент окуп жатат. Сабактан сырткаркы бир сааттан узагыраак убакытты алган жана эксклюзивдүү окутуу программасы колдонулган чакан топтордогу окутуулардын баасы жылына 2 миң доллардан 3 миң долларга чейин.

Russian Math Tutors мектебинин негиздөөчүсү Александр Кольчинский аларда окуган студенттердин аздыгын алардагы окутуу программасы таланттуураак балдарга эсептелгени менен жана Орус математика мектебинен татаалыраагы менен түшүндүрөт.

Эки мектептин окутуу принциптеринде чоң айырмачылыктар бар. Кольчинскийдин пикиринде, жеке сабактарга катышканда гана чоң ийгиликтерге жетсе болот. Орус математика мектебинин вице-президенти Маша Гершмандын айтымында, тескерисинче, аларда колдонулуп келген чакан топтордогу окутуу гана жакшы түшүнүүгө жана билимди сапаттуу өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.

Орусиянын Украинага кол салышы орус мектептерине таасирин тийгизбей койгон жок. Мисалы, өткөн жылы Кольчинский “Математика боюнча орус репетиторлору” деген мектебинин аталышынан “орус” деген сөздү алып салып, компанияны BYOM (Build Your Own Math) деп атасамбы деп ойлонуштурган. Бирок “орус математикасы” деген термин боюнча Google’дагы издөөнүн жыйынтыктары согушка карабай өзгөрбөгөнүн көрүп, ал бул оюнан кайткан. Гершман айымдын айтымы боюнча, алардын мектебинин ыкмасына суроо-талап өзгөргөн эмес. Ал эмес былтыр алар филиалдарын дагы алты аймакта ачышкан.

Тыянак: чындык. Орусиялык (орус, советтик) математика мектебине суроо-талап Америкада чоң, өзгөчө капчыгы калың америкалык ата-энелердин арасында.