(Кыргыз) Саякатчы чымчык. Фотомонтажбы же чындыкпы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Коомдук тармактарда кызыктуу сүрөт таркатылууда. Анда чоң жырткыч куш бир бутакты кармап учуп баратат, ал эми бутакта болсо кичинекей чымчык отурат. Сүрөткө түшүндүрмөдө фотосүрөтчү Джоселин Андерсен бакачы (скопа) кармаган бутакка кара чыйырчык отуруп алып саякаттап баратканын тартып алганы айтылат.

Сүрөткө жазылган пикирлерге көңүл бурсак, көбү бул сүрөткө ишенбегендиги байкалат. Алардын пикиринде, бул начар жасалган фотомонтаж.

Factcheck.kg бул сүрөттүн тартылышын иликтеп көрдү.

Биз аныткагандай, сүрөт жасалма эмес, Jocelyn Anderson деген фотосүрөтчү да бар. Ал куштарды тартууга адистешет. Анын сайтынан талаш-тартышты жараткан сүрөттү көрсө болот, ал эмес каалоочулар аны сатып да алышат. Ушул сүрөт Джоселиндин Инстаграмдагы баракчасына да жайгаштырылган. Бул баракчадан негизинен чымчыктар тартылган үч жарым миңге жакын кызыктуу сүрөттөрдү тапса болот.

Сүрөттө чын эле бакачы тартылган, а бирок бутакта кара чыйырчык эмес кызыл канаттуу чыйырчык отурат.

Сүрөттөгү көрүнүш чынеле ушунчалык таңгалычтуубу? Жок, андай эмес.

Кызыл канаттуу чыйырчык – өзү жердеген аймакты катуу кайтарган, ага эч кимди жолотпогон чымчык болот. Ал карга, сагызган сыяктуу өзүнөн да чоң куштарга, ал эмес жырткыч куштарга, көк кытанга кол салат, эгер алар анын аймагына кирип кетишсе.

Ошондуктан чыйырчыктын өзүнөн чоң куштар менен чогуу түшкөн фотосүрөттөрү аз эмес.

Джоселин Андерсендин дагы бир сүрөтүндө чыйырчык кызыл куйрукту кубалап жатат.

Андерсендин башка сүрөтүндө чыйырчык учуп бараткан көк кытандын үстүндө отурат.

Учуп бараткан бакачынын үстүнө отурууга аракет кылган чыйырчыктын фотосүрөтү 2015-жылы куштарга арналган Одюбон белгилүү фотосынагында сыйлыкка татыган.

Иыянак: чындык. Кызыл канаттуу чыйырчык анын аймагына кирип кеткен андан чоңураак куштарды ушуга окшоп “коштогон” учурлар сейрек эмес.