Грета Тунберг кытай элин таякчалардан баш тартууга чакырганбы? Текшеребиз

Грета Тунберг дүйнө жүзүндө өтө популярдуу болгондуктан, анын ар бир элге кайрылуусу резонанс жаратып турат. Айрым учурда экоактивистканын атактуулугу фейк маалыматтын жаралышына  да себепкер болуп калат. Гретага таандык делген айрым сөздөр чындыкка коошпогону менен жана ал сөздөрдүн келип чыгуу себептери белгисиз болуп турганы менен, интернет колдонуучулар алар менен активдүү бөлүшүп келет.

Маселен, март айынын башында социалдык тармактарда Грета Тунбергдин кытай элине кайрылуусу тууралуу маалымат тараган. Ал бак-дарактарды сактап калуу максатында кытай таякчаларын колдонуудан баш тартууга үндөгөн деп айтылат.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/9c8952428fa34435a2424c57e3207774a2f012c3.png?resize=576%2C646&ssl=1

Айрым колдонуучулар маалыматтын анык экенине күмөн санап, аны тамаша катары кабыл алганы менен, көпчүлүк Гретанын кайрылуусун чындыкка айлантты.

Factcheck.kg, адаттагыдай маалыматты текшерип көрүүнү чечти.

«Грета Тунберг палочки» деп  Google же Yandex системаларынан издесек, жалаң орус тилдүү көңүл ачуучу сайттарга туш болобуз. Алардын бири да маалымат булагына шилтеме жасап, макалаларында кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес.

Маселен,  grimnir74 аттуу колдонуучунун livejournal сайтына жазган макаласында маалымат булагы катары башка fishki.net сайтын көрсөткөн. Ал жерде мурдагы макалага куюп койгондой окшош жаңылык жарыяланып, анын автору маалымат булагы катары  sm-news сайтын көрсөтөт. Бирок бул шилтеме боюнча Грета Тунберг жөнүндө эмес, кургатылган өрүк кошулган салаттын рецеби жазылган.

Издөөнү англис тилинде улантабыз. «Greta Thunberg chopsticks» деген башкы сөздөрдү терип, издесек, аракетибиз оңунан чыккан жок. Бир гана Quora сайтындагы “суроо-жооп” бөлүмү табылат. Анда аноним колдонуучу Гретанын кайрылуусу чын экенин тактап берүүнү өтүнгөн. Бирок жооп берүүчүлөрдүн бири да маалыматты тактай алган эмес.

Демек, англис тилдүү сайттарда Гретанын кытай элине кайрылуусу тууралуу эч кандай маалымат жок. Болгону бир гана колдонуучунун Quora сайтына жазган суроосу катталган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/4d41822ebffda4971035c9b541de97f60aec07cd.png?resize=640%2C442&ssl=1

 

Ал эми «Greta Thunberg china» (Грета Тунберг Кытай) деп издөө сала турган болсок, South China Morning Post жана Asian Review аттуу жаңылык сайттарына туш болобуз. Анда кытайлык интернет колдонуучулар Гретанын пикири менен макул эмес экени айтылат. Алардын айтымында Грета курулай сүйлөйт, анын табигат үчүн күрөөшүүчү ыкмалары натыйжасыз. Мындан тышкары, matters маалыматына ылайык, Гретанын 2019-жылдын сентябрь айында климатты өзгөрүүгө багытталган саммитте сүйлөгөн сөзүн кытайлык кодонуучулардын көбү сын менен кабыл алган.

Ал эми Грета Тунбергдин кытай элине кайрылуусу тууралуу маалыматты бир да расмий булактан же пресс-релизден таба алган жокпуз.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/7d190285a8ac059a1dcffd489b189cffea73a053.png?resize=477%2C664&ssl=1

2020-жылдын январь айында кытай интернет айдыңында Грета Тунбергдин Кытайга сапар алары тууралуу маалымат тараган. Бул тууралуу алгач Kyodo News япон басылмасы Гретанын интервьюсунун негизинде кабарлаган. Бирок анда кытай таякчалары тууралуу кеп козголгон эмес.

Guancha аттуу кытай маалымат агенттиги Грета көбүн эсе Европа өлкөлөрүн сынга алып келгенин жана Кытай анын көңүл сыртында калганын жазып чыккан.

2013-жылы Daily Mail агенттиги Кытай тамак-ашта колдонулуучу таякчалар үчүн көптөгөн бак-дарактарды жок кылганы тууралуу кабарлаган. Бул макала кытайлык интернет колдонуучулар арасында чоң резонанс жараткан.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/cc5e84f59d7c214ce023248b5160786f51de2f74.png?resize=640%2C842&ssl=1

Мындан тышкары  Твиттер социалдык тармагынын Кытайдагы аналогу болгон Weibo аттуу тармакта Гретанын 2019-жылкы саммитте сүйлөгөн сөзүнүн видеосун тапса болот. Анда  кыздын сөзү алмаштырылган. Ролик 2020-жылдын январь айында жүктөлгөн. Тасманын баштемасы төкөнкүдөй: «Щвециялык экоактивистка кытай элин кытай таякчалары менен колдонуудан баш тартууга үндөйт». Бирок маалыматты тастыктоочу бир да далил келтирилген эмес.

Жыйынтык: Фейк.  Грета Тунбергдин кытай элине кайрылуусунун далили жок. Кытай таяктарынан баш тартууга арналган маселе бир гана жолу, 2013-жылы Daily Mail басылмасында көтөрүлгөн.

Фейк маалымат Гретанын Кытайга болгон сапарынын алдында пайда болду. Мындай иш-чара атайын жасалып, коомук пикирди манипуляциялоого багытталат. Ал кытай элинде  Гретага карата терс пикирди пайда кылуу үчүн жаралып, көбүн эсе россиялык сайттарда жазылып, кеңири жайылган.