АКШда коронавирустун жаратуучусу камакка алынды деген маалымат — жалган

Чарльз Либер башка айып менен кармалган.

 

“Covid-19 вирусун иштеп чыккан деп шектелген адам кармалды. Бул адам вирусту Кытайга өткөрүп бергендиги кабарланууда. Бул маалыматты АКШнын Адилет министрлиги Американын телеканалдарынын биринде эфир учурунда билдирди. Бул иш боюнча шектүү Чарльз Либер Гарвард университетинин Биология жана химия кафедрасынын башчысы кызматын ээлеген. Белгилүү болгондой, илимпоз Ухань университети менен келишими, ага ылайык биолог жаңы вирусту изилдөө менен алектенген. Илимпоз Гарварддагы офисинде камакка алынган”, – деп кабарлашкан ММКлар.

Factcheck.kg  бул маалыматты текшерип көрдү.

Ачык булактардан алынган маалыматтардан Чарльз Либер чындыгында илимпоз экендиги белгилүү болду жана ал 2020-жылы январда камакка алынган, бирок коронавируска байланыштуу эмес.

Researchgate профилиндеги маалыматтар боюнча, анын эң акыркы иши дене жана мээдеги нейрон тармактарын изилдөө үчүн нанозымдарды колдонууга байланыштуу болгон.

“Чарльз Либер Кытай өкмөтү менен байланышын айтпагандыгы үчүн камакка алынган үчөөнүн арасында болгон. Бул тууралуу CNN ушул жылдын 28-январында билдирген.

Чарльз Либер медициналык институттардан жана АКШнын Коргоо министрлигинен каржылык жардам алгандыктан, ал чет өлкөдөн каржылоо алынгандыгы жөнүндө кабарлашы керек болчу. Прокурордун маалыматы боюнча, Чарльз Либер Ухань технологиялык университети менен окумуштууларды тартуу максатында түзүлгөн

кытайлык таланттарды тартуу боюнча программа боюнча келишим түзгөн”, – деп жазган CNN.

Америкалык ЖМКлардын маалыматына ылайык, Чарльз Либер кытай окумуштуулары менен биргеликте, “электромобильдерге арналган нанозымдардын негизинде жогорку натыйжалуу литий-иондук батареяларды изилдөө жана иштеп чыгуу” иликтеген.

Бир нече чет өлкөлүк фактчекинг ресурстары (republicworld.com, indiatoday.in ж.б) бул калпты ачыкка чыгарган.

Жыйынтык: фейк. Чарльз Либер коронавирусту иштеп чыккан эмес. Ал нанозымдардын негизинде автоунаалар үчүн батарейкаларды жасоо менен алектенген.