Индияда «сабалган» мусулмандар тууралуу тасманы текшеребиз

Социалдык тармактарда ур-токмокко алынган адамдар тууралуу тасма жарыяланды. Видеонун мүнөздөмөсүндө мусулмандар Индиядада сабалды деп айтылат.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/3180371740cb0c4c6776e1a7333c29e8d531779d.png?resize=640%2C390&ssl=1

Factcheck.kg видео качан жарык көргөнүн жана анда кимдер тартылганын териштирди.

Алгач тасмадан бир кадр алып, ал аркылуу издөө салабыз.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/271968fb78fe78d3ee392d45affb7a3dd6382545.png?resize=514%2C356&ssl=1

Биринчилерден болуп 2019-жылдын 17-декабрында жүктөлгөн ютуб порталындагы шилтеме ачылат. Бирок, анда экрандан бөлөк тасма  тартылганын көрсө болот.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/0eacd83dc3e53d0a6e8af088683617c0dc3c9aad.png?resize=640%2C424&ssl=1

Биринчи кадрда тиешелүү аккаунттун Фейсбуктагы баракчасын табабыз жана видео кеминде 2 жыл мурун же 2018-жылдын 7-январынан кеч эмес жүктөлгөнүн аныктайбыз. Жогорудагы маалымат аркылуу соц. тармактагы тиешелүү постту табабыз.

Андан соң, тасма кай жерде тартылганын аныктап билүүбүз зарыл.

Видеодогу полиция кызматкерлеринин кийиминдеги жазууга көңүл бурабыз.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/80bfb9e7629268b9aef03529b3c10e68d327a830.png?resize=239%2C474&ssl=1https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/3ac0204b17e04b8cba99da7ea328600e335d7c5d.png?resize=219%2C474&ssl=1https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/8c695d6e094c19b33d7d95e8524f0cab71c01e93.png?resize=315%2C474&ssl=1

RAB деп издөө салсак, Rapid Action Battalion — Бангладештеги кылмыш менен күрөшүүчү атайын элиталык кызмат экенин аныктап чыгабыз.

Тасмадан дагы бир кадр алып, издөө салсак, анын качан жана кай жерде тартылганын толук биле алабыз.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/c14cde31a116851717a4e4084ffcca1cbd4237fd.png?resize=420%2C310&ssl=1

Сол тарапта тасмадан бир кадр, ал эми оң тарапта полиция рейдинин жыйынтыгын чагылдырган көрүнүш. Рейд 2013-жылы Даккада Hifazat-e-Islam Bangladesh исламисттик тобуна каршы жүргөн.

Убагында бул окуя тууралуу BBC кабарлаган.

Жыйынтык: Фейк. Тасма Индияда эмес, Бангладеште 2013-жылы  рейд учурунда тартылган.